Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

“Кыргызстанда тигилген” деген эн белги менен сатылып жаткан товарлардын көпчүлүгү Кытайда тигилип, Бишкектин, Орусиянын жана Казакстандын базарларына чыгууда. Кыргызстандык тигүүчүлөр мындан ата мекендик тигүү тармагы биротоло жок болуу коркунучунда турганын эскертишүүдө.

Кыргыз өкмөтү текстиль тармагы акыркы жылдарда кыйла өнүгүп келе жатканын белгилегени менен, көз карандысыз эксперттер кыргызстандык тигүүчүлөр 2013-жылы чыгаша менен чыкканын, өндүргөн продукцияларын сатууда кыйынчылыктарды көргөнүн белгилешет.

Тигүү өнөр жайы аксоодо

Акыркы эки жыл ичинде Кыргызстандын тигүү тармагында иш жакшы болбогонунан улам жабылган ишканалардын саны жүздөн ашты. Өзгөчө өткөн жылы тармакта олуттуу төмөндөө болду. Анткени мурдагыдай көп өлчөмдөгү буйрутмалар жок дешет тигүүчүлөр.

Кыргызстандагы тигүү тармагындагы өндүрүштүн төмөндөөсүнө бир нече себептер бар. Баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстанда тигилген кийим-кече жана башка товарларга керектелүүчү сырьенун баары сырттан, чет мамлекеттерден келет.

2012-жылы кыргыз өкмөтү сырттан кирүүчү бул сырьего алынуучу бажы төлөмүн 75% кымбаттаткан. Тагыраак айтканда, мурда бажыдан кездеме, топчу, сыдырма жана башка сырьелордун баарына 1 килограммына 20 центтен төлөнүп келген болсо, өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, төлөм 35 центке чыкты.

Сырьего минтип бажы төлөмүнүн көбөйгөнү ар бир тигилген кийимдин баасынын көтөрүлүүсүнө да алып келди. “Жеңил өнөр жайчылар” ассоциациясынын маалыматы боюнча өкмөт бул токтомду ишке киргизүү учурунда тигүүчүлөрдөн суранып, 2012-жылы бюджет тартыштыгын толтуруу үчүн убактылуу аргасыздык болгондугун түшүндүргөн. Бирок андан берки убакытта деле токтом күчүндө кала берүүдө.

Кыргызстандагы “Жеңил өнөр жайчылар” ассоциациясынын президенти Фархат Төлөгөновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча өкмөт кайра карап көрүүгө убада бергени менен азырынча ишке ашырыла элек:

- Бул токтомду кабыл алганда да биз менен макулдашпай туруп кабыл алышкан. Интернеттен окуп калып, маселе көтөрүп, депутаттар менен кошо өкмөт башчыга киргенбиз. Алар бизден “бюджет толбой атат, түшүнүп койгула, бул убактылуу” деп суранышкан. Мен ошондо эле “Кытай, Түркиянын даяр кийим-кечелеринен алынуучу бажы төлөмдөрүнө эмне үчүн сырьедон алынуучу бажы төлөмүн теңеп койдуңуздар. Эмки жылы күтө бергиле, экспорт азаят” дегем. Мына өткөн жылы өкмөттүн Энергетика жана өнөр жай министрлиги, статиститика комитети берген маалыматка таянсак, экспортубуз 30% азайып, киреше 1 млрд. сомго кемиген.

Ушул жерден белгилеп айтуу керек, ошол эле учурда чет мамлекеттерден даяр, тигилүү кийимдерди Кыргызстанга алып кирүүдө да соодагерлер 1 килограммына 35 центтен төлөшөт. Кыргызстанда тигилүүчү кийим-кече жана башка товарларга керектелүүчү сырьего бажы төлөмдөрдүн кымбатташы тигүү тармагын артка тартып турган себептердин бири, бирок бул дагы негизгиси эмес.

“Кыргызстанда тигилген” товар Кытайдыкы

Акыркы жылдары Made in Kyrgyzstan деген эн белги менен сатылып жаткан товарлардын сапатына нааразы болгондор арбыган. Мисалы, өткөн жылы жазында эле Москвадагы “Садовод” базарында Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди сатып иштеген соодагерлер кыргызстандык тигүүчүлөр көз боёмочулукка өтүп жатканына нааразылыгын билдиришкен болчу:

- Кыргызстандын товарлары арзан баада сатылат, документтери жайында. Бирок бир кемчилиги - өлчөмдөрү стандартка туура келбейт. Мына ушул жагынан биздикилер Бишкекте отуруп алып, көз боёмочулук кылып жатышат. Эптеп акча кылуу үчүн болушунча сарамжалдайбыз деп, 2-3 размерге жеткирбей тигип атышат. Мисалы 50-размер деген көйнөктөр 44-46-размер болуп чыгып атат. Биз ошондон улам сата албай, айла жок баасын алган акчабыздан да арзан кылууга аргасызбыз. Биз буйрутма беребиз, бизге көрсөткөн үлгүлөрү жакшы, өлчөмдөрү туура келет, бирок миңдеген даана дүң келген товардын ичинде жараксызы көп. Албетте алардын баарын карап чыгууга мүмкүн эмес, - дешкен сатуучулар.

Бул көрүнүш күнү бүгүнкүгө чейин уланып жатканын ошол эле "Садовод" базарында соода кылып жүргөн Рахат аттуу соодагер телефон аркылуу билдирди:

- Made in Kyrgyzstan деген эн белги менен келип жаткан товарлар дагы деле оңолгон жок. Кытайдан тиктирип, түз эле бул жакка апкелип жатышат. Сапаты начар. Мисалы, мен бир туугандарым менен чогуу өзүбүздүн цехтерде тигилген сапаттуу кийим-кечелерди сатабыз. Бирок тигиндей жол менен келип жаткан товарлар биздин товарларыбызды да жаманатты кылууда, алуучулар Made in Kyrgyzstan деген кийим-кече, товарлардын сапатына нааразы болуп кетишүүдө.

Кыргызстандык жеңил өнөр жайчылардын айтуусунда, мында жергиликтүү тигүүчүлөрдүн айыбы жок, соодагерлер белгилегендей бул жерде көз жазгыруучулук да жок. Бул жерде эң башкы маселе – Made in Kyrgyzstan деген кийимдер учурда Кытайдан тигилип, даяр түрүндө алып келинүүдө. "Кыргызстандык тигүү тармагынын артка кетүүсүнө мына ушул маселе эң негизги себеп болуп жатат",- дешет тигүүчүлөр. Анткени Кытайдан көмүскө тигилип, Made in Kyrgyzstan деген эн белги менен сатылып жаткан товарлардын сапаты кыйла начар болууда.

Кыргызстандык тигүүчүлөр рыногун жоготуу алдында

Кыргызстандагы “Жеңил өнөр жайчылар” ассоциациясынын президенти Фархат Төлөгөнов он беш жылдан ашуун убакыттан бери кыргызстандык тигүүчүлөр түмөн түйшүк менен базарда жаратып алган сапат стандарты минтип отурса жок болуучу күн алыс эмес, аны менен кошо Кыргызстанда бирден-бир баш көтөрүп, өнүгүп аткан жеңил өнөр жайынын тигүү тармагы жок болот деп кабатыр:

- Ассоциацияга мүчө болгон 700 ишкана бар болчу, бир жылдын ичинде жүздөн ашууну жабылып калды. Бизге мүчө эмес, жеке иштеген канча ишканалар бар, алардын канчасы жабылганы тууралуу так маалымат жок. Он жылдап чогуу иштешкен буйрутмачыларыбыз бар болчу, алардын баары кайда кетип калганы белгисиз деп атышат. Анткени аларга көп өлчөмдөгү товарды тезирээк тигип бергени зарыл. Кытай деген Кытай, биз алар менен атаандаша албайбыз. Бирок биздин өкмөт тигүү өнөр жайын, өндүрүштү сактап калуу үчүн тез арада аракет кылып, контрабанда менен келип жаткан жанагыдай товарларга тыюу салууга тийиш. Биз өкмөткө сунуш кылган токтомубузда да муну белгилеп айтканбыз, Кытайдан жана башка жактан келүүчү товарларды чек арада токтом менен контрафакт товарларды, ошол Made in Kyrgyzstan деген эн белги менен келип жаткан товарларды токтотуу керек. Бизде мыйзам жок экен буга. Бажычылар деле “биз билебиз, кармайбыз, бирок токтотууга мыйзам жок” деп айтышат. Ошондой энбелги менен кирген товарлардын баары чек арадан өтүп эле түптүз Орусия менен Казакстанга кетип атат. Болгондо да сапаты начар, чөнтөктөрү жок шымдар, өлчөмдөрү туура келбеген кийимдер кетип жатат. Мурда биздин кийимдерди сатып алып жүргөн кардарлар түшүнбөй калат, алар “кыргыздар көпкөн экен, минтип чөнтөк тикпей үнөмдөөгө өтүшүптүр” деп айтышы да толук ыктымал. Биз минтип жүрө берсек, өзүбүздүн рыногубуздан ажырап калабыз.

Кыргызстандын эн белгиси тагылган кийимдер Кытайдан келип жатканын сатуучулар да тастыкташууда.



“Жеңил өнөр жайчылар” ассоциациясынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Кытайдан тигилип, Made in Kyrgyzstan деген эн белги менен сатылып жаткан товарлар жалпы мындай эн белги менен сатылып жаткан товарлардын 30% ээлейт. Мындай товарлар Орусия, Казакстанда сапатынын мыктылыгы менен мактоого алынып жүргөнүн соодагерлер белгилеп келишчү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG