Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Азаттыктагы” маегинде жаңы окуу жылынан тарта мектептерде жан башына каржылоо системасы жоюларын, сабактардын саатын кыскартуунун экинчи этабы болбой турганын билдирди.

“Азаттык”: Мектептердеги жан башына каржылоо системасы коомчулукта талкуу жаратууда. Бул системага өтүүгө кандай зарылчылык болду?

Садыков: 2007-жылдан тарта бул система пилоттук долбоор катары Чүйдө башталып, анан Баткенде уланып, былтыртан тарта ага Бишкек менен Ош шаар мектептери өткөн. Бирок сын пикирлер көп айтылып жатат. Алардын арасында туура да, туура эмес түшүнгөнү, жүйөлүүсү да, жүйөсү жогу да бар.

Мектептерде бир топ каражат коммуналдык чыгымдарга кетип жатат жана мектептерде штаттар көбөйүп кетти деген шылтоо менен ачылган. Ушундай тенденция бар экенин статистика да көрсөткөн. Үнөмдөлгөн акчаларды кайра билим берүү тармагына алып, мугалимдерге кошумча айлык болот деген максатта жасалган иштер.

Бирок биздин анализ боюнча, ошол үнөмдөлгөн каражат биздин системага кайра түшпөйт экен. Анткени жан башына каржылоо болобу, же болбосо категориялык грант деген каражатпы, түз эле айыл өкмөттөрүнүн бухгалтериясына түшүп, ошол аркылуу каржылоо болуп, андан сырткары Каржы министрлиги да өзү эсептеп эле үнөмдөлгөн каражат кыскарып калууда.

Азыр биз каржылоону кандай жүргүзүү керектигин тактап жатабыз. Билим тармагына берилген каражаттар биздин министрлик аркылуу башкарылышы керек. Ошондуктан айыл өкмөттөрүндө эмес, борборлоштурулган бухгалтерияларды кайра түзүп, айрыкча маянага болчу каражаттарды колго алышыбыз керек. Азыр токтом даярдалып жатат. Бул система бардык регионго бирдей киргенине байланыштуу жан башына каржылоо өзүнөн өзү жоюлат.

“Азаттык”: Бул жан башына каржылоо системасынан биротоло баш тартат дегенди билдиреби?

Садыков: Ооба, биз ушул жылдын сентябрь айынан тарта каржылоону өз колубузга алгандан кийин нормативдик бюджеттик системага өтөбүз. Үнөмдөлгөн каражатты мугалимдердин айлыгын он пайыз көбөйтүп, стимул берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Тоолуу аймактарда үч-төрт чакырым жөө барып мектепте окуу кыйын. Айрыкча кышында кар калың жааганда, жолдо ит-куш көбөйгөндө ата-энелер өздөрү эле жибербей калат. Нарында 5 чакырым алыс жактан келип окуган айылдар бар. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы бул балдарга окуганга шарт түзүп, мектеп салып беришибиз керек. Ошол айылдагы болочоктогу демографиялык жагдайды эске алуу менен мектеп салышыбыз керек.

"Саат кыскарат, сапат артат"

“Азаттык”:
Мектептерде окуу сааттарын кыскартуу маселеси да коомчулукту кайдыгер калтырган жок. Айрым адистер бюджеттин тартыштыгынан ушул кадамга барып жатышат деп тыянак чыгарууда. Сааттарды кыскартуунун негизги себептерин атайсызбы?

Садыков: Мурунку жылдары эл аралык PISA сынагында биздин көрсөткүчтөр абдан төмөн болгон. Анын ичинде математика, окуп-түшүнүү боюнча көрсөткүч начар болгон. Анализдесек, бизде окуу сааттары абдан көп, башка мамлекеттерге салыштырмалуу 300-400 саатка ашык, бирок көрсөткүч абдан төмөн.

Биз механикалык жактан эле кыскартып салалы деген эмеспиз. Жумасына 7 жолу кирген сабактар бар экен. Ошондой сабактарды, балдарга кайра даярданганга, түшүнүп кабыл алганга убакыт болсун деп кыскартууга туура келди. Сабактарды кыскартууну каржылоо менен байланыштырууга болбойт. Биздин максат - сапатты жакшыртуу.

Кыскартуунун экинчи этабы деп токтомдор даярдалган. Биз ал документтерге өзгөртүү киргизип жатабыз. Ага ылайык, сааттарды кыскартууну токтотобуз. Аны жаңы типтеги окуу куралдарды даярдоо, сабак берүү ыкмаларын өзгөртүү, мугалимдердин билимин жогорулатуу менен алмаштырабыз. Этап-этабы менен, 1-класстан баштап оптималдаштырууга алып келебиз.

Сабактар кыскаргандан кийин азыр мектептердеги окуу китептер чар-жайыт болуп жатканын байкап жатабыз. Биз мунун баарын ирээтке келтиргенге аракет жасайбыз.

"Коррупция менен күрөшсө болот"

“Азаттык”:
Мектеп директорлору, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, жакында болсо институт ректору пара менен кармалып жатышат. Албетте жарыбаган айлык алган киши аргасыздан алса керек. Мисалы, кээ бир күркүлдүн түшкү тамагына корогон өлчөмдө айлык алган алган окутуучулардын абалын да түшүнсө болот. Ушундай шартта коррупция менен кантип күрөшүүгө болот?

