Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Бүтүрүүчүлөрдү кантип узаталы?


Мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты менен кошо ата-энелердин бүтүрүүчү улан-кыздарын кантип кийинтебиз, кайсы окууга жиберебиз, шаарга канча сом менен аттантабыз деген өңдүү түйшүктөр башка үйүлөт эмеспи. Дагы бир топтору он, жыйырма, отуз... дагы-дагы жылдыктарга камынууда.

Тойго не жетсин, бирок той болоор, тойдун эртеси да болоор демекчи, мындай шаңдуу кечелерди бири-бирин бычактоо, сууга чөгүү, казанда кайнап аткан сорпого түшүп кетүү сыяктуу кырсыктар, каргаша окуялар коштой жүрөөрүнө жакынкы эле тарыхыбыз күбө.

Сиз календарга ырасмий кирбеген ушундай майрамдарга, узатуу кечелерине кандай карайсыз? Эгер кайсы бир жылдыкка жөнөп жаткан болсоңуз, классташыңыздын кырсыкка учурабашы үчүн эмне кыласыз? Уулуңуз же кызыңыз мектепти бүтүп жаткан болсо, аны каякка кантип узатканы жатасыз? - "Азаттык” бул жолу окурмандарын ушул маселелердин тегерегинде ой бөлүшүүгө чакырат.
XS
SM
MD
LG