Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Нурбүбү Кененбаева: “Мугалимдердин талабын түшүнөм”


Нурбүбү Кененбаева

Нурбүбү Кененбаева

Өтүп бараткан аптанын ортосунда Каракол шаарындагы 1-мектептин жамааты маянаны көтөрүү талабы менен облустук бийликке кайрылып, талап аткарылбаса мыйзам көрсөткөн мөөнөттө нааразылык акциясына чыгаарын маалымдады.

13-декабрда Жети-Өгүз районунун мугалимдери нааразылык акциясын өткөргөн болчу. Мугалимдердин талаптарына жергиликтүү бийликтин мамилеси, билим берүүнүн абалы тууралуу облустук администрация башчысынын орун басары Нурбүбү Кененбаева “Азаттыкка” маек курду.

Нурбүбү Кененбаева: Мугалимдердин талап кылганы бул – конституциялык укугу. Мугалимдерди да терең түшүнсө болот. Мен мугалим катары аларды абдан жакшы түшүнүп атам. Башкача айтканда, алардын сарпталган эмгеги акталбай жатат. Дептер текшергенге 500 сомго көтөргүлө деген талаптар болуп атпайбы. Ал союз учурундагы бойдон 15 сом деп калып калган. "Класс жетекчиникин миң сомго көтөргүлө" деп атат. Класс менен иштеш да кыйын.

Бирок мен мамлекеттик кызматкер катары өлкөдөгү кырдаалга башкача көз караш менен карап атам. Биздин Караколдон да биринчи мектептен суроо талаптар коюлуптур. Жети-Өгүздөн кечээ мага кат түштү, "10 күндүн ичинде биздин талаптарыбыз аткарылбаса биз митингге чыкканга мыйзамдык укугубуз бар" дегендей жазып атышат.

Жети-Өгүз районунун мугалимдеринин нааразылык акциясы, 13-декабрь, 2010-жыл
Мен шаардык билим берүү башчысын, директорлордун баарын чогултуп алып ушул катты тез арада талкууга алдык. Бул жерде профсоюз уюмдарынын жетекчилери да келди. Алар айтып атат, "бул мыйзамда жазылган, Эмгек кодексинин 413-статьясынын 4-пунктуна ылайык, жети жумушчу күндө чечилбесе иш таштаганга укугубуз бар дегендей мыйзамга таянып атабыз, бирок биз муну кылбайбыз" дейт. Мен айтып атам, албетте бул мыйзам бутка турган, толук кандуу иш алып барып аткан мамлекетке түзүлгөн мыйзам деп. Азыр биздин мамлекет тизеде турганда кайра-кайра бутка чапкылаган менен барабар болуп атат.

Булардын талабы – мезгилдин талабы. Бирок ушул учурда мен өзүмдүн көз карашым менен карап туруп мындай кадамга барбайт элем. Балким мен мамлекеттик кызматкер болбосом, саясатты башкача көз менен карабасам мен да ушундай жолго барат белем, аны мен бүгүн айта албайм.

- Ошол эле мезгилде бүгүн мугалимдин абалы өтө оор болуп атат. Миң сомдон 3 жарым миң сомго чейин айлык алат экен. Дептер текшерүүгө, өзүңүз айткандай, 15 сом алат экен, класс жетекчиликке 300 сом алат экен. Ошол эле учурда мугалимдин контракт менен окуган студент балдары бар, баккан балдары бар. Ушул жагдайдан мугалим кантип чыгат, эмне кылып чечиш керек, мамлекет кандай жардам бериш керек?

Жети-Өгүз районунун мугалимдеринин нааразылык акциясы, 13-декабрь, 2010-жыл
Нурбүбү Кененбаева:
Азыр мамлекеттин акыбалын карап туруп, 30 пайыз көбөйткөн учурда да мугалимдердин айлыгына 400 сомдой кошулса 1 млрд. 200 млн. сом кетет деп атпайбы. Аны да биз өзүбүздө акча жок болгондон кийин, четтен карызга таап келип каржылашыбыз керек болот экен.

Бүгүнкү чыккан митингдин кесепети бул 20 жылдан берки топтолуп келатып, азыр жарылып атат, бул бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн убагына туш келди. Бакиевдин убагында электр энергиясын көтөргөн учурда “электр энергиясын көтөрдүңөр, биздин айлыкты көтөргүлө” деген талап ошондо коюлуп көтөрүлсө жарашмак деп баса белгиледим. Бирок андай көтөрүлө алган жок, анткени анда башка чаап, бийликтин ыры ырдалып турган учур болчу да. Азыр эми демократиялык башкаруу системасы болуп аткандан кийин ар бир инсан, ар бир коом көйгөйүн ушундай форматта, митингге чыгып бийликтин астына сунуштаганга укугу бар. Бирок ушул учурда кичине сабырдуулук кылса жакшы болмок. Тизеде турган өлкөбүздү бутка чапкылап жыгып алсак эмне болот. “Бекер деле иштеп берели, өлкөбүздү бутка тургузуп алалы” деген күн келсе экен деп тилеп атам.

- Мугалимдер чыгып атат, апрелден сиздер бийликке келгенден бери бир топ убакыт өттү. Мектептерде билим сапатын текшергенге силерде мүмкүнчүлүк болдубу?

Нурбүбү Кененбаева: Облус боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп 28 окуучу табылды. Албетте салыштырмалуу көйгөйлүү маселелер абдан эле көп. Мугалимдерге биз катуу талап кое албайбыз, алып аткан акчасы ал болсо. Чыныгы патриоттор, өзүнүн кесибин сүйгөндөр иштеп атат. Бирок аларга талапты койгон учурда да биздин тилибиз кыска болуп атат. Экинчиден, бизде окуу куралдары тартыш эмес болгон мезгилде деле заманбап программа менен окушпайт. Мисалы, Бишкектеги орус мектептер азыркы Орусиянын бүгүнкү китептери менен, бүгүнкү программа менен окушат. Өзүмдүн практикамдан билем, 4-класста балам окуду. Аларды орусиялык китептер менен өзүбүз жабдучубуз. Китепканадан китеп алчу эмеспиз. Бул жакка келдим, бул жакта балам 92-жылы чыккан китептер менен окуп атат.

- Дин маселеси көбүрөк коопсуздук кызматына, Ички иштер министрлигине тиешелүү суроо. Бирок ошентсе да сиздин облустук жетекчи катары жообуңузду укккум келип атат. Дин саясаты кандай жүрүп атат облуста?

Нурбүбү Кененбаева: Дин саясатында бул жерде эч кандай бөгөт коюулар жок. Бардыгы тең өз багытында жүрүп атат. Дин багытында жаш балдарыбыздын мечитке баруунун саны көбөйдү, намазга жыгылышат. Бул албетте адептүүлүккө чакырат. Мен динге өзүмдүн көз карашым түз. Фанаттык түрдө берилип кеткен учурлар, дабаат айтып айлап кетип калышат, балдары айлап ачка отуруп калган учурларды көрүп калам, өзүбүздүн туугандардын арасында бар андайлар.

- Сизге ошондой учурадыбы, мисалы кээ бир эркектердин өзүнүн шарттарын, эрежелерин аракет кылып, көбүрөк ишенип ынаным кылган үй-бүлөлөрдүн балдарын жоолук салынтып, мектепке баргызып, бул боюнча сиз иштеп турган мезгилде кандайдыр бир фактылар учурадыбы?

Нурбүбү Кененбаева: Мен жаңы ишке келген кезде май айынын башында Жети-Өгүз районунун Чычкан айылында, азыркы Жеңиш айылы, ошол жерде хизбуттар дешип, жоолук салынып, намазга жыгылып, атрибуттарын сактаган өзүнчө контингент бар. Ошолорду мугалимдер жолук салынбай келгиле, жолугуңарды чечкиле деп атат дегендей кылып ата-энелерден кандайдыр бир нааразычылыктар пайда болгон. Бирок ал бир жума, 10 күндүн ичинде жөнгө салынды. Андан кийин андай маселе көтөрүлгөн жок.

Дин багытында материалдар, программа жок. Ыйман сабагы деп өтүп жүргөн, аны да бүгүнкү күндө мектеп программасынан алып салышты. Эл аралык деңгээлде Кыргызстандагы окуучулардын түйшүгү 400-500 сааттка ашык деп берилип атпайбы. Ошону азайтуу боюнча сааттарын кыскартып атат. Ошону кыскарткан учурда да мугалимдер тарабынан нааразылык түшүп атат. Сааттарды кыскартса мугалимдердин сааты кыскарып калып атат дагы, биздин айлыгыбыз кыскарып калып атат деп атышат. Кыргызстан билим сапаты боюнча эл аралык деңгээлде эң акыркы орунга түшүп калды. Билим сапаты эмне үчүн акыркыга түшүп калды дегенде түйшүк көп деп атат.
XS
SM
MD
LG