Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Мектепте агайлар азайды


Иллюстрация
Иллюстрация

Эмне үчүн мугалимдерди мектеп өзүнө тарта албай жатат? Мугалимдик кесиптин кадыр-баркы төмөндөдүбү? Жаш мугалимдерге мектепте иштөөгө кандай себептер тоскоол болууда?

Бүгүнкү күндө мектептер эркек мугалимге муктаж болгону менен, мугалимдик кесипти аркалап жүргөн агайлардын катары суюлуп кетти. Эркек мугалимдердин көпчүлүгү мектепке барбай жатканынын себебин маянанын аздыгы менен негиздешет.

Эрлан Жумагазиев эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. Бирок кийин кесибин алмаштырууга аргасыз болгон. Азыр эми өзү иштеп кеткен мектептин босогосунда туруп балдарга сабак берген убагын эстеп жаткан учуру.

- Мугалимдик стажым алты жыл. Бул шаардык мектепке иштегенге чейин Көлдө, өзүм туулган Кочкор районунда иштеп келдим. Мугалим болуп иштей баштаган кезде биринчи айлыгым 1400 сом болгон. Шаардык мектептин айлыгы көбүрөөк болсо керек деп келип, алгач 4800 сом алдым. 2011-жылы көбөйттүк дешти. Айлыгыма миң сом кошулду. Бирок батирге төлөгөн акым төрт миң сом эле.

Эрлан үй-бүлөсү менен жетишпестик айынан ажырашып кеткенин айтты. Бирок ошондо деле мугалимдик кесипти таштагысы келбептир:

- Айлабыз кеткенде кошумча жумуш издечүбүз. Мына мен ачык эле айтайын, так ушул мектептен бир агайыбыз тигүү цехинде үлгү чийип берчү. Бир агайбыз түшкө чейин сабак берип, түштөн кийин “Народный” дүкөнүндө жүк түшүрчү. Дагы башкабыз гезиттин кабарчысы элек. Курулушта да иштегендер бар болчу.

Эрлан өзү да ошол мезгилде кошумча жумуш табууга аракет кылып, алгач манты, самсы түйүп, кийинчерек жыгач эмеректерин жасаган цехте, гезитте иштеп жүрүп акыры туруктуу иш тапкан. Бирок эки жумушка бирдей жетишпей калган мезгилде мектепти таштоого аргасыз болгон. Азыр ал диний басылмаларды оңдоп-түзөө менен алек .

Байкоочулар мектепте эркек мугалимдердин азайып жатышын мына ушул өңдүү социалдык маселелерден көрөт. Ошол эле учурда мугалимдик кесипти окуткан окуу жайларда студент кыздар көп.

Болочок мугалимдер билим алып жаткан кыргыз филологиясы факультетинин деканы Каныбек Кенжешев жылдан жылга эркек абитуриенттердин саны сээлдеп баратканын белгилейт. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча филология факультеттеринин 95 пайызын кыздар түзөт.

Бул жолу “Азаттык+” мектептерде мугалимдердин жетишпегени, айлыктын аздыгына карабай кесибин таштабай иштеп жаткандар жана мугалимдик кесипке окуп жаткан студенттер тууралуу болду.

Жаш мугалим, мектеп сени күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:22 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG