Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Бактылуу карылыкка шарт керек


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы кары адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү проблемаларын изилдеп чыкты. Натыйжада өлкөдө геронтология саясатын улуттук деңгээлде жөнгө салуу зарылдыгы аныкталды.

Кыргызстанда орточо жаш курагы канча жаш деп эсептелет? Карылык менен жашы улгайгандардын өмүрүн узартуу үчүн өзгөчө саясат зарылбы?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга Кыргыз Республикасынын башкы геронтологу, медицина илимдеринин доктору, профессор-кардиолог Гүлмира Баитова, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Мира Тургумбаева катышты.

“Азаттык”: Гүлмира айым, Кыргызстандагы жашы улгайган адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча атайын изилдөө жүргүзүүгө эмне себеп болду? Бул изилдөөнүн өзгөчөлүгү эмнеде?

Жакындарынан запкы көргөн карылар

Жакындарынан запкы көргөн карылар

Жыл өткөн сайын Кыргызстанда кары-картаңдар көп зордук-зомбулукка учурап жатканы айтылууда. Карылар көбүнчө жакындарынан көргөн зомбулугу тууралуу ачык айтышпайт. Ушундан улам мунун арты кайгылуу аяктап, жакындарынын колунан каза тапкан учурлар да бар.

Гүлмира Баитова: Эгемендик алгандан бери чын эле биздин өлкөдө геронтологияга көп маани берилген жок. Азыр дүйнө жүзүндө улгайган адамдардын саны көбөйүп бара жатат. Бул дүйнөлүк демографиялык феноменге айланды. Эгерде 2000-жылы улгайган адамдардын саны 590 миллион болсо 2010-жылы эки эсе көбөйдү. Бул проблеманы медицинанын проблемасы деп атап коебуз. Себеби, врачтардын кабыл алуусуна картайган адамдар көп кайрылат.

Азыр дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүнүн орточо узактыгы өсүп атат жана ал 66,5 жаш деп эсептелет. Кыргызстанда да өмүр узарып жатат, анын ичинен аялдардын жашы 71,1 деп эсептелди, эркектердики 66 жаш болду. Демек, Кыргызстанда да геронтология проблемасына көңүл буруу зарылдыгы пайда болду. Мурда СССР мезгилинде геронтология институттары иштеген, бизде дагы бар болчу. Союз урагандан кийин баары жоюлган, бирок көп өлкөлөр аларды кайра түзүп алышты.

Бизде 2012-жылы гана дипломдон кийин билим берүү бөлүмүндө геронтология жана гериатрия курсун ачып, Саламаттык сактоо министрлиги изилдөөнү баштады. Жогоруда аталган эки министрлик 2014-2015-жылы бүт өлкө боюнча кары адамдардын проблемаларын иликтеп чыкты. Анын максаты - карылардын санын аныктоо, медициналык тейлөө кандай деңгээлде экендигин, карылардын көйгөйлөрү ЖОЖдордо кандай окутуларын жана үй-бүлөлүк врачтар кандай жардам берерин аныктоо болду. Кыргызстан үчүн бул абдан маанилүү изилдөө. Анткени, региондордун жаратылышы ар түрдүү болгондугуна байланыштуу кайсы региондо карылар кандай оору менен көп оорушарын, кайсы оорудан көп каза болушарын жана кандай жардамга муктаждыгы аныкталды, бул саламаттык сактоо тармагы үчүн зор жардам болот. Анткени, Кыргызстанда пенсияга чыккандан кийин эле улгайган адам деп эсептелет. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ченеми боюнча 60 жаштан 74 жашка чейин улгайган адамдар деп, 75 жаштан баштап кары кишилер деп, 90 жаштан жогору көп жашаган адамдар деп эсептелет.

“Азаттык”: Мира айым, ушул тапта Кыргызстанда жашы улгайган деп канча жаштагы адам эсептелет жана канча курактагы адам кары деп саналат? Кыргызстанда жашап жаткан кары адамдар менен жашы улгайгандардын саны канча? Аларга көрүлгөн камкордуктар жогорку деңгээлде деп айта алабызбы?

Мира Тургумбаева: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 448 600 адамдан ашык, анын 238 миңи аялдар. Кыргызстанда улгайган жарандар жөнүндө мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Ага ылайык эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан тарта улгайган адамдар болуп эсептелет. Азыр кары адамдарга кызмат көрсөтүү боюнча биздин министрликтин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме бар. Анда 2 миң 422 адам багылат. 17 мекеменин ичинен алтоо региондордо жайгашкан жана аларда 792 адам бар. Андан тышкары социалдык буйрук жөнүндө мыйзамга ылайык, улгайган адамдар үчүн сегиз күндүзгү борбор иштейт. 2016-жылы күндүзгү борборлор Баткенде, Ысык-Көлдө, Ошто уюштурулду. Ага баарлашууга, медициналык жардамга муктаж болгон улгайган жарандар келишет, бири-бири менен сүйлөшүп, колдорунан келген кол өнөрчүлүк иштери менен алек болушат. Анан кечинде үйлөрүнө тарап кетишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG