Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Мугалимдин барк-баасына байланышкан маселелер быйыл адаттан тыш көтөрүлүүдө. "Азаттыктын" кабарчылары даярдаган мугалимдер тууралуу материалдар топтомунун аудио версиясын сунуш кылабыз.

Кыргыз өкмөтү “сапаттуу билим аркылуу өлкөнүн келечегин” камсыздоо ураанын көтөрүп, мугалимдин билимине, билгичтигине маани берүү максатын алдыга коюп жатат. “Азаттыктын” кабарчылары бул ирет апта темасы аркылуу азыркы мугалимдин бейнесин тартууга аракет кылышты.

Коомдо кичинесинен чоңуна чейин “билим берүү начар, мугалимдер жакшы сабак бербейт” деп айтып келишет. Педагогдор өздөрү билимсиз болуп атканы үчүн барк-баасы жоголду дегендер да арбын. Бирок алардын аброюн көтөрүү үчүн “маянаны жогорулатуу” керектигин мугалимдер өздөрү да, ата-энелер да, бийликтер да белгилешет. Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов азыркы мектеп мугалиминин бейнесин тартканга аракет кылды.

Элеттик мугалимдердин көбү мектептеги жумушунан сырткары чарбачылык менен алектенет. Ошондон улам айрым адистер айылда мугалимдик кесипке туруктуу айлыгы бар, бирок аны ара-чолодогу иш катары карап калышты деген ойлорун айтып жүрүшөт. Чын эле мугалим үчүн мектеп маанисин жоготуп баратабы? Нарындан кабарчыбыз Мирлан Кадыров сураштырып көргөн.

Эгемендиктин алгачкы жылдарынан тарта арзыбаган айлыкка жан сактай албай, кесибин алмаштырган мугалимдердин алды алыскы-жакынкы чет өлкөлөргө иш, жакшы жашоо издеп кеткени жалпыга маалым. Алар азыр мугалимдик кесипти сагынат болду бекен? Мектепке кайтууну каалашабы? Москвадагы кабарчыбыз Лазат Жаныбек кызы кесибин алмаштырган мекендештер менен баарлашты.

Кыргызтан аймагында быйыл да “Мыкты мугалим” республикалык сынагы өттү. Бир нече номинациядагы мындай сынак Бишкек шаарында да өтүп, бир топ мугалимдер мыкты деп табылышты. Алардын бири – Аида Баялинова “Эң жаш мыкты мугалим” наамын жеңип алды. Кабарчыбыз Айгерим Акылбекова “Эң жаш мыкты мугалим” Аида иштеген мектепке барып, сабагына катышып келди.

Мектеп окуучусу үчүн мугалим ким? Алардын ишин жаш муундар өрнөк тутабы? Кабарчыбыз Айгерим Жаныкул кызы окуучулар менен сүйлөшүп көрдү.

Кыргыз өкмөтү жаңы жылдан баштап мугалимдин билимин, интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында аттестациялоону жандандырып, кайра даярдоону колго алууну убада кылууда. Бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн кандай аракеттер керек? Мектепке билим берүү боюнча эксперт-педагог Догдуркүл Кендирбаеванын кеңештерин Улан Эгизбаев сунуш кылат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG