Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Инвестор да, ишкер да май айын күтүүдө


Мигранттардан келген акчанын азайышы менен жаңы курулуп жаткан үйлөргө суроо-талап да кескин кыскарды. Бишкек шаары.

Мигранттардан келген акчанын азайышы менен жаңы курулуп жаткан үйлөргө суроо-талап да кескин кыскарды. Бишкек шаары.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө макулдук берип, келишимдерге кол коюп, эми биримдикке мүчө мамлекеттердин парламенттеринин уруксатын гана күтүп турган учурда, өлкөгө сырттан келип жаткан инвестициянын көлөмү азайды.

Евразия өнүктүрүү банкы 2014-жылы өлкөгө 187 млн. доллар инвестиция салынганын белгилеп, бирок бул 2013-жылга салыштырмалуу 70% төмөн экенин билдирди.

Негизги туңгуюк – Бажы биримдигиби?

Айрым эксперттердин айтуусунда, акыркы жылдары Кыргызстандын курулуш, тоо-кен тармактарына көбүрөөк инвестиция тартылып келген болсо, өткөн жылдын аягынан тартып, курулуш тармагы солгундоодо. Буга орус рублинин куну кетип, ошол эле учурда доллардын баасы көтөрүлгөнү негизги себеп дешет курулушчулар. Анткени, Кыргызстанга мурунку жылдары сыртта жүргөн мигранттардан 2 миллиарддан ашуун доллар акча келчү, мунун басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 90% ашууну Орусияда иштеген мигранттардан келип турчу. Курулуш тармагынын негизги сатып алуучулары да ошол Орусияда иштеп жүргөн мигранттар болуп эсептелчү. Алардан келген акчанын азайышы менен жаңы курулуп жаткан үйлөргө суроо-талап да кескин кыскарды. ЖИАнын курулуш комитетинин башчысы Темирбек Ажыкуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча жаңы жылдан бери сатуулар дээрлик токтоду, жаңы долбоорлор баштала элек:

- Акыркы үч-төрт айдан бери сатуулар бир аз төмөндөдү. Буга бир эле көрсөткүчтү мисал кылсак болот, мурда куруучулар көп кабат үй курулуучу жерди өздөрү издеп таап, ээлери менен сүйлөшүүгө аракет кылса, азыр жер сатуучулар өздөрү бизге келип атышат. Биз болсо тескерисинче, аларга “ала албайбыз, көрөлү, кийинчерээк” деп жооп бергенге аргасыз болуп жатабыз. Жаңы долбоорлордун башталбай турушу доллардын кымбаттаганына байланыштуу, бирок ошол эле учурда Бажы биримдигинин да тиешеси бар. Азыр ишкерлер “май айында биримдикке киреличи, көрөлүчү, кандай болуп кетет?” деген суроолорго жооп алалбай турушат. Жөнөкөй жаран катары биз Бажы биримдиги боюнча так маалымат ала албадык.

Темирбек Ажыкулов, ЖИАнын Курулушчулар комитетинин төрагасы.

Темирбек Ажыкулов, ЖИАнын Курулушчулар комитетинин төрагасы.

Курулуш комитетинин төрагасы ишкерлер да, инвесторлор да май айын күтүп жатышат, анткени, курулуш тармагына колдонулуучу материалдардын көпчүлүгү Бажы биримдигине мүчө эмес мамлекеттерден алынат деди:

- Мисалы, биз тогуз кабаттуу эки подъезди бар үйгө керектелүүчү курулуш материалдарын толугу менен эсептеп, чыгарып көрдүк. Ага керектүү курулуш материалдарынын көпчүлүгү, мисалы, электр кабелдери, канализация, жылуулук түтүктөрү, эшик-терезелер, лифттер баары сырттан келет. Келгенде да Орусия, Казакстандан келбейт. Көбүнчө Түркиядан же Европа өлкөлөрүнөн алып келинет. Бул товарлардын азыркы бажы төлөмдөрүн салыштырсак, көпчүлүгү нөлдөн баштап, 10% чейин. Ал эми Кыргызстан Бажы биримдигине кошулушу менен алар кескин түрдө 15-20% чейин көтөрүлөт. Мунун көлөмү аябай эле көбөйөт.

Инвестиция тартуучу бирден бир негизги сектор – ишкерлер. Чет жактагы акчасы бар адамдар Кыргызстандагы кайсы бир тармакка акчасын сарптап, анын пайдасын көрүү үчүн, алгач бул жакта жүрүп жаткан бизнес, аны ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлердин абалы менен таанышат. Бирок ишкерлер өздөрү эртеңки күнү тууралуу так түшүнүгү жок болуп турса, сырттан келүүчү инвесторго кандай маалымат бере алышат деп алакан жаят дагы бир ишкер, Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдувахаб Нурбаев:

- Дагы деле маалымат жок. Экономика министри Темир Сариев Ошко барганда мен сурадым, “Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасы жабылса, буга чейин өндүргөн продукцияларын ал жактарга сатып жүргөн ишкерлерге кандайдыр бир жардам берилеби, компенсация төлөнөбү?” деп сурасам, “жок” дейт. Ошол убактылуу болсо да кыйынчылык абалдан өтүүгө ишкерлерге жардам тууралуу өкмөттүн экономикалык программасы да жок. Бизге Бажы биримдиги тууралуу түшүнүктүү тил менен айтып берүүгө жарай алышпады, мүмкүн ал өздөрүнө да түшүнүксүз.

Абдувахаб Нурбаев.

Абдувахаб Нурбаев.

Өткөн жумада Токмоктогу “Интергласс” айнек заводунун жумушчулары айлык акы ала албай иш таштады. Завод жетекчилиги болсо, чыгарылган айнектер Орусия менен Казакстандан келип жаткан айнектерге баа жагынан атаандаша албай, базарда өтпөй калганын, натыйжада жумушчуларга берилүүчү айлык акыга каражат жоктугун билдирүүдө. Байкоочулар муну Бажы биримдигинин Кыргызстанга тийгизүүчү жагымсыз эпкини катары баалашууда. Алардын айтуусунда, өлкө биримдикке толук кандуу мүчө болбой туруп, базарды Орусия менен Казакстан ээлей баштаган болсо, биримдикке киргенден кийинки абал өтө эле оор болчудай. Мындай болуусу же болбошу Кыргызстандын бийлик башчыларынын саясий эркинен көз каранды дейт биздин маектешибиз Абдувахаб Нурбаев:

- Биздин мамлекет Бажы биримдигине киргенден кийин экономикалык маселелерди, мамилелерди канчалык деңгээлде өздөрү чече алат? Ошого жараша кээ бир иш-чараларды колдонууда Орусия, Казакстанга каршы тура алабы? Мүмкүн алар “жок бул уставда ушундай кабыл алынган, кирдиңби, эми ушул шартка баш иесиң” деп кысып койсо эмне болот? Кыргызстандын башына ар кандай жагдай түшүүсү мүмкүн, мына ушунун баарын биздин өкмөт оперативдүү түрдө ишке ашырууга даяр болушу керек. Бирок ал үчүн биздин бийлик башчыларынын саясий эрки жетеби, бул башка маселе.

Рынок демекчи, аймактарда сапат жагынан кыйла жогору болгону менен, баа жагынан атаандаша албай, жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдөн келген товарларга базарын алдырып коюп, натыйжада банкротко учурап жаткан ишкерлер көбөйө баштаганы айтылууда.

Ички базарды коргоо саясаты жок

Ош шаарындагы кичи ишкер Арыпбек Айтбаев өткөн жылы болгон күчүн, каражатын сарптап, камкаймак жасоочу чакан цех ачкан. Ал жасаган камкаймактын колдонууга жарактуу мөөнөтү жети күн, накта сүттөн даярдалат, ошого жараша баасы да кымбатыраак, тагыраак айтканда, 1 литри 125 сом. Ошол эле учурда базарда баасы арзаныраак, сактоо мөөнөтү 18 күнгө чейинки Тажикстанда даярдалган камкаймактар да бар. Бүгүнкү күнү алыпсатарлар баасынын арзандыгына жана жарактуулук мөөнөтүнүн узактыгына карап, негизинен Тажикстандын каймагына качырууда дейт ишкер:

- Кыргызстанда бир ишкана ачуу татаал экенин мурда угуп жүрчү элем, эми өз көзүм менен көрдүм. Ишкананы ачууга керектүү уруксат кагазды тиешелүү мекемелерден алганча эле 9 ай өттү. Керектүү жабдыктарды алып келип, имаратты сүт, каймак чыгарууга ыңгайлаштырганга эле 20 миң доллардан ашык акча сарпталды. Карыз да болдук. Сүт, каймактын идишинин фольгалуу капкагы Кыргызстанда чыкпайт, Казакстандан атайын буюртма менен жасатып алып келип жатабыз. Алар да азыраак өлчөмдө чыгарышпайт, көп өлчөмдө буюртма берсең, бир аз арзан түшкөнү менен ага ири суммада акча керек.

Жалаң жергиликтүү элдин сүтүн сатып алып, аны кайра иштетүүнү көздөгөн «Бакара» фирмасы уюшулганына жарым жыл болбой жатып, жабылып калуу коркунучунда турат. Анткени Ош өрөөнүн тажик өндүрүшүнө таандык продукциялар басып калган. Жеке ишкер Арипбек Айтбаев тажик өндүрүшүнө таандык сүт, каймактар химиялык заттардын жардамы менен жарактуу мөөнөтү жасалма узартылганы көзөмөлдөнбөй жатканын айтты:

Ош шаарынын базарын Тажикстандын арзан каймагы каптады

Ош шаарынын базарын Тажикстандын арзан каймагы каптады

- Азыркы күндө бизде жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү коргоо жакшы болбой жатат. Мисалы, ушул жылдан тарта Тажикстандын үч-төрт фирмасынан чыккан продукциялар Оштун базарларын каптап кетти. Быштагы да, сүт, каймагы да сатылып атат. Ошонун айынан Оштун өзүндөгү сүттү кайра иштетүүчү жергиликтүү үч мекеме жабылды. Биз да азыр илең-салаң абалда турабыз. Өндүрүштүн көлөмү өтө эле кыскарып кетти. Мамлекет тарабынан өз өндүрүшчүлөрүн коргоо саясаты жүрсө жакшы болмок. Мисалы, менин угушумча Өзбекстан сырттан даяр продукцияны киргизбегенге аракет кылат. Өзүндө жок, өзү чыгара албаган гана товарларды тартыштык болуп кетпесин деп киргизет. Чийки затка уруксат бар, даяр азыкка жол беришпейт. Бизде да ошондой саясат иштесе, ички өндүрүшчүлөргө өтө пайдалуу болмок.

Канчалык кеч баштасаң, жемишин ошончолук кеч жейсиң

Кыргызстанга түз инвестиция мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла азайганын өкмөт да моюнга алууда. Кыргызстандын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу боюнча агенттиктин башчысы Алмаз Сазбаковдун айтуусунда, өткөн жылы Кыргызстанга түз инвестиция 2013-жылга салыштырмалуу 35% төмөндөгөн. Бирок ошентсе да, быйылкы жылы ишке ашырылуучу долбоорлордон үмүт чоң дейт Алмаз Сазбаков:

- 2015-жыл бизге жакшы бир секирик жасоочу жыл болуп берет деп ойлоп атабыз. Анткени ишке ашыра турган, бышайын деп турган долбоорлор бар. Алардан абдан жакшы натыйжалар болот деп күтүп жатабыз. Мисалы, түштүктөгү пахтаны кайра иштетүүчү заводго Кытайдан инвестор тарттык. Мындан тышкары да бир топ долбоорлорубуз бар.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү тууралуу келишимге кол коюу менен биримдикке мүчө болууга макулдугун берген. Ошондуктан, эми андан качып кутула албаган соң, андан ары иштеп, пайда табуу жагын көздөө зарыл деген пикирлер да бар. Мындай пикир ээлеринин бири, Түркиядан Кыргызстанга инвестиция тартууда көп эмгеги сиңген ишкер, Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият” коомунун башчысы Айбек Сарыгулов:

- Бүгүн кылына турган ишти эртеңкиге калтырып жатабыз. Канча кеч баштай турган болсок, ошончолук кечирээк натыйжа алабыз. Ошондуктан, майды күтүүнүн кереги жок. Бажы биримдигине кирип, андан пайдаланып калам деген ишкерлер бүгүн иштеп баштоого тийиш. Керек болсо, азыр да кеч.

Түркиядагы "Кыргызстан достук, маданият" коомунун жетекчиси

Түркиядагы "Кыргызстан достук, маданият" коомунун жетекчиси

Айбек Сарыгулов Кыргызстандагы өкмөт жана ишкерлер сырттан инвесторлорду тартууда туура эмес кадам таштаганы көбүнчө акчалуулардын Кыргызстандан качуусуна алып келет деп эсептейт:

- Инвестор деген ким? Ал белгилүү бир убакытка акча берет да, белгилүү бир пайдасын көрүп чыгып кетиши керек. Демек, биз ага канча акча менен келерин, кандай шарт коюларын жана кандай пайда көрө аларын айтышыбыз керек. Биз болсо инвесторго “кел, кел” деп, “акчаңды бер, аны эмне кылып иштетебиз, өзүбүз билебиз” деп атабыз. Мындайга эч бир инвестор келбейт. Мына, Катардан келген инвесторлорго кыргыз өкмөтү эч кандай долбоор сунуштай албаптыр. Анткени, жок. Инвестицияны талап кылган даяр долбоорлор жок.

Белгилей кетүүчү нерсе, акыркы убактарда жергиликтүү ишкерлер сырттан акчалуу инвесторлорду күтүп отурбай, бири-бири менен чогуу аракеттенип, социалдык ишкерликти өнүктүрүүгө аракет кылышууда. Бирок Бажы биримдигине Кыргызстан толук кандуу мүчө болуп кирсе, эң ириде майда жана чакан ишкерлер жабыркайт, базарды монополисттер ээлеши мүмкүн деген божомолдор да бар. Ошентсе да бул тармакта иштеп жаткан ишкерлер Кыргызстан Бажы биримдигинде болобу, Евразия экономикалык аймагында болобу, өзүнүн ордун ээлеп калууга аракет кылса, өлкөнүн экономикасы интеграциялашуудан утушка гана ээ болот деп эсептейт голландиялык "ИППО корпорейшн" фондунун Кыргызстандагы өкүлү Мурат Исмаилов:

- Башка жол жок деп эле башты төмөн сала берүүгө болбойт. Кыргызстан өзүн таза, табигый жашылча-жемиш, азык өндүргөн өлкө катары сунуштай алат. Мына азыртан эле айрым Европа өлкөлөрү, Орусия мисалы, Кыргызстандан жашылча-жемиштерди нукура органикалык азык деп алып жатышат. Араб өлкөлөрүнөн этке суроо-талапты айтууга болот. Айыл чарбабызды өнүктүрүп, аз болсо да сапаттуу, жакшы деген баага жетишибиз керек. Эгер биз ошону жоготпой, аз болсо да, органикалык, химиясыз, ГМОсуз азыктарды сунуш кыла берсек, Бажы биримдигиндеги базарда ордубуз сөзсүз болот.

Ошентип, ишкерлер да, инвесторлор да майды, Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык аймагына толук кандуу мүчө болуучу мезгилди күтүп турушкан чагы. Андан ары бизнес менен базардын абалы кандай болот, аны убакыт көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG