Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Кара-Суу районундагы Кожокелен айылында окуучулар кыштын күнүндө боз үйдө билим алышууда. “Азаттыктын” суроолоруна билим берүү боюнча адис Кеңешбек Сайназаров жооп берди.

“Азаттык”: Кожокелен айылында 300гө жакын бала кыштын кычыраган суугунда боз үйдө билим алып жаткан экен. Жаңы мектеп бери дегенде үч жылдан кийин даяр болот дешти. Кыргызстанда дагы канча мектеп авариялык абалда турат? Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

Кеңешбек Сайназаров: Бул бүгүнкү күндө Кожокелендин гана эмес, жалпысынан Кыргызстандын да көйгөйү деп айтаар элем. Мектептердин жараксыз абалга келиши 2012-жылдан бери көтөрүлүп келаткан маселелердин бири. Себеби, ошол мезгилде Кыргызстанда он мектептин ичинен тогузу авариялык абалда деп айтылган.

2011-жылдан 2013-жылга чейин ЮНИСЕФ иликтөө жүргүзгөн, ага жергиликтүү адистер да тартылган. Ошол иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда мектептердин 81%, бала бакчалардын 89% имараттары коопсуздук талаптарына жооп бербейт деген тыянакка келишкен.

Бүгүнкү күндө баарыбыздын эле балдарыбыз Советтер Союзунда курулган мектептерде билим алууда. Өкмөттүн чама-чаркы косметикалык ремонтко гана акча бөлгөнгө жетүүдө.

“Азаттык”: Мектеп ушинтип авариялык абалга келип же кулап калганча жүрө бербей, муну көзөмөлдөй турган адистердин тобун түзүү учур талабы болуп жүрбөсүн?

Кеңешбек Сайназаров: Жыл сайын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги семинарларды өткөрүп, өкмөт менен жолукканда ушул маселени коюп келет. Бирок бул маселени чече албай жатат. Өкмөттүн колунан келбей турган маселе деп айтам. Себеби, адистердин болжолдуу эсеби боюнча, мектептерди модернизациялап, жараксыз имараттын ордуна жаңысын курууга бери дегенде бир миллиард доллардан ашык акча талап кылынат экен.

“Азаттык”: Эгер өкмөттүн чама-чаркы келбей жатса балким чет өлкөлөрдөн жардам сурап кайрылуу керектир? Ушундай кырдаалда кол сунган уюмдар барбы?

Кеңешбек Сайназаров: Бул маселени чечүү үчүн эки-үч багытта иш жүргүзүү керек. Кыргыз өкмөтү Союз жоюлуп кеткенден бери жасай албай жаткан ишти моюнуна алып, чет өлкөлүк донорлорго, инвесторлорду издеген бир багыттагы иш жасашы керек.

Бир айылга мечит курам деген инвестор ошол жердеги мектептин кайсы бир бөлүгүн курууга милдеттендирилсе жакшы болот эле деп ойлойм.

Экинчи багыт – соопчулук, кайрымдуулук уюмдарга, фонддорго жеңилдиктерди берип, айтор кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү таап, сунуш менен чыкса жергиликтүү ишкерлер, кайрымдуулук фонддору буга кызыкмак.

Бүгүнкү күндө баарыбыздын эле балдарыбыз Советтер Союзунда курулган мектептерде билим алууда. Өкмөттүн чама-чаркы косметикалык ремонтко гана акча бөлгөнгө жетүүдө.

“Азаттык”: Билим берүү министрлиги форма, китеп маселесин гана сөз кылып, мектеп имараттардын абалы жөнүндө проблемаларды көтөрүп чыккан учурлар аз. Балким приоритеттерди карап чыгуу керектир?

Кеңешбек Сайназаров: Ооба. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө билим берүү системасы абдан эле туңгуюкка кептелип калды. Китебине көңүл бурсаң, мугалимдин айлыгына акча жетпейт. Мугалимдин статусун карайын десең, окуучуларга мектеп жетпей кала тургандай кырдаал түзүлүп, өкмөттүн шаштысын алып жатат.

“Азаттык”: Мечит менен мектептерди бири-бирине карама-каршы койгубуз келбейт. Бирок мектептерге караганда мечиттер көп курулуп жатканы маалым. Эмне үчүн мечитке табылган акча мектепке табылбайт?

Боз үйдө билим алган балдар

Боз үйдө билим алган балдар

Кеңешбек Сайназаров: Мен буга баа бергим келбейт. Бирок көңүлүңүздү мечиттердин курулуш динамикасына бурат элем. Мисалы, Союз жоюлуп жатканда Кыргызстанда канча мечит бар эле, азыр канча мечит курулду? Ошол эле учурда акыркы мезгилде мечиттер жогорку стандарттарга жооп бергендей курулуп жатат.

Араб өлкөлөрүнөн инвесторлор мечит курабыз деген тилек менен келатпайбы. Балким бир айылга мечит курам деген инвестор ошол жердеги мектептин кайсы бир бөлүгүн курууга милдеттендирилсе жакшы болот эле деп ойлойм.

“Азаттык”: Кожокелен айылындагы маселени чечүүнүн кандай жолдорун көрүп турасыз? Мисалы, жер силкинген учурларда бат эле мобилдик үйлөр менен камсыздап жатпайбы. Боз үйгө караганда мобилдик имараттарды жеткирүү жагын колго алса болбойбу?

Кеңешбек Сайназаров: Туура айтасыз, жер титирөө болгондо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элге жардам берип, чатыр, контейнер жеткирип жатпайбы. Балким контейнерден жасалган кенен курулган класстар тууралуу да маселени өкмөттүн деңгээлинде көтөрүш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG