Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Мугалимдер маянасына нааразы


Кыргызстанда мугалимдин айлыгын жогорулатуу демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады.

"Арай көз чарай" талкуусуна экономист, эксперт Искендер Шаршеев жана Жогорку Кеңештин депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин башчысы, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиев катышты.

“Азаттык”: Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү маселеси кайрадан актуалдуу боло баштаганына негиз барбы? Анткени бир жыл мурда эле көтөрүлбөдү беле деген суроо туулат.

Осмоналиев: Албетте негиз бар. Өткөн жылы мугалимдердин айлык акысы 2-2,5 эсе көтөрүлдү деп айтылганы менен, өкмөт бир катар коэфициенттердин туруктуу иштешин бурмалап койду. Ошондуктан бүгүнкү күндө мугалимдердин айлык акысы аз, абалы өтө начар. Ушул себептен мугалимдердин айлыгын дагы 2,5 эсеге көбөйтүү маселеси өтө курч турат.

“Азаттык”: Кечээ мектеп реформасына арналган тегерек столдо сиз мугалимдердин айлык акысын кеминде 12-15 миң сомго, болбосо 500-800 долларга чейин жогорулатуу зарыл деп айтып чыктыңыз. Эмне үчүн?

Шаршеев: Өкмөт бир киши 100-150 долларга жашаса болот дейт. Бирок мен экономист катары кеткен каражаттарды санап чыкканда бүгүнкү күнү бир кишини багуу үчүн Бишкектин ичинде кеминде 15 миң сом керек. Мугалимдердин үй-бүлөсүн да эске алуу керек. Келерки жылы мугалимдерге саат боюнча гана акы төлөө принцибин, аны менен кошо сааттарды азайтууну сунуштап жатат өкмөт. Эгер андай болсо, келерки жылы мугалимдердин айлык акысы дагы 20% азаят.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Билим берүү министрлиги Кыргызстанда "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Чынында “казанда болбосо чөмүчкө кайдан чыгат?” дегендей, эгер өкмөттүн капчыгында акча жок болсо, айлык акыны кантип көтөрүп бере алат? Мүмкүн акы төлөп окутуу жолдору менен бул маселени чечүүгө болоттур...

Осмоналиев: Кептин баары ошол казандын түбүн тешип алып, башка жакка соруп атканда. Мен муну ачык эле айтып жүрөм. Мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү тандемине да көп кызыгуунун кереги жок. Мен Түркияны мисалга алайын, ал жакта билим берүүнү каржылоонун 70-80% мамлекет өзүнө алат. Билим берүүнү каржылаган меценаттарга жана башка ишкерлерге жеңилдиктер берилет. Биз ошол жолго өтүшүбүз керек, бирок негизги оюнчу – мамлекет өзү болууга тийиш.

Шаршеев: Эл аралык тажрыйбада кандай? Мына ушуга көңүл буруу керек. Мисалы, АКШда медицина менен билим берүү тармактары эң кымбат тармактардан. Кытайда да мектептердин көпчүлүгү акы төлөп окутат. Бирок бул өлкөлөрдүн экономикасы кандай экени баарыбызга белгилүү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG