Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Жогорку аттестациялык комиссия илимий даража берүү учурундагы сый тамактарды токтотууну эскертүүдө. Бул туурасындагы буйрукту бузгандарга жаза колдонулуп, керек болсо диссертацияны коргоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн.

Жолдошу докторлук диссертациясын жактап жаткан Айнура комиссия мүчөлөрүнө суу берип, чай, кофесин даярдоо менен алек болуп жаткан кези. Ал илимий даражаны коргогондор комиссия мүчөлөрүнө сый тамак уюштуруп, түйшүк тарткан учурларын угуп эле жүргөнүн айтып, бирок өздөрү мындай шаан-шөкөттөн арылганын билдирди:

- Чай, кант, бутерброд - болду, ушулар эле. Столго минералдык суу гана койдук. Башка эч нерсе алган жокпуз. Анын баары кошумча чыгым да. Жеңил эле болуп калат экен. Эч кандай банкет, белек берүү жок. Ага диссертациялык комиссия тыюу салды.

Жогорку аттестациялык комиссиянын 2014-жылдагы буйругуна ылайык, илимий даражаны коргоо маалында ар кандай таттуу тамак-аштар менен жумушчу столду дасторконго айлантуу, диссертациялык комиссиянын мүчөлөрүнө сый тамак уюштуруу аракеттерине тыюу салынган. Жыйында болгону минералдык суу коюлуп, 4 миң сомдон ашпаган каражатка чакан кофе-брейк даярдоо каралган. Бирок жакында Коргоо кеңешинин катчылыгы тарабынан бул буйрук кагазда сөз бойдон эле калып, шаан-шөкөттөр күчөп жатканы айтылгандыктан Жогорку аттестациялык комиссия диссертация кеңештерине дагы бир ирет эскертүү жасоого аргасыз болду.

Кандидаттык диссертациясын беш жыл мурда жактаган Алтынай мындан ары диссертациялык кеңештин мүчөлөрү минералдык суу менен чайга гана ыраазы болуп калат деген жомокко ишене албай турганын, бул талап убактылуу сакталганы менен кайра бат эле унутулат деген пикирде. Анткени сыртынан баары канчалык жылмаланганы менен өз ара сыйлашмай деген нерсе жазылбаган мыйзам катары өмүр сүрө берет.

- Мен жактаган учурда темаң бекигенден баштап, иштей баштаганда дээрлик бардык этапта сый катары конверттер берилип, талкуу учурунда дагы дасторкон даярдачубуз. Анан диссертацияны жактаар алдында бир кой союп, диссертациялык комиссиянын төрагасынын алдынан өтчүбүз. Аны менен кошо таттуу салынган кутулар кошо даярдалчу. Жактаган күнү ошол жерде сый дасторкон жайып, жактоо процесси бүткөн соң ресторандарда өзүнчө банкет болчу. Анан дагы кафеде VIP зал болсун, комиссия мүчөлөрүнөн башка эч ким болбосун деген көрсөтмө болоор эле. Ал жакта дагы кой союлат. Анан баштыкка сөзсүз коньяк, вино, шоколад салынат. Акчам жок, кыйналып турам деген түшүнүк жок болчу, ушуну жасаш керек деген гана талап бар эле. Андан кийин сен кандай абалда каларың эч кимди кызыктырчу эмес.

Илимге акча менен келгендер

Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун мүчөсү Бекбосун Бөрүбашев мындай адат-салттын баарын илимий чөйрөдөн өтө эле алыс, бийликке илине калып, эптеп каражат өөнөп, “илимпоз” атка конгусу келген акчалуулар ойлоп тапканын белгилейт. Анын көз карашында алар тыйылмайын көйгөй кала берет.

- Колунда барлар байлыкты да, бийликти да алып жатышат. Анан алар карап туруп, “ай, тиги илимди дагы алып койбойлубу” деген ой менен ушуга ооп кетишти. Биз аларды ич ара экиге бөлүп карайбыз. Ал туурасында ачык айтпайбыз деле, бирок жактагандарды "илимден келген илимий кызматкерлер" жана "бийликтен келген илимий кызматкерлер" деп коёбуз. Мисалы, депутат эжеке, байкелерибиз бат эле жактай коюп, анан элге акыл үйрөткүсү келип жатпайбы. Мына ошолор ар кандай сыйларын көрсөтүп, сатып алып, жаздырып жатып, бизди ушундай тескери көрүнүшкө жетеледи. Илимий чөйрөдө коррупция жок, бийликте коррупция бар. Коррупцияга барып, тиги жактан акча чогултуп алып, анан илимге келип жатышпайбы ар кандай жол менен.

Акчалуулардын илимге өзгөчө кызыгуусу качан, кантип тарайт азырынча албетте белгисиз. Бирок Жогорку аттестациялык кеңеш илимий даражаны алгандардын артык баш сый тамактарын токтотуучу буйрукту бузгандар жазаланарын билдирүүдө. Керек болсо диссертациялык коргоонун жыйынтыгын жокко чыгарып салуу жагы каралат деп сестентүүдө.

"Форматты өзгөртүү зарыл"

Билим берүү тармагы боюнча адис Мырза Каримов мындай ыкманы ишке ашыруу кыйын экендигин, билим берүү имаратынан сырт жердеги шаан-шөкөттү тыйып, көзөмөлдөө мүмкүн эместигин белгилейт. Ал илимий чөйрөнү тазалоо үчүн системаны түп-тамырынан бери реформалоо зарылдыгын айтты:

- Ал чай берсе кийин мен өзүм бергем деп чыгат да. Ал сотко жеткен учурда да ал даражасын коргогон адамдын пайдасына чечим чыгарат. Анткени ал өз укугу. Бул жерде ошол Жогорку аттестациялык комиссиянын өзүн жоюш керек. Даража жактоону ошол ар бир алдыңкы жогорку окуу жайлардын өздөрүнө бериш керек. Мисалы, Америкада диссертациясын жактоочу өзү алты ай мурун атайын аудиторияны төрт-беш саатка алам деп уюштуруучу органдарга электрондук кайрылуу жазат. Анан "Кока-кола", чипсы эле алып коёт, ашып кетсе 20 доллар кетет. Бизде болсо докторантты деле, магистрантты деле тургузуп алып, жаш баланы сынагандай кылып жатышпайбы. Аларда кадимки эле эркин форматта, диванга отуруп, эки-үч саат сүйлөшүп, талкуулашып отуруп эле бүтөт процесс. Эч кандай шаан-шөкөт жасалбайт.

Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча, 800 илимдин доктору, үч миңден ашуун кандидат бар. Талдоочулар өлкөдө илимпоздордун арасынан өзгөчө экономика жана юридика илимдеринин кандидат-докторлору көп болгону менен бул тармактардагы чачтан көп көйгөйдү чечүүдө алардын үнү дээрлик угулбай келе жатканын айтып сындап келишет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG