Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Мектеп: квитанциясыз кирбейсиң


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана макаладагы каармандарга тиешеси жок.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана макаладагы каармандарга тиешеси жок.

Айрым ата-энелер мектептин эсебине банк аркылуу тийиштүү акча котормоюн балдарды мектепке берүү оорлоп баратканын айтышууда.

Бишкектик ата-энелердин бири Бакыт Дыйкановдун экинчи кызы быйыл 1-класска кирди. Бакыт мырза бир чети кызынын мектеп босогосун аттаганына кубанса, экинчи чети акча талап кылынып жатканына нааразы. Ал мындан 3-4 жыл мурда улуу кызын мектепке киргизгенде 1200 сом берсе, бул жолу мектеп эсебине 2000 сом которду.

1-класска киргизүүнүн жаңыча шарттарын Бакыт Дыйканов мындайча ачыктады.

- Мектепке жазылалы деп барсак, керектүү документтердин арасында мектепти колдоо фондуна акча төккүлө деп эсеп-кысаптарын көрсөтүштү. Ушул эсепке 2 миң сом төлөп квитанциясын алып келесиңер деди. Эң кызыгы ошол квитанция болмоюн калган документтерди карап да койбойт экен. Эми мектеп келишиминде ар бир ата-эне көңүлдөн чыгарып салып кошсо болот деп жазылганы менен бизге канча акча төгөрүбүздү өздөрү айтышты.

Бакыт Дыйканов мектеп жардамга муктаж, бирок бардык ата-энелер төлөй ала турган сумма бекитилсе, ачык-айкындык болот деген ойдо.

- Эмнеге төгүп жатканыбызды сурасак мектептин керектөөлөрүнө деп айтышты. Мектептин кароолчусуна, пол сүрткүчтөргө, борго жана башка каражаттарга керектелет имиш.

Ата-эненин колун караган мектеп

Көптөгөн ата-энелердин айтымында, баш калаадагы №83 мектеп акча төлөмөйүн босогосун аттатпайт экен. Аталган мектептин мүдүрү Султан Калыгулов болсо, тескерисинче, мектеп фондуна ата-энелер өз каалоосу менен акча которуп жатат деп ишендирди.

- Биз ата-энелер менен чогулуш өткөрүп, мектеп фондуна өз ыктыярыңар менен көмөк көрсөтсөңөр болот деп айтканбыз. Баары эле макул болушкан. Чогулган акча мектеп кароолчусуна, тазалык кызматкерлеринин айлыгына кетет. Мындан сырткары класс жетекчилердин айлыгына да кошуп беребиз. Антпесе алардын айлыгы өтө аз. Кароолчулардын, тазалык кызматкерлеринин айлыгы болгону 2,5 миң сом. Бул акчага ким иштейт?

Мектеп деректири ата-энелердин айткан дооматтарына кошулбайт. Ал биздин мектептин фондуна чогултулган каражат башка мектептерден кыйла арзан деп эсептеди.

- Биздин мектепте бир класста 40-45 бала отурат. Баары эле бизге качырышат. Анткени биздеги ата-энелер фондунун акысы өтө төмөн. Керек болсо башка мектептерде бала жетишпейт.

Билим берүү жана илим министрлигинин тастыктаганына караганда азыр мектептердеги ата-энелер фонду, камкорчулар кеңеши сыяктуу ар кандай уюмдарга жамынган акча чогултууларга тыюу салынган. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

- 2013-жылдын 11-апрелинде министрликтин атайын буйругу чыккан. Ага ылайык мектептердеги акча чогултуулар мыйзамсыз деп табылып тыюу салынган. Бирок ошого карабай кээ бир мектептер дагы деле акча чогултуп жатышат. Бул жерде ата-энелердин да күнөөсү чоң. Анткени өздөрү акча берип коюп, ар кайсы жерге барып даттанышат. Кайсы мектеп, кайсы мугалим талап кылганын жашырып айтышпайт. Ата-энелер биз менен бирге иштешмейин мыйзамсыз акча жыйноо эч качан тыйылбайт.

Министрликтин өкүлү мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууга Башкы прокуратура менен биргеликте күрөш жүргүзүлөрүн кошумчалады. Анын айтымында былтыр мыйзамсыз акча чогултуу боюнча 18 кылмыш иши козголуп, 6 деректир иштен алынса, быйыл бир дагы факт катталган эмес.

Мектепке жеке басарлык кылган мүдүрлөр

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуулардын төркүнүн деректирлердин бир мектепте 10-15 жылдап иштеп калышынан көрөт.

- Мыйзамсыз акча чогултууларга каршы күрөшүү үчүн биринчи кезекте 10-15 жыл деректир болуп иштегендерди кызматтан алыш керек. Алар мектепти жеке менчигиндей эле көрүп, каалаганын кылып калышкан. Ошондуктан биз мектеп деректири болуп 5 жыл гана иштетүү боюнча мыйзам даярдап жатабыз.

Деген менен Бишкектеги бардык эле мектептер акча талап кылбайт экен. Маселен борбордогу №42 мектептин мүдүрү Тобокел Борукчиев ата-энелерден акча чогултууну уят иш катары баалады.

- Мектептин акча бербесең, киргизбейбиз деп ата-энелер менен соодалашканы туура эмес. Мектеп кызматкерлерине өкмөт тарабынан айлык төлөнөт. Пол жуугучтарга беребиз деп ата-энелерден акча чогулткандын өзү уят иш.

Ата-энелердин ишендиргендерине караганда мектепке кирүү акысы анын аброюна жараша 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин жетип турат. Айрым сөөлөттүү делген мектептерде бул каражат миң долларга чейин жетери айтылып келет.
XS
SM
MD
LG