Садыков: Коррупцияны азайтуунун жолдору бар. Мыйзамдуу жолдору бар. Мыйзамдагы нормалар бири-бирине туура келбей, жылчыкчалар болуп, коррупцияга жол ачылып жатат. Мисалы, азыркы мыйзамда мектепте 1-9-класстын окуучуларын өзү толук камсыз кылат деген норма бар. Бирок бул норманы аткаруу азыркы күндө мүмкүн эмес. Мамлекет бөлгөн акча жетпегенине байланыштуу мугалимдер ата-энелерден кошумча акча талап кылып жатат. Бирок ошол мектеп жетекчилери ошол алган акча каякка, кантип корогону тууралуу ачык-айкын маалымат бере албай жатат. Коомчулукта мына ушул чоң талкууларды жаратууда. Ошондуктан каражат жактан жардам берип жаткан ата-эне эми эмне кылса, ошол кылсын дебей, ошол акчасы каякка, кантип, качан жумшалганын активдүү көзөмөлдөп туруш керек.

Камкорчулар кеңеши тууралуу мыйзам чыкты. Ушул кеңештер аркылуу бюджеттик угууларды өткөрүп, каражаттын жумшалышын көзөмөлдөсө болот.
Жогорку окуу жайларда паракорчулукту азайтуу боюнча биз эки-үч кадам жасадык. Окууга тапшырып жатканда жалпы республикалык тестирлөөнү бюджеттик эле эмес, контракттык да орундар үчүн кирсин деген норманы 2 жылдан бери киргизгенден кийин ошондой көрүнүштөрдөн кутулгансып калдык.

Бирок системалуу түрдө сессия тапшырып жатканда, мамлекеттик экзамен учурунда, кайра окууга кирүүдө, бир университеттен экинчисине которулганда жоболор так эмес болгон үчүн, же болбосо ошол процедураларды ачык-айкын жасабай, 2-3 эле адамдын колуна түшүп калганына байланыштуу, студенттер жана ЖОЖ өкүлдөрү башка мыйзамсыз жолдорду издешери маалым.

Жакында эле ЖОЖдордун жетекчилери менен коррупция маселесин талкууладык. Мына жакында эле эки чоң окуу жайдын ректорлору пара менен колго түштү.

Университеттерде коррупция менен күрөш боюнча түзүлгөн формалдуу пландар иштебей жатат. Ошондуктан билимди баалоонун жаңы технологияларын бардык окуу жайларга жайылтышыбыз керек. Модулдук рейтинг система менен студенттер окуп атканда эле алган баасын убагында эсептеп, электрондук каттоого алып, ошол топтогон баллы менен эле окутуучу зачеткасын көтөрүп барбай эле баа алгандай болушу керек.

ЖОЖдордо ички тазалануу процесси жүрүш керек, буга окуу жай жетекчилери эле эмес, студенттердин өздөрү да кызыкдар болушу керек. Көпчүлүк коррупциялык элементтерди көп учурда студенттер өздөрү жаратат. Кээ бир студенттер сабакка келбей иштегенге мажбур экенин билебиз. Бирок же окууну, же ишти тандашы керек. Бардык дүйнөлүк билим берүү системасында иштеп, тиешелүү каражат топтоп алып окуусун улантат, же иштейт.

ЖОЖ көп, талап төмөн

“Азаттык”: Жогорку окуу жайлардын санын кескин кыскартуу процесси кандай жүрүп жатат?

Садыков: Азыр бул процесс токтоп калдыбы, министрлик эмнеге кескин чараларды көрбөй жатат деген суроолор пайда болушу мүмкүн. Атайын мыйзамдар болмоюнча, биздин бул аракеттерди студенттер жана окутуучулар мыйзамсыз деп кабыл алган учурлар болушу мүмкүн. Азыркы мыйзамга ылайык, окуу жайларды ирээтке келтирүүнүн бир гана жолу бар – ал аттестация жана аккредитация. Мамлекеттик аккредитацияда окуу жайдын статусуна, ишине баа берилет, ошого жараша токтотулат, өзгөртүлөт же уланат.

Окуу жайлар көбөйүп кеткен маселеден сырткары, ошол билим берүү мекемелери өздөрүнүн миссиясынан өзгөрүп кеткени болуп жатат. Аймактык ЖОЖдор ошол аймакка керектүү техникалык жана педагогикалык кадрларды даярдашы керек болчу. Алар болсо эл аралык байланыш, укук таануу, юриспруденция, экономика деген адистиктерди каражат табуу үчүн эле киргизип алышкан.

Азыр биздин максат - ошол окуу жайларды профилдештирүү. Лицензиялык нормага туура келбеген адистиктерди токтотуу. Өткөн жылы биз 70тен ашык лицензияны токтоттук. Андан сырткары дагы 52 лицензияны бергиле деп кайрылганда, бул силердин багытыңарга туура келбейт деп берген жокпуз.

Андан сырткары азыр бакалавр жана магистр деңгээлине өтүп жатканына байланыштуу кээ бир ЖОЖдордо бакалавр гана окуу программалары калат. Ал эми ири, окутуучулук-профессордук курамы чоң, илимий потенциалы күчтүү 14-15тей гана университетте магистратураны, андан аркы деңгээлди окууга болот. Ошондуктан алардан башка кээ бир окуу жайларда магистрдик лицензиялардын мөөнөтү бүтүп жатат, эми алар узартылбайт жана берилбейт. Ал эми сырттан окутуу системасы болсо жашырбай эле ачык айтуу керек, диплом сатуу, акча табууга эле айланып калган. Биз жакта да реформа жүргүзүп жатабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG