Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Осмоналиев: Мугалимдин маянасын көтөрүүнүн жолу бар


Бишкектин мектептеринин бириндеги мугалим.
Бишкектин мектептеринин бириндеги мугалим.

Жогорку Кеңеш депутаттары кесиптик кошуун өкүлдөрү менен бирдикте билим берүү тармагына бөлүнгөн акчанын сарпталышын текшермекчи.

Парламенттеги Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун өкүлдөрү менен бирдикте “Татыктуу эмгекке татыктуу эмгек акы” талкуусун уюштурууда. Анын жыйынтыгы менен тармакка бөлүнгөн каражат текшерилмекчи.

Аталган комитеттин төрагасы, депутат Каныбек Осмоналиев ушул маселе боюнча ой бөлүштү.

“Азаттык”: «Татыктуу эмгекке – татыктуу эмгек акы» талкуусун уюштурууга соңку кездери мугалимдер арасында жаралган нааразылыктар себеп болдубу?

Осмоналиев: Чындыгында мугалимдердин айлык акысы эң орчундуу маселе болуп турат. Абал аябай начар. Биздин комитет мүчөлөрү жайында республиканын бир топ жерлерин кыдырган учурубузда негизинен ушул көйгөй айтылып жатты. 2011-жылы биздин өкмөт "айлык акыны 2,5 – 3 эсеге көбөйттүк", - деп айткан. Эки-үч айдан кийин эле мугалимдин тажрыбайсына, категориясына төлөнчү акчаларды кескилеп салыптыр. Натыйжада, мурдагы эле жетишсиз маяна маселеси чечибей кала берген.

“Азаттык”: Учурда мугалимдин орточо эмгек акысы канча болуп атат?

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

Осмоналиев: 3000ден 8000 сомго чейин. Бул акча СССРден калган эски ыкманын негизинде төлөнөт. Тагыраак айтканда, бирдиктүү тарифтик жадыбалдын негизинде өтүлгөн саат үчүн гана акы төлөнөт. Бул тууралуу мен быйыл гана билдим.

“Азаттык”: Мугалимдин эмгек акысын көтөрүү маселеси бүгүн эле жаралган жок. Көп ирет көтөрүлгөнү менен көйгөй чечилбей келет. Сиздердин бул аракеттен мугалимдер кандай натыйжа күтсө болот?

Осмоналиев: Мугалимдер айлык акыны көтөрүү боюнча фантастикалык же аткарууга мүмкүн болбой турган талаптарды койгон жок. Алар маянаны дүйнөлүк практиканын негизинде, башкача айтканда, мугалимдин категориясына карап төлөөнү суранып атышат. Ушул ыкмада төлөнсө, айлык 15 миң сомго чейин көтөрүлөт. Бул акча заман талабына чак келбесе да, азыркы айлыктан жакшы болот. Биз кесиптик кошуун өкүлдөрү менен эмгек акыны сабактардын саатына эмес, мугалимдин эмгек тажрыйбасына жана азыркы социалдык абалга карата бөлүштүрүү боюнча талкуулап, сунушту өкмөткө жиберебиз.

“Азаттык”: Европада мугалимдин бир жылдык айлыгы 64 миң еврого барабар экен. Бизде бир жылдык маянаны анчага жеткирбесек да, орточо бир айлыкты 20 миң сом кылуунун мүмкүнчүлүгү барбы?

Осмоналиев: Менимче, бар. Жалпы ички дүң өнүмдүн 20 пайызы билим берүү тармагына жумшалат. Бул каражат 17-23 миллиард сомго барабар, мындайча айтканда түзүк эле акча. Бирок эч ким аны сарптоонун ички структурасын билбейт. Депутат болуп отурган мен да билбейм. Ошону текшерели деп жатабыз. Байкашымча, акча негизинен айлыкка эмес, иш-чараларды өткөрүүгө, материалдык абалды чыңдоого эле жумшалат.

“Азаттык”: Быйыл Кыргызстанда 2476 мугалим жетишпей жатыптыр. Мунун баары ошол айлыктын айынан. Мугалимдин жетишсиздиги – балдарга тийиштүү деңгээлде сабак өтүлбөй жатат дегенди түшүндүрөт эмеспи...

Осмоналиев: Ооба, чындыгында ошондой болуп жатат. Мугалим өзүнүн социалдык жетишсиздигин күнүгө сезип турса, керектүү каражаты жок болсо, кантип жакшы сабак өтсүн? Адистер жетишпей жатса, кайдан керектүү билим берилет? Айлык маселеси билим деңгээлинин төмөндөп кетишине түздөн-түз таасир тийгизүүдө.

XS
SM
MD
LG