Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Кыргызстанда бийлик билим берүүгө маани бербегенин өлкөдөгү мектептер менен окуу китептердин акыбалынан улам түшүнүүгө болот. Мындай пикирин билим берүү боюнча адис Кеңешбек Сайназаров “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

"Азаттык": Өкмөт мектептердин курулушуна бөлүнгөн 1,2 млрд сомду Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна жумшап жибергени Кыргызстанда балдардын билим алуусуна караганда оюн-зоокко көбүрөөк көңүл бурулат деген пикирлердин жаратты. Анткени, жол Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата шашылыш бүткөрүлгөнү белгилүү. Сиз буга кандай баа бердиңиз?

Сайназаров: Ачыгын айтсам, бул көрүнүшкө мен таң калган деле жокмун. Анткени, мындай мамиле буга чейин деле болуп келген. Болгону бул ирет жолдун курулушуна сарпталган акчанын көлөмү чоң суммада болгону үчүн коомчулуктун назарына илинип калды окшойт. Экинчиден, Көчмөндөр оюнуна сарпталган акчанын кайдан келгенине кызыккан суроолордун көбөйгөнү да мектептердин курулушуна бөлүнгөн каражаттын жолдун курулушуна жумшалып кеткенин ачыкка чыгарып койду. Мектеп, китепке жасалган мамиле башынан эле ушул абалда. Мисалы, окуу китептери тууралуу маселени мен өзүм бир нече жолу парламенттик угууларда, бюджеттик талкууларда, профилдик комитеттердин жыйындарында көтөрүп эле келе жатам. Жыл башында “мына китеп чыгарабыз” деп каражат бөлүнөт, бирок ал акча жаңы окуу жылы башталарда эле кандайдыр бир себептер менен жок болуп кетет.

Мисалы, 2011-жылы ЮНИСЕФ менен Билим берүү министрлиги биргеликте мектептердин канчалык деңгээлде жарактуу-жараксыз экендигин аныктоо боюнча жүргүзгөн иликтөөдө Кыргызстандагы 80% мектептер окуганга жараксыз деген тыянак чыгарылган.

Мен Жогорку Кеңешке барып калганда, депутаттарга да “силердин өзүңөр 90% айылдагы мектептен окугансыңар, мугалимдерди сыйлайбыз деп айтасыңар, бирок неге силер тараптан олуттуу мамиле жок” деп айттым эле, жооп бере алышкан жок.

"Азаттык": Кыргызстандагы мектептердин басымдуу бөлүгү союздун тушунда курулган, эскилиги жетип, айрымдарына балдарды окутууга тыюу салынган. Бирок ошого карабай, андай мектептер иштеп жатканы белгилүү...

Сайназаров: Статистикалык маалыматтарга эле таянсак болот. Мисалы, 2011-жылы ЮНИСЕФ менен Билим берүү министрлиги биргеликте мектептердин канчалык деңгээлде жарактуу же жараксыз экенин аныктоо боюнча жүргүзгөн иликтөөдө Кыргызстандагы 80% мектептер окуганга жараксыз деген тыянак чыгарылган. Андан бери канча жыл өттү, бирок мектептердин курулушу курч маселелердин катарында кала берүүдө.

Мектептер 79% китеп менен камсыз болду дегенге азыр эч ким ишенбейт. Мектептерге барып карап көрсөңүз, китеп менен 34-35% гана камсыз болушкан.

"Азаттык": Китептер демекчи, өкмөт мектептерди китеп менен камсыз кылуу үчүн 136 млн сом бөлгөнүн маалымдоодо. Бирок бүгүнкү күнү мектептер окуу китептери менен 79% гана камсыз болгон. Биз жүргүзгөн иликтөөдө орус тилдүү мектептер колдонгон китептердин дээрлик 90% Орусиянын билим берүү академиясы тарабынан бекитилип, Орусияда чыгарылган китептер болуп чыкты. Анда биздин өкмөт бөлгөн акча кайда жумшалат деген суроо туулат?

Сайназаров: Албетте, бул жерде ар кандай жагдайлар болушу мүмкүн. Мектептер 79% китеп менен камсыз болду дегенге азыр эч ким ишенбейт. Мектептерге барып карап көрсөңүз, китеп менен 34-35% гана камсыз болушкан. Бул деген үч бала бир китеп менен окуп жатат дегенге жатат. Китептер кайдан гана чыкпасын, мында мугалимдердин окуучулар эптеп китеп окусун деген аракеттери жатат. Карап көрсөңүздөр, акыркы учурларда китептер чет жерден келген гранттардын негизинде чыгарылат.

"Азаттык": Мектептердин курулушун да ушул четтен келген донорлордун жардамы менен жандандырууга болобу?

Сайназаров: Мектептерди чет элдик донорлордун акчасы менен бүтүрүү кыйыныраак болуп калат. Себеби мектептин курулушу көп убакытты жана көп акчаны талап кылат.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG