Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Олимпиада “барктуу” мектептердин бетин ачты


Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Нарын, Кочкор району. 2015-жыл.
Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Нарын, Кочкор району. 2015-жыл.

Быйылкы мектептер аралык республикалык олимпиада башталарында айрым ата-энелер, мугалимдер менен Билим берүү министрлигинин ортосунда пикир келишпестик чыкты.

Ата-энелер менен мугалимдер гимназия, лицей статусу бар мектептерде окуган балдар катардагы мектеп окуучулары менен олимпиадалык жарышка түшүүсү керек дешет.

2012-жылы гимназия, лицей сыяктуу айрым сабактар тереңдетилип окутулчу мектептердин окуучулары өзүнчө, катардагы мектеп окуучулары өзүнчө олимпиадада жарышсын деген жобо иштелип чыгат. Ага кошумча өткөн жылы декабрда дагы министр буйрук чыгарган.

Бирок ага карабастан, олимпиадага келген гимназия өкүлдөрү катардагы мектеп программасынын алкагында олимпиадага катышууну каалайт. Бишкектеги №67 мектеп гимназиянын окуучусунун аты-жөнүн айткысы келбеген апасы мындай деди:

- Кызым математика боюнча тереңдетилген билим алган эмес. Бир нече жылдан бери эле базалык тартип менен олимпиадага катышып келет. Өз-өзүнчө олимпиадалык жарышка түшөт дегенди мугалимдер да, башкалар да эскерткен эмес. Бул маселе кечээ, каттоодон өткөнү келгенде жаралды.

Статусу бар мектептин өкүлдөрү балдары катардагы мектептердин эле программасында олимпиадага даярданганын, сабактарды тереңдетип окутпаганын жүйө келтиришүүдө. "Андай болсо тереңдетип окутканы үчүн аларга бөлүнгөн 15% кошумча айлык кайда кетти?" дейт Билим берүү министрлигинин жетектөөчү адиси Фариза Солтокулова:

- Акчага келгенде баары жакшы, 15% кошумча айлык алышат. Ал эми олимпиадага келгенде катардагы мектептер менен кошо жарышабыз дегени таң каларлык.

Солтокулова жобону мугалимдерге, ата-энелерге жергиликтүү билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрбөгөнүн, натыйжада жуп олимпиада башталарда пикир келишпестик чыкканын айтууда. Ошентсе да, акыры он чакты статусу бар мектеп окуучулары базалык мектептер менен олимпиадага чогуу киргизилди.

Билим берүү жаатында адис Мурат Иманкулов мектептер түрдүү статусту алганы менен аны актабай жатканын, андай болсо аларды кайрадан катардагы мектептерге кошуу керектигин айтууда:

- 90-жылдары билим берүү тармагында көп түрдүүлүк киргизилип, лицейлер, гимназиялар ачылып кеткен. Мектептер өзүнүн баркын көтөрүү үчүн ошондой аталыштарды алган. Бул модага айланган болчу. Бирок олимпиадага келгенде алардын деңгээли талапка ылайык болбой жатат. Андай болсо алардын статусун алып, кайрадан катардагы мектептерге кошуу керек.

Иманкуловдун "буларга министрлик чара көрүшү керек" деген пикирин министрлик өкүлү Солтонкулова да кубаттап, эмки жылдан тарта олимпиада жободо жазылган эреженин негизинде гана өткөрүлөрүн эскертүүдө. Мындан тышкары, чалкештикке жол берилген башка да жагдайларды ирээттөөгө убада берди.

- Билим берүү мыйзамына ылайык, гимназиялар гуманитардык сабактарды, а лицейлер илимий-математикалык, так илимдерди тереңдетип окутушу керек. Ал эми жер-жерлерде тескерисинче, болуп, алмашып калган. Эми биз бул маселелерди колго алабыз.

Олимпиада жарышынын окуучулар, алардын ата-энесинин арасында олуттуу мааниге ээ болуп, кызуу талаш жаратышынын жөнү бар. Республикалык олимпиададан жеңген же 2-3-орунду алгандар айрым ЖОЖдорго бюджеттик орундарга жеңилдик менен өтүүгө, же эл аралык олимпиадаларга катышып, ал жактан чет өлкөлүк окуу жайларына окууга өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG