Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Курулуш: жаңы салыктын күңгөй-тескейи


Ош шаарында жаңы курулуп жаткан үй. 18-январь, 2014-жыл.
Ош шаарында жаңы курулуп жаткан үй. 18-январь, 2014-жыл.

Кыргыз өкмөтү салык мыйзамына өзгөртүү киргизип, жаңы курулуп пайдаланууга берилип жаткан турак-жайлардан алынуучу салыкты өзгөртүүнү сунуштоодо.

Ага ылайык, курулушчулар мурда төлөп келген салыктын түрлөрүнөн бошотулат да, сатылып жаткан үйдүн ар бир чарчы метринен салык төлөөгө милдеттендирилет. Курулушчулар бул мыйзам долбоору өлкөдө бирден бир кыймылдап, иштеп жаткан өндүрүш –курулуш тармагынын келечегине балта чабат деп кооптонушууда.

Салыктын көтөрүлүшү - баалардын өсүшүнө өбөлгө болбойбу?

Расмий маалыматтар боюнча акыркы эки жылдан бери Кыргызстанда, өзгөчө Бишкекте курулуш тармагы бир топ жанданып, турак-жай арбын курула баштады. Бул өз кезегинде элдин турак-жайга суроо-талабы арбын болуп жатканына байланыштуу деп айтылууда. Ошентсе да азырынча турак-жай баасы төмөндөй элек.

Экономика министрлиги демилге көтөрүп жаткан бул мыйзам долбоору ошол баалардын кымбат болуп жатканына байланыштуу сунушталууда. Демилге ээси - Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Жакыповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча жыл өтүп, курулуш тармагы өнүккөн сайын, курулушчулар көрүп жаткан нак кирешени аныктоо оор болууда, айрым учурларда сатылып жаткан үйлөрдүн баалары расмий документтерде башка баа көрсөтүлүп, салык башка сумма менен төлөнөт, ал эми иш жүзүндө 1,5-2 эсе кымбат сатылган көрүнүштөр бар:

- Мисалы жарыя бергенде ар бир чарчы метри 800 доллар деп жазылып турат, ошого жараша эле 800 доллардан алып, документке анын тең жарымын гана жазып коюп атышат. Анан Салык же экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан текшерүүчүлөр барып, батирди сатып алгандардан сураса, алар 800 доллардан алганын айтат. Ошентип, көп териштирүү болуп жатат.

Жеңиш Жакыповдун айтуусунда, сатылып жаткан ар бир чарчы метрден салык алуу административдик жараянды бир топ жөнөкөйлөштүрөт. Ошол эле учурда келишимдик түрдө салык төлөө ишкерлердин каалоосуна жараша ишке ашырылат:

- Эки тараптуу салык келишими кирешеден, сатыктан алынуучу салыктын жана НДСтин ордун алмаштырат. Бул ишкерлердин каалоосуна жараша болот, кааласа келишим менен иштейт.
Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бири.
Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бири.


Жаңыдан киргизилип жаткан салык боюнча курулушчулардын өз жүйөөлөрү бар. Алардын белгилөөсү боюнча бүгүнкү күнү курулуп, пайдаланууга берилип жаткан үйлөрдүн ар бир чарчы метринин баасы коомчулукка ачык көрсөтүлүп, жарыя кылынат, сатылганда да эки тараптуу документтерде ошол баа жаап-жашырылбай ачык көрсөтүлөт.

Курамында 24 курулуш компаниясы бар “Курулуш комитетинин” төрагасы Темирбек Ажыкуловдун “Азаттыкка” курган маегинде билдиргени боюнча чыныгы сатылып жаткан бааны жашыруу оңой эмес:
Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.
- Кирешесин азайтып, чыгашасын көбөйтүп атышат деген доомат туура эмес. Анткени киреше жашыруу оңой эмес. Мисалы, сиз менден үй алсаңыз, мен сизге “сиз бизге 700 доллардан төлөйсүз, бирок 300 доллардан алдым деп кол коюп бериңиз” десем, макул болбойсуз да. Анткени кокустан сиз кайра үйдөн баш тарта турган болуп калсаңыз, анда документ боюнча мен сизге 300 доллардан кайтарып бере турган болуп калуу коркунучун сиз деле ойлоносуз да. Макул болбойсуз да. Ошону алар эске албай жатышабы билбейм. Чыгашаны көбөйтүп көрсөтүү оңой эмес, анткени биз курулуш материалдарын базарга барып албайбыз да, жалаң ири компаниялардан тиешелүү документтердин негизинде гана алабыз. Бааларды жашыруу аябай кыйын.

Экономика министрлиги сунуштап жаткан мыйзам долбоору боюнча курулушчулар сатылып жаткан үйдүн ар бир чарчы метринен салык төлөшөт. Ишкерлер андагы 370-берененин 2-пунктундагы так эместик келечекте коррупцияга жол ачып калат деген коркунуч бар экенин айтышууда. Анткени анда салыктын суммасы үйдүн жалпы аянтынан же анын техникалык паспортунда көрсөтүлгөн аянтынан алынат деп турат. Социалдык турак-жай куруп жаткан “КЖ групп” курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча эгер жалпы аянттан салык алынса, сатылбай турган аянттар да ага кирип калат:

- Жалпы курулуш аянтынан же сатылган гана аянттан салык алынат деп турат. Бул коррупцияга жол ачат. Анткени салык келишимин түзүүдө ишкер өзүнө пайдалуу жагын: сатыла турган аянттан төлөйм деп чыгат. Салыкчы болсо, жок жалпы аянттан төлө деп талап кылуусу мүмкүн. Аягында экөө сүйлөшүп, ортодогу айырманын кайсы бир бөлүгү салыкчынын чөнтөгүнө түшөт. Ошондуктан, бул так жазылууга тийиш. Дагы бир нерсе, көп кабаттуу үйлөрдө тепкич, желдеткич шахтылары, лифттин орду сатылбайт. Эгер жалпы аянттан салык төлөө керек болсо, булардын ар бир чарчы метринен да төлөп калып жатабыз.

Аянттан алынуучу салык + аймактык коэффициент

Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча курулушчу менен салык кызматы үч жылга келишим түзөт. Бирок ошол эле учурда салык төлөнүүчү ар бир чарчы метрге кошумча аймактык коэффициент эсептелет. Алсак, шаардагы ар бир аймактагы турак-жайдын өтүмдүүлүгүнө байланыштуу Шаардык кеңеш жыл сайын коэффициентти санап, өзгөртүү киргизүүсү мүмкүн. Ушул тапта Бишкекте курулуп жаткан турак-жайлар жайгашкан ордуна карай 0,8ден тартып, 1,2ге чейинки коэффициент менен өлчөнгөн. Мисалы, мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн ар бир чарчы метрден алынуучу баштапкы салык баасы 750 сомго ошол турак-жай жайгашкан ордуна карай, коэффициент көбөйтүлөт. “Курулуш комитетинин” төрагасы Темирбек Ажыкуловдун айтуусунда, коэффициенттин жыл сайын өзгөрүүсүнөн салыктар дагы өсөт:

- Бул мыйзам долбоорунан ишкерлерге кыйынчылык келтирүүчү эки себеп бар: биринчиси, 370-беренедеги 2-пунктта жазылгандай салык жалпы аянттан же пайдалуу аянттан алынат дегени. Анткени ал экөөнүн ортосунда 20-25% айырмачылык бар. Ишкер албетте, өзүнө пайдалуусуна качырат, ал эми салыкчы башкасын талап кылып туруп алуусу мүмкүн. Экинчиси, үйдүн жайгашкан ордуна карай алынуучу коэффициент. Мисалы, ар бир чарчы метрден алынуучу 900 сомдук салыкка аймактык коэффициент көбөйтүлөт. Бул коэффициент жыл сайын жаңыланып турат, көтөрүлүп кетсе эмне болот? Бишкек шаар кеңеши өткөн жылы октябрда бекиткени боюнча азыр шаарда курулуп жаткан турак-жайлар жайгашкан ордуна карай 0,8ден тартып, 1,2ге чейин коэффициентке бөлүнгөн. Быйыл октябрда Шаардык кеңеш дагы жогорулатышы мүмкүн. Бул деген салыктын дагы көбөйүүсүнө алып келет. Биз үчүн бул да тобокелчилик болууда.

Акыркы чекитти парламент коет

Экономика министрлигинин бул сунушу өкмөт башчынын кароосунан өтүп, учурда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин кароосунда. Аталган комитет мүчөсү Дастан Бекешовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул мыйзам долбоору ансыз да Кыргызстандын экономикасын бир аз жылдырып жаткан курулуш тармагын белинен баскан долбоор болуп калуусу ыктымал. Депутаттын айтуусунда, бул маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүү максатталууда:

- Мыйзам чалагайым, катачылыктар көп. Ошондуктан, аны карап, оңдоо-түзөө киргизүү зарыл. Мисал келтирип кетсем, салык же жалпы аянттан алынат же пайдалуу аянттан алынат деп турат. Бул норма коррупцияны туудурат. Биздин комитет ал үчүн атайын парламенттик угуу өткөрөлү деп жатабыз. Эч болбосо, комитеттин кароосуна үй куруучуларды да, Экономика министрлигин, өкмөттүн өкүлдөрүн чакырып, чогуу талкуулайбыз.
Ата-Түрк сейил багындагы курулуш. 3-май, 2013-жыл.
Ата-Түрк сейил багындагы курулуш. 3-май, 2013-жыл.


Статистикалык маалыматтарга караганда өткөн жылы Кыргызстанда курулуш тармагы 28% өскөн. Адистердин белгилөөсү боюнча учурда курулуш тармагы мамлекеттин колдоосуз, жалаң жергиликтүү ишкерлердин күчү, демилгеси, акчасы менен өнүгүп жаткан тармак. Ушул тапта курулуш өнүгүүсү менен тармакта айланган акча, андан түшкөн салык, түзүлгөн жумуш орундары өлкөнүн экономикасына чоң салым кошуп жатат. Жаш ишкерлер ассоциациясынын “Курулуш комитетинин” төрагасы Темирбек Ажыкуловдун маалыматы боюнча учурда курулуш тармагында айланып жаткан акча Бишкек шаарынын ички дүң продукциясынын 25% туура келет:

- Карап көрсөк, бир эле курулуш объектте элүүдөн жүзгө чейин жумушчу иштейт. Алар да өзүбүздүн жарандар. Андан тышкары ар бир жумушчуга дагы кеминде ондон көмөкчү жумушчулар керек. Менин оюмча, өкмөт ушул жагын да карашы керек. Иштеген жумушчулардын санынан да, азыр Бишкекте жүрүп жаткан курулуш тармагында айланып жаткан акчалар 300-500 млн. доллардын айланасында. Бул Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң акча. Ошондуктан, курулуш тармагына мамлекет тарабынан колдоо керек.

"Сол чөнтөккө" солонгон акчалар ачык көрсөтүлбөйт

Кыргызстанда турак-жай курулушу жанданып, көп кабаттуу үйлөр арбын курулуп жатканы менен турак-жайга баа арзандаган жок. Буга ар кандай себептер айтылууда. Алардын бири – элдин суроо-талабы өскөндүгү деп айтылганы менен, баалардын арзандабай жатышынын көмүскөдөгү, айтылбай турган себептери да бар. Мисалы, өтө көп чыгаша акча расмий документте көрсөтүлбөйт. Анткени анын баары кагазда көрсөтүлбөй, “сол чөнтөккө” солонуучу акчалар. Алсак, курулушчу турак-жай тургузууга жер сатып алуудан тартып, ал жерге көп кабаттуу имарат тургузуу үчүн тиешелүү тармактардан уруксат алуу, турак-жайга электр энергиясы, жылуулук, суу, газ түтүктөрүн тартуудагы машакаттар, эң аягында курулуп бүтүп калган үйдү пайдаланууга берүүдөгү түйшүк, ушунун баары жалаң жооптуу кызматта отурган аткаминерлердин “сол чөнтөгүнө” кетүүчү акчанын күчү менен гана бүтөрү айтылып жүрөт. Айрым учурларда буга кошул-ташыл жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгы чыгат, ал дагы кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларынын чөнтөгүнө акча түшкөндөн кийин чечилүүчү маселе болуп калган. Мына ушулардын баары курулушчулардын чыгаша тууралуу документтеринде көрсөтүлбөйт, бирок, эң кейиштүүсү –ал чыгаша турак-жай сатып алуучулардын капчыгына таасир этип, баалардын кымбат болуп жатканынын негизги себептеринин бири болуп калууда. Албетте, бул тууралуу курулушчулар өздөрү ачык айтууну жакшы көрүшпөйт.

Турак-жай качан арзандайт?

Баа демекчи, турак-жайга суроо-талаптын өсүүсүнөн улам, турак-жайдын баасы Бишкекте күн санап өсүүдө. Ушул тапта шаардын чет жактарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр батирдин чарчы метрин 700 доллардан тартып, ал эми шаардын борборуна жакын жердеги батирлердин чарчы метри 1000 доллардан ашуун деп бааланып жатат. Адистердин айтуусунда суроо-талап дагы деле эски, союздун тушунда курулган үйлөргө күч, азыр бул үйлөрдүн бир чарчы метри жайгашкан ордуна жараша 1000-1200 доллардын айланасында сатылууда.
Ош шаарында да үйлөрдүн баасы кымбаттоонун үстүндө. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин маалыматына таянасак, үстүбүздөгү жылдын март айында Ош шаарында 104-сериядагы батирлердин баасы 3% -5,6% чейин кымбаттаган. Буга быйылкы инфляция жана доллар менен евронун куну өсүшү да себеп болгону айтылууда. Шаар тургуну Үсөнбек Аккозуевдин үйлөнгөнүнө 7 жыл толду. Андан бери ал батирден батирге көчүп жүрүп, 3 балалуу болгонго үлгүрдү. Мамлекеттик кызматта иштеп, алгач 2-3 миӊ сом айлык алса, азыр андан кыйла көп. Бирок ал азыркы маянасын күндөлүк керектөөлөрдөн ашырып батир сатып алуусуна көзү жетпейт. Анын айтымында Оштогу батир баалары күн өткөн сайын асмандап баратат:

- Мен ай сайын тапкан акчанын теӊинен көбү тамак-ашка жана батирдин ижара акысын төлөгөнгө кетет экен. Калганы жоро-жолдош жолукканда жакшыраак чайлашканга да жетпейт. Маянага үй алам десем 30 жыл керек болот экен. А үйлөрдүн баасы күн өткөн сайын кымбаттап атат.

Ошто буга окшогон жаш үй-бүлөлөр миӊдеп саналат. Алардын баары аз акча тапканына карабай ашыкча батири бар бардар кишилерди пайдага маарытып келишет. Жаштардын айлык маянасына караганда турак-жай баасы ылдам өсүүдө. Мисалы, Ошто бир бөлмөлүү үйлөр 20 миӊ АКШ доллары, эки бөлмөлүү үйлөр 30-35 миӊ, 3 бөлмөлүүлөр 55 миӊ долларга чейин чыгыптыр. Турак-жай алып-сатуу менен алектенген Бактыбек Маматовдун айтымында, Орусиядагы мигранттардан акча дагы деле жакшы келип атат. Ал Эл акчаны өндүрүшкө салганды үйрөнбөй турак-жайга жумшап жатканы батир баасынын өсүшүнө себеп деп эсептейт:

- Мигранттар акчаны сакташ үчүн турак-жай алып коюну эп көрүшүүдө. Анан да шаар калкынын саны өтө тездик менен өсүп жатат. Азыр шаарга окууга келген келгендердин 10-20% Ошто жашап калып атышат. Оштун өзүнүн жаштары да көбөйүүдө Аларга жетишердик жер тилкеси бериле элек. Шаар четиндеги 6 сотых жердин баасы 15 миӊден 30 миӊге чейин жетти.
2010-жылдын июнь коогасынан кийин курулган үй. 2012-жыл.
2010-жылдын июнь коогасынан кийин курулган үй. 2012-жыл.



“Ош мунарасы” деп аталган көп кабаттуу үйдүн курулушу азыр аяктар алдында турат. Бул арада ал үйдөгү батирлердин дээрлик 70% сатылып бүткөн. Аталган үйдүн сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Зубайдулло Сапаралиев Ошто жаӊы үйлөргө караганда эски үйлөрдүн баасы кымбат болуп атканын байкаган:

- Менин байкашымча эски үйлөр кымбатырак. Анткени ошол эле 105-сериядагы 3 бөлмөлүү үйдүн аянты 80 чарчы метрди түзүп атат. Аны чарчы метрине бөлүп эсептегенде 730-750 долларга чейин чыгып кетет. Ал эми жаӊы үйлөр аларга караганда арзан болуп атат. Эки бөлмөлүү үйдүн аянты 80 чарчы мертрге жетет. Чарчы метри 650 доллардан сатылып атат. Жалпы алганда 45 миӊ доллардын тегерегинде болот.

Расмий маалыматтар боюнча Ош шаарында 250 миӊ киши жашайт деп айтылганы менен, бейрасмий маалыматтарда ал сан дээрлик 500 миӊге чейин жетет. Зарыл шарттардын жоктугунан жергиликтүү бийлик сунуштаган жаӊы конуштардан жаштар жаа бою качышууда. Ал эми коммерциялык шартта курулуп жаткан жаӊы үйлөрдүн саны аз. Шаардык мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн билдиришинче, акыркы 3 жыл аралыгында коммерциялык долбоор менен көп кабаттуу 5 үй курулуп атат. Ал эми 2010-жылкы июнь коогасынан кийин, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекция тарабынан 1126 батирлүү кабат үйлөр курулган. Учурда анын 600дөйү элге берилген. Калгандары дагы берилүү алдында. Бирок турак-жай баалары ылдыйлай турган түрү жок.

XS
SM
MD
LG