Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Орто мектептерде сабактарды окутуу сааттарынын кыскарышы окуучулардын билимин начарлатууда.

Бул тууралуу билдирген айыл жериндеги мугалимдер өкмөт окутуу сааттарын тиешелүү окуу программасына ылайык кыскартпаганына нааразы.

Билим берүү министрлиги сабактардын саатын кыскартуу окуу жүктөмүн азайтууга байланыштуу экенин айтып, бирок анын экинчи этабын токтото туруу боюнча өкмөткө сунуш киргизди.

Парламенттеги оппозиция өкмөт шайлоонун алдында мугалимдердин айлыгын көтөрүп, бирок каражат таба албай калганда сабактардын саатын кыскартууга өттү деп сынга алууда.

Билимдеги бир беткейлик

Өкмөттүн өткөн жылы 23-марттагы токтому менен орто мектептердин 5-11-класстарындагы окуу жүктөмүн азайтууга байланыштуу предметтик сабактар 114 саатка кыскарган. Бирок сабактардын окутуу сааттары кыскарганы менен окуу программасы мурдагы боюнча калган.

Ош облусундагы Жутаң Субанов атындагы орто мектептин англис тили мугалими Азизбек Жумашев мындай абал мектептердеги окуу жараянына терс таасирин тийгизгенин белгиледи:

- Мурда 5-6-класстарга англис тили жумасына 3-4 сааттан болсо, азыр жалпы эле 2 саат калды. Математика жумасына 5-6 саат болсо, азыр 2-3 эле саат. Бирок ошого жараша окуу программасы жана усулдук колдонмолор да кыскартылып берилген эмес. Бизден азыр кыскарган сааттар менен мурдагы эле окуу программасы аркылуу жетишип окуткула деп талап кылып жатышат. Алгач сабактардын саатын кыскартаардан мурун ушул жагын ойлонуш керек эле да. Анан ушинтип отурса, окуучулардын билим деңгээли мурда эле начар болсо, эми абдан начар абалга түшүп отурат.

Өкмөттүн жогоруда аталган токтомуна ылайык, окуу жүктөмүн азайтууга байланышкан предметтик сабактарды кыскартуунун экинчи этабы быйыл жүргүзүлмөк. Бирок билим берүү министрлиги аны токтотуп туруу сунушу менен өкмөткө кайрылды.

Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукеева анын себебин жаңы усулдук колдонмолорду жана окуу куралдарын иштеп чыгууга каражаттын жетишсиздиги менен байланыштырды:

- Окуу китептерин иштеп чыгууга кеткен каражат биздин бюджеттен кыркылып салынган. Ошонун натыйжасында биз сабактарды кыскартуунун экинчи этабына бара албайбыз. Анткени окуу жүктөмүн азайткандан кийин ага жараша окуу куралдары жана усулдук колдонмолор болуш керек. Биз ошондуктан өкмөттөн токтомго убактылуу өзгөртүү киргизип турууну суранып жатабыз.

Эл аралык изилдөөнүн жыйынтыгында мектеп окуучуларынын билим деңгээли боюнча Кыргызстан 2009-жылы 65-орунга түшкөн. Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларынын билиминин начардыгын окуу жүктөмүнүн оордугу менен байланыштырат. Анткени базалык окуу планы жылына Орусияда 900 саат, Финляндияда 800 саат болсо, Кыргызстанда 1100 саатты түзгөн. Керез Жукеева аталган окуу жүктөмүн окуучунун кабыл алуусу кыйынга турган деп белгиледи:

- Мурдагы совет мезгилиндеги окуу программасы жаңыланбай, кайра ошого кошумча предметтер киргизиле берген. Жалпы предметтердин саны 48ге жетип кеткен. Бул балдардын материалды мыкты өздөштүрүп, кабыл алуусуна терс таасирин тийгизет экен. Жыйынтыгында билим берүүнүн жалпы абалы начар көрсөткүчтөрдү берип келген. Бул токтом мына ошол абалды жөнгө салуу үчүн киргизилген болчу.

“Садага чабылган” сабактар

Бирок парламенттик оппозиция сабактарды окутуу сааттарынын кыскарышынын себебин башкадан көрөт. Анткени 2011-жылы президенттик шайлоонун алдында өкмөт мугалимдердин маянасын эки эсе көтөргөн. Бул үчүн жылына үч миллиард сом керектеле турганын ошол кездеги каржы министри билдирген болчу.

1-сентябрь, 2012-жыл

1-сентябрь, 2012-жыл

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков окуу сааттарын кыскартууну өкмөттүн мугалимдердин маянасын мурдагы абалында калтыруу амалы катары баалады:

- Өкмөт бир колу менен мугалимдердин айлыгын көтөрүп, экинчи колу менен сабактардын саатын кыскартуу менен маянасын азайтып койду. Анан аны ар кандай реформа менен байланыштыруу туура эмес. Убада кылган өлчөмдө мугалимдерге маяна төлөй албай калганда математика сыяктуу эң керектүү предметтердин сааттарын кыскартышкан. Өкмөт башында убада бербеш керек болчу. Убада бергенден кийин аягына чейин чыдап, билим берүүдөн акча аябаш керек эле.

Ошол эле учурда Билим берүү министрлиги окуу жүктөмүн азайтуу айлыктын өлчөмүнө байланышпай турганын билдирүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG