Линктер

Кыргызстандагы Курман айт майрамы


Эски аянттагы айт намаз учурунда, 12-сентябрь, 2016-жыл

Эски аянттагы айт намаз учурунда, 12-сентябрь, 2016-жыл

Бүгүн Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бишкектеги эски аянтта бүгүн майрамдык айт намаз саат 8.00дө башталып, ага миңдеген адамдар катышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, башкалаа мэри баштаган бийлик өкүлдөрү да айт намазды эски аянтта окуду. Айт намазга келгендер саат 06.30дан тарта чогулуп, 07.30га чейин аалымдар дин, шарият боюнча насааттарды айтышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков болсо Бишкектин Жал кичирайону тараптагы Сатух Буграхан атындагы мечиттеги айт намазга катышкан.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев адаттагыдай эле айт намазын өзү туулуп-өскөн Арашан айылындагы мечитте окуду. Андан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып куран окутту.​

Ошондой эле президент кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады.

"Ислам дини ынсаптуу болууга, тынчтыкка, сабырдуулукка, ыймандуулукка үндөйт. Кудай берген өмүрдү кор кылбай, адал жана татыктуу жашап өтүү – ар бирибиздин милдетибиз. Эгемен, демократиялык мамлекетибизде жарандарыбыздын дин тутуу эркиндиги толук камсыздалган. Ошондуктан, улуу Орозо жана Курман айттары мамлекеттик майрам болуп бекитилген. Азыр дүйнөдө болуп жаткан терс көрүнүштөр бардыгыбызга тынчтык менен ынтымак өтө зарыл экендигин айгинелеп турат", - деп айтылат президенттин элге жолдогон куттуктоосунда.

Мындан тышкары ал Мекке шаарында ажылык парзын аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ниеттери кабыл болуп, аман-эсен кайтып келүүсүн каалаган.

Кыргызстандан Сауд Арабияга ажылык зыяратына 3600 адам кеткен. Алгачкы тобу 18-сентябрда кайтып келет. Быйыл зыяраттын чыгымы 2600 доллар деп эсептелген.

Курман айт жана коопсуздук

Таң эрте Бишкектин Тыныстанов, Панфилов, Фрунзе жана Чүй көчөлөрүнүн борбордук бөлүктөрүндө автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, коопсуздукка үч миң милиция кызматкери көз салып, эл көп жүргөн жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

"Азаттык" радиосунун кабарчылары шаардын бир катар мечиттеринде текшерүү катуу болгонун билдиришти. Маселен, Жал кичи районунда жайгашкан чоң мечиттин алдында УКМКнын ондон ашуун кызматкери кирип-чыккандарды атайын жабдык менен кылдат текшерип турушту.

Ушундай эле тыкыр текшерүү борбордук аянттагы намаз учурунда да болду.

Ал арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында жардыруучу зат бар деген шек менен саперлор иштеп жатканы маалым болду. Имараттын алдында турган автоунаа жана ал жерге ташталган белгисиз баштык текшерилүүдө. Имаратка жакын көчөлөр да жабылган.

Бул боюнча УКМК расмий маалымат бере элек.

Аймактардагы Курман айт

Жалал-Абад облусунда бүгүн Курман айт күнү коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери, элдик кошуундардын өкүлдөрү болуп жалпысынан 2000дей адам көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Жергиликтүү милиция диний аалымдар, облус жетекчилиги, жаштар уюмдарын өкүлдөрү менен бирге экстремизм-террризмдин алдын алуу, салттуу динди жайылтуу максатында тарбиялык, кайрымдуулук иш-чараларды өткөрүп жатат.

Ош шаарындагы айт намаз

Бүгүн – 12-сентябрда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатышат. Өлкөнүн бардык аймактарында мечиттерде, чоң шаарлардагы борбордук аянттарда да Курман айт намазына эркектер чогулуп, ибадат кылышты. Курман айт – мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Кыргызстанда бул күнгө карата 12-сентябрь дем алыш деп жарыяланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG