Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Азыркы студенттер акча сурабайт


Студенттер
Студенттер

Жогорку окуу жайдын студенттеринин көбү окуудан кийин иштеп акча табат. Алардын негизги максаты билим алуубу же акча табуубу? Бүгүнкү жаштардын окууга болгон мамилеси кандай?

Мамлекет тарбынан берилген жатаканын абалы, стипендиянын өлчөмү студенттердин толук кандуу билим алуусуна шарт түзө алабы?

“Азаттык+” бул жолку берүүсүн окуу менен эмгекти айкалыштырып, жаны тынбаган же студенттердин тили менен айтканда "чаалыкпастардын" жашоосуна арналат.

Кундуз борбодогу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунда окуйт. Ал башында туугандарынын үйүндө жашачу. Өзүнөн кийинки сиңдиси борбор калаага келгенден бери экөө жатаканада жашайт.

Кундуз жашаган жатакананын кабатында бир жуунучу жай, бир даараткана жана бир ашкана бар. Айына болгону алты жүз сомдой төлөшөт. Кундуз окуудан кийин жатакандагы кыздарга модага айланган жасалма кирпик чаптап, зер буюмдарына тапшыртма алып, кошумча акча табат.

Таксист болуу студенттердин арасында кеңири тараган жумуш. Шаардагы такси айдоочулардын жарымын студенттер түзөт. Эрнист бүтүрүүчү курстун студенти болгондуктан бош убактысы кенен. Шаар аралай темир тулпарын алкынтып такси кызматында иштейт.

Таксисттин бир айлык кирешеси аны окуткан мугалимдикинен көп. Жакшы иштеген күндөрү эки миң сомго чейин табат. Акчага муктаж студенттер таанышынын машинесин бир түнгө болсо да сурап иштегени ошондон.

Бизге белгилүү болгондой, студенттердин көбү кафе, ресторандарда жана түнкү эс алуучу жайларда официант болуп иштейт. Бүгүнкү каарманыбыз Аида да бир канча айдан бери ушул иште. Аида он беш күндө алты миң сомдой табат. Маянасы бир айлык жашоосуна кенен жетип, ата-энесинен акча сурабайт. Атүгүл кээде ата-энесин сүйүндүрүп телефондоруна бирдик да салып коет.

Бала кезинен оокатка бышкан каарманыбыз бул жумуштан анча деле кыйналбайт. Жетекчилик Аиданын студент экенин эске алып, ага ылайыктуу иш графигин түзүп берген. Өзү болсо ишке да, сабакка да жетишкенге ынтызар. Жашоосуна акча таап жаткандыгы менен сабагы менен эс алуусуна тоскоол болгон күндөр көп. Кээде кесиптештеринин ордуна иштеп, сабагына барып, эс алганды унутуп деле коет.

"Чаалыкпас" студенттер
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:29 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG