Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Кыргызстанда ар кайсы аймактарга өз демилге, каржысы менен мамлекеттик желек орноткон ишкер эми Манастын эстелигин Түркиянын Стамбул калаасында орнотуу демилгесин көтөрүп, айкелдин эскизине сынак жарыялады.

Кыргызстандык ишкер Темирлан Сарлыкбек уулунун демилгеси, аракети менен Таластагы “Манас Ордодо”, Бишкек-Ош жолунун Чүй, Талас, Жалал-Абад облустары тогошкон жерде, Чүйдө, Бишкекте Кыргызстандын кызыл туусу желбиреп турат. Темирлан Сарлыкбек уулу мына ушул демилгелери, Кыргызстандын экономикалык эгемендиги, ЕАЭБден алуучу пайда-зыяны тууралуу "Азаттыкка" кеңири маек куруп берди.​

"Азаттык": Темирлан мырза, өлкөнүн ар кайсы жерине мамлекеттик туу орнотуп, аны демилгелеп жүрөсүз. Туу көтөрүү айтууга жеңил болгону менен, иш жүзүндө кандайдыр бир деңгээлде түйшүктү, кандайдыр бир деңгээлде каражатты талап кылат. Жакында Манастын эстелигин Стамбулга да орнотууну демилгелеп чыктыңыз. Булардын артында кандай максат турат? Шайлообу, саясатпы же?

Мамлекеттик желекти сындагандар көп, аны күн карама болуп калды, түсү кызыл эмес, көк болушу керек эле дегендер көп. Менин туу орнотуудагы максатым: биздин желек Кыргызстан сыяктуу эркин, эгемен өлкөнүн символу катары ар кайсы жерде желбиреп турууга тийиш.

Сарлыкбек уулу: -Биринчиден, Кыргызстандын ар тарабына мамлекеттик желек орнотуу иш-чарасы тууралуу айтайын. Бул жерде башынан эле эч кандай максат, саясат болгон эмес. Кыргызстан деген эркин өлкөнүн мамлекеттик желеги ар дайым желбиреп турушу керек. Максатыбыз –ушул. Себеби, кыргыз эли эгемендүүлүккө оңой жеткен жок. Кыргызстандын тарыхында катаал да, татаал да күндөр болду. Сиздер жакшы билгендей, кийинки жылы Үркүндүн 100 жылдыгы болот. Жүз жылга чейинки эле тарыхыбызды карасак, кандай чоң кыйроолор болгон: ошонун баары кыргыз элинин эгемендүү, бир мамлекет болуп жашоосу үчүн болгон окуялар. Андан кийин, советтик доордо деле Кыргыз Республикасынын жандануусу үчүн, келечекте кыргыз элинин бир мамлекет болуусу үчүн канчалаган ата-энелерибиз мээнет кылган, терин төккөн, кан-жанын берген. Ошонун негизинде келип, Кыргызстан 1991-жылы Эгемендүү өлкө болууга жетишти. Бирок, биз дагы деле өзүбүздүн туубузга ээ чыга албай келебиз. Мамлекеттик желекти сындагандар көп, аны күн карама болуп калды, түсү кызыл эмес, көк болушу керек эле дегендер көп. Менин туу орнотуудагы максатым - биздин желек Кыргызстан сыяктуу эркин, эгемен өлкөнүн символу катары ар кайсы жерде желбиреп турууга тийиш. Бул ар бирибиздин акыл-эсибизде болуусу керек.

"Азаттык": Манастын эстелигин Стамбулга орнотуунун кандай зарылчылыгы бар? Түрктөр мүмкүнчүлүк береби буга?

Сарлыкбек уулу: Бир жылдан бери биз Түркияда Манас атабыздын эстелигин орнотууга аракет кылып келе жатабыз. Стамбулдун мэриясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын макулдугун алганбыз. Аталган мэриянын алдында “Түрк дүйнөсү” деген шаарча тургузулган. Ал шаарчада түрк дүйнөсүнө тиешелүү эстеликтер, боз үй жана башка маданий мурастар орнотулган. Биз дагы Манас атабыздын эстелигин ошол шаарчага орнотсок деген максатта аракет кылып жатабыз. Жер бөлүнүп берилди. Буйруса ушул жылы 4-декабрь, бүткүл дүйнөлүк Манас эпосу күнү эстеликтин ачылышын кылалы деген үмүт бар.

"Азаттык": Масштабы кандай болот?

Сарлыкбек уулу: Эстеликтер бизде аябай чоң өлчөмдө жасалат, мисалы үчүн биздин борбордук аянтта турган, Улуттук филармониянын алдында турган Манастын эстеликтери аябай чоң өлчөмдө жасалган. Европада эстеликтер чакан жасалып, бийик эмес төмөнүрөөк жерде турат. Эстелик менен көрүүчү түздөн-түз байланышып, аны ар тараптан көрүп, ал тууралуу толугураак маалымат ала алат. Биздин эстеликтерди көбүнчө алыстан гана көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошонун негизинде, Түрк дүйнөсү шаарчасы да атайын талап койгон: эстеликтин узун-туурасы 2,5 метрден ашпоого тийиш. Биз дагы ушул талаптарга ылайыктап, сынак жарыяладык.

"Азаттык": Сынак канча убакыт болот? Анткени, 4-декабрга чейин аз эле убакыт калды?

Сарлыкбек уулу: 25-сентябрга чейин айкелдин сынагына катышуучулар эстеликтин чакан макетин тапшырууга милдеттүү. Аларды Кыргызстандагы манасчылар, манас таануучу окумуштуулар менен чогуу түзүлгөн комиссия карап чыгып, жалпы Манас баатыр тууралуу бир образ бере ала турган, Манасты башка элдерге тааныта ала турган эстеликтин макетин тандап алат. Ошол макеттин ээси Манас атабыздын эстелигин Стамбулда орнотуу укугуна ээ болот. Эстеликтин толук орнотулуусуна жана сынактын жүрүшүнө мен демөөрчү болуп жатам. Сиздин бул демилгелердин артында кандай максат турат деген сурооңузга жооп берейин: эч кандай саясат жок, саясий максат жок. Манас атабыз, Манас эпосу бардык саясаттан өйдө, кыргыз эли үчүн ыйык. Тескерисинче, менин жеке пикиримде, Манасты кандайдыр бир саясат үчүн колдонуунун өзү – чоң бир жаңылыштык.

"Азаттык": Мамлекеттик туу орнотуу, эстелик коюу демилгелериңиз Кыргызстандын эгемендүүлүгүн даңазалоо максатында дедиңиз. Бүгүнкү күнү Кыргызстанды канчалык деңгэлде эгемен өлкө деп айта алабыз? Мисалы, экономикалык жактан... Аз убакыт мурда Кыргызстан Евразиялык экономикалык интеграцияга мүчө болуп кирди. Айрым байкоочулар муну менен өлкө экономикалык эркиндигин жоготту деген пикирлерди айтышууда...

Сарлыкбек уулу: Албетте, Кыргызстандын эгемен, эркин болушу үчүн желегибиз желбиреп, чек арабыз бөлүнгөнү жетишсиз. Бул эгемен мамлекет болуу үчүн аз. Биз эгемендүү болуу үчүн эң башта туубуз, өлкөбүз, тилибиз менен катар эле, экономикалык эркиндикке да ээ болуубуз керек. Экономикалык эркиндикке жетүү үчүн албетте, өлкөдө өндүрүш күчтүү болуусу керек. Бажы биримдиги же ЕАЭБ деген эмне? Бул жөн гана “бирдиктүү бололу” деген кол коюу. Бул бизди эч кандай ийгиликке алып келбейт. Бул жөн гана ийгиликке жетүү жолунун картасы деп айтууга болот. Бирок, өзүбүз аракет кылбасак, эч бир тармакта ийгиликке жетише албайбыз. Соодада, өндүрүштө тартип, талап катуу. Анткени, өзүң аракет кылып, атаандаштыкка туруштук берип кете албасаң, эч кандай аёо жок. Жардамдашуу деген сезим жок.

ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуу менен бирге бизге жаңы бир базар ачылды. Ошол базарда биз өзүбүздүн тамагыбызды табууга тийишпиз. Бул деген соодада, өндүрүштө өзүбүздүн жолубузду, ордубузду табышыбыз керек. Албетте, бул чоң-чоң атаандаштыктардан өтөт. Атаандаштыкта ким кыйын болсо, ким ийгиликтүү иш жүргүзө алса, ийгилик албетте, ошол өлкөнүн, ошол элдин пайдасына иштейт. Экинчиден, биз Бажы биримдигиндеги өлкөлөр менен иштешип, алар менен гана чектелбешибиз керек. Азыркы өнүккөн доордо дүйнө ааламдашып баратат. Акыркы жыйырма-отуз жылда дүйнө кичинекей бир айылга окшоп калды. Азыр Кыргызстанда өндүргөн бир товарды дүйнөнүн каалаган бурчуна алып барып, сата аласың. Ошону уюштурууга мүмкүн. Аны кантип уюштурабыз? Биринчиден, дүйнөлүк сапатта өндүрүшүбүз керек. Экинчиден, биздин товардын дүйнөлүк сапатта экенин тастыктап берүүчү лабораториялар болууга тийиш. Эл аралык аккредитациядан өткөн лабораториялар, алар менен бирге эле эл аралык сапат сертификатын берген ишканалар болуусу керек. Мунун бардыгы акырындык менен боло турган иштер. Ишке ашкан соң, биз Бажы биримдигинин ичиндеги өлкөлөрдө болсун, андан тышкаркы аймактарда болсун, соодада жана өндүрүштө ордубузду таба алабыз.

Биз чыгарып жаткан өнүмдөрдүн сапатын көрсөтө ала тургандай, лабораториялык негиздеме бере ала турган ишкана жок. Ошондуктан, биздин алмабыз алтын, күрүчүбүз күмүш болсо да, аны алтын-күмүш экенин тастыктай албасак, эч жакка сата албайбыз.

"Азаттык": Сүттү азырынча кыргызстандык жети гана ишкана, Казакстандын буфердик гана аймактарына сата алышат. Эт жана эт азыктарына Биримдиктин базары жабык. Ушуга карабай, Кыргызстан ЕАЭБден келечекте пайда көрө алабы?

Сарлыкбек уулу: Менин айтайын дегеним башка. Биз азыр эт-сүт өндүрөбүз, бирок аны сыртка экспорттой албайбыз. Жер-жемишти да өндүрөбүз, бирок аны да алыскы өлкөлөргө сата албайбыз. Мунун бирден бир себеби: биз чыгарып жаткан өнүмдөрдүн сапатын көрсөтө ала тургандай, лабораториялык негиздеме бере ала турган ишкана жок. Ошондуктан, биздин алмабыз алтын, күрүчүбүз күмүш болсо да, аны алтын-күмүш экенин тастыктай албасак, эч жакка сата албайбыз. Бул бир чоң тоо. Ал тоону ашып өтүү үчүн Кыргызстанда эл аралык аккредитациясы болгон лаборатория болуусу шарт. Бул лаборатория дүйнөдө Кыргызстан менен соода алака кылууну көздөгөн өлкөлөргө өзүнүн так, ачык иштегенин, эч кандай коррупция болбосун, тааныш-билиштиктен тышкары экенин далилдеп берүүгө тийиш. Ошондон кийин барып анан дүйнө ишенет. Дүйнө ишенип, “Кыргызстандагы лаборатория берген корутундуга ишенебиз” десе, биздин өнүмдөр дүйнөлүк базарга чыга баштайт. Азыр болсо, малыбыз бар, эт-сүтүбүз таза деп мактанабыз. Бирок колубузда малдын оору-соосун билбейбиз, эт-сүт азыктарын кандай малдан, оору малданбы, соо малданбы алынганын тастыктаган кагаз жок. Бизге бул аккредитациялык ишканалардын курулушу – өнүмдөрүбүздү сыртка сатууга гана эмес, биздин өзүбүз үчүн да керек. Базардан алып жеп жаткан жер-жемишти өстүргөндө химиялык дары-дармектер канчалык өлчөмдө колдонулганын билбейбиз. Алып жеп жатабыз. Эт-сүттү да кандай жасалган, курамында эмне азыктар бар экени да бизге белгисиз. Эч нерсени билбейбиз.

"Азаттык": Мамлекет кандай аракет кылууга тийиш? Жок дегенде биримдиктин алкагындагы базарды ээлөөгө дыйкандар менен малчыларыбызга, ишкерлерибизге колдоо көрсөтүү жаатында кандай аракети зарыл?

Кыргызстанда коррупция менен кармалган, пара алып жатып кармалган, жалган диплом менен иштеп жатканы аныкталган мамлекеттик кызматкерлер көп болуп жатат. Ушунун баары айланып келип, Кыргызстандын башка өлкөлөрдүн арасында ишеничсиз өлкө экенин көрсөтүп турат.

Сарлыкбек уулу: Ар бир мамлекет бир үй-бүлө. Ал үй-бүлө бир айылдын ичинде жашайт. Ал үй-бүлө кандай кошунасы менен мамиле кылат? Ишеничтүү, калп айтпаган, жүрүм-туруму жакшы кошунасы менен мамиле кылат. Мамлекет да ошол үй-бүлө сыяктуу. Кыргызстанда коррупция менен кармалган, пара алып жатып кармалган, жалган диплом менен иштеп жатканы аныкталган мамлекеттик кызматкерлер көп болуп жатат. Толтура. Ушунун баары айланып келип Кыргызстандын башка өлкөлөрдүн арасында ишеничсиз өлкө экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан, ишеничсиз өлкөгө инвестор да келбейт, соодагер да, өндүрүш да келбейт. Алар өздөрүнүн акчасын тобокелге салууну каалашпайт. Акча деген сымап сымал, кайсы жак оңтойлуу болсо, ошол жакка агат. Акча үчүн эң тынч өлкө, мыйзамдар жакшы иштеген, эч кимдин укугу тебеленбеген, туруктуу өлкө оңтойлуу. Бүт инвесторлор ошондой өлкөлөргө акчасын салып, иштетүүгө аракет кылышат. Ушундан улам, Кыргызстанга чоң инвесторлор келбей жатат. Биздин мамлекет мыйзамдар толук иштеген, туруктуу өлкөгө айлануусу керек. Ошондон кийин гана өзүбүздүн инвесторлор да, чет өлкөлүк инвесторлор да келе баштайт. Кыргызстанда өндүрүш орнотуп, ушул жерде сапаттуу бир өнүмдөрдү чыгарып, дүйнөгө сатууга аракет кыла башташат.

Бул үчүн жогорку жана төмөнкү мамлекеттик кызматта иштегендер гана эмес, ар бир жаран, ар бир атуул өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жок дегенде туура жүрүүгө аракет кылууга тийишпиз. Бардыгыбыз ушул Кыргызстан деген үйдүн мүчөсүбүз, анын желеги алдында башыбыз биригип турган соң, бардыгыбыз мыйзамдардын толук иштешине жана башка өлкөлөрдүн ишеничине жетишүүнү максат кылышыбыз керек.

"Азаттык": Темирлан мырза, сизге чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG