Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:13

Жалал-Абад: Жарака мектеп, кооптонгон ата-энелер

  • Ырысбай Абдыраимов

Мектеп 1937-пайдаланууга берилген.

Мектеп 1937-пайдаланууга берилген.

Жалал-Абадда ата-энелер балдарынын элүү беш жыл мурда курулган эски имаратта окуусуна каршы болууда. Алар мектепти жаңылоо талабы менен өкмөткө, Жогорку Кеңешке жиберген кайрылуулары ушу убакка дейре аткарылбаганына нааразы.

1937-курулган облус борборундагы № 6 орто мектептин имаратынын маңдайында дале СССРдин герби турат. Мектептин каптал жана арткы шыбактарынан жарака кетип, пайдубалдары жерге чөгө баштаганы сырттан барган адамдын көзүнө дароо урунат. Жамгыр тынбаган күндөрү короону чөлмөк суу каптап калат экен.

Мектепке кире бериште дале СССРдин герби турат.

Мектепке кире бериште дале СССРдин герби турат.

Өткөн аптада шаардык билим берүү башчысы башында туруп, кире беришке туруп калган сууну автоунааларга сордуртуп чыгарышыптыр. Имараттын опурталдуулугунан чочуган ата-энелер көп жылдардан бери далай жерге кайрылган.

Алардын өкүлү Сапарбек Нуркулов андай кайрылуулардан жыйынтык чыкпаганда “Азаттыкка” даттанууга аргасыз болгондугун билдирди. Ал кырсык болбосун тилеп, кокус кырсык болсо окуучулар менен мугалимдердин өмүрүнө ким жооп берет деген суроо коёт:

- Бул мектептин дубалындагы жаракалар, чатырларын көтөргөн жыгачтардын кайкайып кеткендиги окуучуларга коркунуч туудурууда. Мектептин эскилиги эле анын кандай абалда экендигин айтып турат. Булардын жоопкерчилигин ким алат деген санааркоо менен ата-энелер балдардын тагдырына катуу тынчсызданып, кайгырып, басып жүрөбүз. Эгерде, кокус стихия болуп, жер титиресе, мектепте отурган балдар менен мугалимдерди басып калбаса экен деген ойдобуз. Жергиликтүү бийликтердин көп жерине кайрылып, оң тыянак чыккан жок. Ата-энелер дайыма кайрылган сайын жергиликтүү бийлик “Акча жок. Акча табылсын, анан куруп беребиз!”- дейт. Анда мектеп качан салынат?

Мектеп мугалими Замира Мадмарова башталгыч класстын окуучуларын шыптан кээде тамчы өтүп, дубалдарында жарака бар бөлмөдө окутат. Эскилиги жеткендиктен имарат жыл сайын капиталдык жактан ремонттолот. Замиранын айтымында жаратылыш газы жагылгандыктан мектеп ичи кышында жылуу болот. Бирок дубалдагы жаракаларды улутуна карайт:

- Эмне кылат элек? Эптеп иштеп атабыз. Кээ-кээде тамчы өтөт эле, эми быйыл оңдолуп, тамчы өтпөй калды. Мына, дубалдын жаракалары турат. Жылына ремонттойбуз, өкмөт акча бөлөт ремонтко.

Мектептин дубалындагы жарака.

Мектептин дубалындагы жарака.


Мектеп директорунун орун басары Айнагүл Сейдакматова окуучулардын олтургучтары менен үстөлдөрү да эскиргенин, жергиликтүү бийлик колунан келишинче жардам бергени менен имаратты жаңылоо маселеси каралбай келаткандыгын билдирди:

- Эки-үч жолу кайрылдык, каттарды жиберип атабыз. Жогорку Кеңешке жаздык, жардам болот бекен, жаңы мектеп куруп берсе жакшы болот эле деген ниетте. Бирок өкмөттөн жооп келе элек.

Бул имараттын ордуна жаңы мектеп куруу жагы каражаттын тартыштыгына байланыштуу создугууда. Облустук бийликтин бөлүм башчысы Ажимамат Исаевдин ырастоосунда, мектепте окуу опурталдуу экендиги тууралуу республиканын чукул кырдаалдар министрлиги 2003-жылы чечим чыгарган. Мектеп курулушун планга киргизүү жагы жакында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияга сунушталды:

- Ошол 2003-жылдан бери бул №6 орто мектепти титулга киргизүү бюджеттин тартыштыгнан өтө кыйынчылык болуп келген. Бүгүнкү күндө ошол мониторингдин мектепти капиталдык жактан оңдоо, окутууга кооптуу экендиги жөнүндө жыйынтыгы жетиштүү деп эсептейм. Мектепте окутууга кооптуу абал сакталып турат. Шаардын жергиликтүү бюджетинде ушул мектепти курганга каражат жок. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы мектепти 2012-жылдын планына киргизске керек деп ойлоймун.

Облустук бийликтен болсо облустун район-шаарларында быйыл 8 мектеп курулуп жаткандыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG