Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:17

Нарын мамлекеттик университетин быйыл аяктап жаткан 700гө чукул бүтүрүүчүнүн 124ү педагогикалык багыт боюнча диплом алды. Алардын канчасы алыскы мектептерге барып иштейт?

Быйыл 15 жылдыгын белгилеген Нарын мамлекеттик университетин анын алдындагы эки коллежди кошкондо 700гө чукул улан-кыз бүтүп жатат. Алардын 124тү бюджеттик орундарда окуган, демек алар университет жиберген тарапка барышы керек.

Канчасы иш менен камсыз болгонун университеттин ректору Салидин Калдыбаев айтып берди:

- Быйыл 124түн ичинен 96тысы педагогикалык адистикке ээ болушту. 50 бүтүрүүчү жолдомо алып, министрлик бөлгөн орундарга бара түрган болуп, сертификаттарын алышты.

Бүтүрүүчүлөр эми тандоо алдында турушат. Мисалы, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Тумар өзү каалаган мектепке иштөө үчүн арыз киргизген экен:

- Нарын мамлекеттик университетинин англис тил факультетин бүтүрүп жатам. Бюджеттик бөлүмүндө окудум.

Эми биз эки жыл мамлекет үчүн иштеп, эки жылдан кийин дипломубузду колубузга алабыз. Ошон үчүн азыр жумуштарды караштырып жатам. Өзүмдүн айылымдагы мектепке арыз бергем. Ошол мектепте өз кесибим боюнча иштейм деген ойдомун.


Бюджеттик негизде мугалим адистигин алган Фарида мамлекет кайда жиберсе, эки жыл иштеп берүүгө даяр:

- Эки жыл иштеп келиш керек. Беш жыл университетте алган билимимди эмнеге окуучуларга бербешим керек? Беришим керек. Мен сыяктуу болочок мугалимдерди тарбиялашым керек. Мен мугалимдеримдин үмүтүн акташым керек жана ата-энемдин, өзүмдүн алдыга койгон максаттарымды аткарышым керек. Ат-Башынын Жаңы-Күч деген айылына бөлгөн. Буйруса, күзгө чейин барам.

Бирок бюджеттик орунда билим алган бүтүрүүчүлөрдүн баары эле мамлекет бөлгөн жакка баргысы жок. Мисалы Рая өзү каалаган жерге гана барам дейт:

- Бүгүн акыркы сынакты берип жатабыз. Дипломдук ишти коргойбуз. Окууну бүткөндө ар бирибизди каалаган жагыбызга бөлгөн жок.

Мени Кочкордун Төлөк деген айылы бар экен, ошол жакка бөлдү. Бирок мен ал жакка барганга каршымын. Себеби ал жакта таанышым, туугандарым жок. Ошондой эле алыс, барганда кимдин үйүнө жашайм? Ал жактын шартына көнөмбү? Айтор барганга каршымын.


Чынара алыскы айылдарга барып иштегиси келбейт. Анын себеби менен бөлүштү:

- Мен беш жыл бою мугалимдик кесипти окудум. Бирок мен алыскы айылдарга барып эч убакта иштебейм. Себеби айылда эч кандай шарт жок, айлыгы аз. Мамлекет тарабынан эч кандай көмөк көрсөтүлбөйт. Анан айылга барганда ала качып кетет. Мен эч убакта айылга барып иштебейм, башка эле кесип менен иштеп кетем.

Назира да шарты жок деп, элеттик мектепке барбай турганын ачык айтты:

- Жеке мен Жумгалдын Эпкин деген айылына бөлүнгөм. Бирок бара албайм. Анткени ал айылда мен үчүн шарт жок. Көтөрүлгөн күнү деле баары бир биз салган эмгегибизди, өзүбүздүн жумшаган эмгегибизди, салган акчабызды кайтарып ала албайбыз. Ошон үчүн бара албайм. Бул алган билимиме Нарын мамлекеттик университетине ыраазымын. Бирок өзүмдүн муктаждыгымды жаба алган тармакта иштейм.

Нарын облустук билим берүү округунун башчысы Касымбек Мамытовдун айтымында, облустун алыскы айылдарына 91 мугалим жетишпейт. Ошондуктан жаш мугалимдерди тартуу үчүн өкмөттүк депозит программасынан сырткары жергиликтүү бийлик да камкордуктарды көрсө дейт:

- Үч жылдык мөөнөт менен ушул депозиттин шарты боюнча макул болуп барып атат. Бирок депозиттерге өткөндөр да кээде шарты начар болгондуктан, коммуналдык кызматтары жок, батирлер жок, бирөөлөрдүн үйүнө туруп, турмуш шартына чыдабай депозитин таштап кетип калгандары да бар. Ошон үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ушул маселеге көңүл буруп, жаш мугалимдерге шарт түзсө, билим берүү системасында алга жылыштар болот деген ойдобуз.

Ошентип айлыктын көтөрүлүшү, бюджеттин эсебинен окуу да улан-кыздарды айылдык мектептерге баруусуна түрткү боло албай жатат. Демек жаштарды айылга тартуунун башка амалдары керек окшобойбу...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG