Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Бирдиктин кымбатташы кимдин оюну?


"Билайндын" Москвадагы кеңсеси. 7-август, 2013-жыл.
"Билайндын" Москвадагы кеңсеси. 7-август, 2013-жыл.

Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлорунун бири “Билайндын” кызматынан пайдалануу үчүн бирдик жүктөө акысы кымбаттаганы керектөөчүлөрдүн нааразылыгын жаратууда.

Мобилдик оператор баанын көтөрүлүүсү ортомчу агенттер тарабынан жасалып жатканын билдирсе, ортомчулар "Билайнды" күнөөлөп жатат. Монополияга каршы тескөө агенттиги баа көтөрүлүшүнө айыптуулар административдик жоопко тартыларын маалымдоодо.

Сүйлөшүү үчүн акы төлөө бекер эмес

1-апрелден тарта "Билайн" мобилдик операторунун кызматынан колдонуучулар байланыш үчүн бирдик жүктөөдө дагы 4-5 сом кошумча төлөй баштады. Бул өз кезегинде керектөөчүлөрдүн нааразылыгын туудурду. Алсак, мурда жыйырмадан көп бирдик жүктөө үчүн кардар бул кызмат акысына 5 сом төлөп келген. Эми бул сумма 9-10 сомго чейин чыкты. Бул керектөөчүлөрдүн гана эмес, ортодо бирдик жүктөө менен киреше таап жаткан майда соодагерлердин да нааразылыгын пайда кылды. Айрым соода түйүндөрү ортомчулук кылуудан баш тартканын да билдирип чыгышты. Ошол эле учурда "Билайндын" колдонуучулары да муну ашепке кадам деп айтууда.

Бишкектеги жеке ишкер, чакан соода күркөсүнүн ээси Жылдыз Байсаеванын айтуусунда, бирдик жүктөө акысы кымбаттаганы тууралуу эскертүү кагазды "Билайн" компаниясынын кызматкерлери келип, дүкөнгө чаптап кеткен:

- Биз мурдагыдай эле 5 сомдон алып жатабыз. Ал эми калган 4 сомду "Билайн" өзү алып атат. Бул тууралуу өздөрү атайын кагазын апкелип чаптап кеткен. Неге мындай болуп жатканын айткан жок. Кардарлар бүт нааразы болуп атышат.

Оштогу дагы бир ушундай эле ишкер Ашым Кочкоров "Билайн" операторунун колдонуучуларына бирдик жүктөө үчүн 3 сом акы алып келген, эми аны 5 сомго чыгарууга аргасыз:

- Биз көтөргөн жокпуз. Өздөрү айтышты, көтөргүлө, кымбаттады деп. Мурда 3 сом алып жүрсөңөр, 5 сомго чыгаргыла дешти. Компания өзү 2 сом 80 тыйын алат, мага 20 тыйын пайда өтө эле аз. Ошондуктан, айла жок, 5 сомго чыгардык.

Кымбаттоонун себеби эмнеде?

Бирдик жүктөө кымбаттаганы керектөөчүлөрдүн нааразылыгын жаратып, социалдык тармактарда буга мамлекет башында турган жетекчилердин тиешеси бар деген маалыматтарга чейин айтылууда. Ушундан улам бул маселени Монополияга каршы тескөө агенттиги карап, өткөн жума күнү бирдик жүктөөдө ортомчулук кылган бир катар агенттиктерди жыйнап, бул маселени арай көз чарай талкуулады.
Бабырбек Жээнбеков.
Бабырбек Жээнбеков.
Жыйындан кийин журналисттерге курган маегинде аталган агенттиктин башчысы Бабырбек Жээнбеков баа кымбатташына уюлдук операторлор өздөрү башкы себепкер деп билдирди. Анын айтуусунда, "Билайн" бирдик жүктөө акысы ортомчу агенттиктердин демилгеси менен көтөрүлдү деп жатканы менен ортомчу агенттиктер тескерисинче "Билайн" менен түзүлгөн келишимдердин өзгөрүүсү бирдик жүктөөчү акынын жогорулашына алып келгенин билдиришкен. Монополияга каршы тескөө агенттиги эми "Билайн" менен кызматташкан ортомчу ишканалардын 2006-жылдан берки келишимдерин иликтеп чыкмакчы, андан кийин бардык уюлдук операторлордун жетекчилеринин жана ортомчу ишкана өкүлдөрүнүн катышуусунда дагы жыйын болот.

Бабырбек Жээнбеков Монополияга каршы тескөө агенттиги 11-апрель күнү эле "Билайн" компаниясына, тагыраак айтканда "Скай мобайл" ишканасына расмий кат жазып, ашыкча төлөөнү токтотууну талап кылганын, 12-апрелден тарта алар ашыкча акы алууну токтотууга тийиштигин билдирген:

- Биз бүгүн ошондой көрсөтмө бердик. Эртеңден баштап, "Скай Мобайл" ("Билайн") да, алардын агенттиктери да ортодон акыны кымбаттатууну токтотууга чара көргүлө деп. Эгер аны ишке ашырбаса, анда башка жолдорун карайбыз. Дагы айтып коёюн, бирдик жүктөө үчүн 5 сомдон алынып жаткан төлөмдөрдүн да мыйзамдуулугун карап чыгабыз.

Бирок бүгүнкү күнү деле "Билайн" ишканасына бирдик жүктөө кошумча акы менен алынууда. Бирдик жүктөө үчүн алынуучу акынын кымбатташын “Билайн” ишканасы ортомчу агенттиктердин демилгеси деп түшүндүрүп келген. Азырынча мындан башка маалымат бере элек.

Башка операторлордо кандай?

Уюлдук байланыш кызматы үчүн бирдик жүктөө акысын азырынча башка операторлор көтөрө элек. Ошентсе да эл арасында кийинки май айынан тартып "Мегаком" жана "О" байланыш операторлору да кымбаттатат экен деген сөз бар. "Мегаком" майдан тартып да, жайдан тартып да бирдик жүктөө акысы өзгөрүүсүз калат деп ишендирүүдө. Аталган уюлдук оператордун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адис кызматкери Жумгалбек Өмүркановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча баа көтөрүлбөйт:
"Мегакомдун" тейлөө түйүнү.
"Мегакомдун" тейлөө түйүнү.
- “Мегакомдун” абоненттери бирдик жүктөөдө эч кандай кошумча акы төлөшпөйт. 5 сомдон жогору болбойт. Эгер компанияга тиешелүү тейлөө түйүндөрдөн балансын толтурса, бир тыйын да комиссия алынбайт.

Уюлдук байланыш кызматынан колдонуп, ал үчүн акы төлөө үчүн ортомчуларга төлөө башка мамлекеттерде да кеңири жайылган. Мисалы, Түркияда бирдик жүктөө үчүн 1 лира, Орусияда 5 рублден 10 рублге чейин кошумча акы алынат. Ошентсе да мындай акыны шыр эле эки эсе көтөрүү зарылчылыгы эмнеден келип чыкканын Монополияга каршы тескөө агенттиги ушул жума ичи өлкөдөгү бардык уюлдук операторлор жана бирдик жүктөө үчүн акы алган ортомчу ишканалар чогуу отуруп, арай көз чарай талкууламакчы. Монополияга каршы тескөө агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбековдун билдиргени боюнча, жөнсүз кымбаттатууга себепкерлер, кыргыз мыйзамдарына ылайык, административдик жоопко тартылат.

Эскертүүсүз роуминг. Керекпи?

Кыргызстанга уюлдук байланыш кызматы 1996-97-жылдары кирген. Ошондон бери бул рынокто онго чукул байланыш оператору кызматын кардарларга тартуулап келди. Бүгүнкү күндө уюлдук байланыш базарында “Билайн”, “Мегаком” жана "О" кардарлардын негизги бөлүгүнө ээлик кылат. Ошондой эле "Фонекс" жана "Кател" уюлдук байланыш кызматынан пайдалангандар да бар. Жыл өткөн сайын уюлдук операторлор кардарларына телефондон сүйлөшүүдөн башка дагы бир катар кызматтарды сунуш кылып келет. Алардын арасында алыскы, жакынкы чет мамлекеттерге чыгууда мобилдик операторду алмаштырбай сүйлөшүү, т.а. роуминг кызматы бар.

Айрым уюлдук операторлор чек ара аймактарына кирген абоненттерине роуминг кызматынан пайдаланууну сунуш кылат. Кээ бир учурларда эч кандай эскертүүсүз эле роуминг кызматы байланып, көп суммага карыз кылып салганына нааразы болгон кардарлар да жок эмес.

Баткен облусу Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Ар кандай зарылчылык менен чек ара аймагына барган учурда мына ушундай эскертүүсүз роуминг кызматы байланып, кардарлардын акчасын жеп койгон учурлар Баткенде арбын. Анткени эч кандай эскертүүсү жок эле чек аралаш аймакка жакын барганы үчүн тажик уюлдук операторунун кызматына кошулуп калып, роуминг аркылуу кыска сүйлөшүү же кат жөнөтүү баасы өтө эле жогору турат.

Баткендик Абдыкерим Тагаев “Билайн” уюлдук операторунун кызматынан пайдаланат. Ал бир жолку Тажикстанга кирип сүйлөшкөнү үчүн 600 сомун жоготкон. Мекемеге атайын арыз менен кайрылып, бирок жоготкон сумманы кайра калыбына келтире алганым жок дейт биздин маектеш:
"Билайн" компаниясынын күркөсү. 8-март, 2013.
"Билайн" компаниясынын күркөсү. 8-март, 2013.
- Бир иш менен кыргыз-тажик чек арасындагы Самаркандек айылына барууга туура келди. Айылга алып баруучу айланма жолдо “Билайндын” тажик кызматы иштейт экен, аны мен билген эмесмин. Автобуста баратканда келген телефон чалууларды кабыл алып койгонум үчүн 600 сом акчамды жеп коюптур. Анткени айланма жолдо баратканда автоматтык түрдө эле роумингге кошулуп калат экен. Мен кийин Баткен шаарындагы “Билайндын” тейлөө түйүнүнө барып кайрылсам, эч кандай чара көрүшкөн жок. Акчамды да кайтарып беришпеди.

Жергиликтүү журналист Султан Артыков да тынымсыз Тажикстанга кирип турат. Анын айтымында, “Билайн” уюлдук кызматынан пайдалангандар кыргыз-тажик чек арасына жетери менен телефонун өчүрүп турушат. Антпесе эч кандай эскертүүсү жок эле дароо роуминг кызматына туташып калып, өтө кымбат акы төлөп калуу коркунучу бар:

- Тажикстанга жакын турабыз. Чек арага жакын барып калсаң эле “Билайн тж” деген пайда болуп калат, бул “Билайндын” тажик кызматына туташып калдың деген сөз. Биздин аймакта шахмат сыяктуу, бир жерде Кыргызстандын “Билайны”, бир жерде тажик кызматына туташа берет. Улам эле аны текшере бербейсиң да, коңгуроо келсе, алып сүйлөшөсүң. Эгер бир кыска кат алып койсоң эле 20-30 сом алып коёт. Эгер 5-6 секунд сүйлөшүп калсаң, болгон бирдигиңди жеп салат. Эч кандай эскертүү жок. Жок дегенде ушул эскертүүсүз роуминг кызматынан баш тартуу эрежесин түшүндүрүп коюшса болмок.

“Билайн” компаниясы азырынча бул жана башка суроолорго жооп берүүдөн баш тартып келүүдө.

Ал эми “Мегаком” уюлдук операторунун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адис кызматкери Жумгалбек Өмүрканов чек арадагы роуминг маселеси боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Коңшу мамлекетке чыкканда же чек ара аймагына барганда абонентке “Сизге роуминг кызматы сунушталууда, кааласаңыз кошуп алыңыз, каалабасаңыз өчүрүп салыңыз” деген мазмундагы СМС билдирүү келет. Абонент өз тандоосуна жараша аракет жасайт.

- СМС билдирүү сөзсүз түрдө келеби?

- Эреже боюнча эскертүү СМС милдеттүү түрдө келүүгө тийиш. Бирок бизде азырынча бул кызмат жаңыдан кирип жаткандыктан айрым учурларда техникалык мүчүлүштүктөр болуп, кыска эскертүү кардарга барбай калган учурлар катталууда. Биз муну жөнгөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

XS
SM
MD
LG