Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Кадырбеков: Ар ким шайлоо укугун өзү камсыз кылышы керек


Kyrgyzstan -- Former Minister Ishenbay Kadyrbekov, undated
Kyrgyzstan -- Former Minister Ishenbay Kadyrbekov, undated

Cыртта жүргөн кыргызстандыктар жаңы Шайлоо кодекси боюнча добуш берүү элчиликтерде жана консулдуктарда гана жүргүзүлөт деген чектөөнү өздөрүнүн шайлоо укугунан ажыратат деп нааразы болушууда. Бул боюнча БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.

- Сыртта жүргөн кыргызстандыктар президенттик шайлоодо добуш берүү консулдук, элчилик гана жайгашкан ири шаарларда болот деген жобону өздөрүнүн шайлоо укугун чектеп жатат деп эсептеп нааразы болушууда. Борбордук шайлоо комиссиясы буга кандай мамиле кылат?

- Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамда кандай жазылса шайлоону ошол боюнча жүргүзөт.

Экинчиден, дүйнөлүк тажрыйба боюнча кайсы бир мамлекет шайлоону өзүнүн аймагында гана өткөрө алат, демек, башка өлкөлөрдөгү элчилик, консулдук дагы ошол мамлекеттин аймагы деп саналгандыктан добуш берүү ошол жерде гана жүргүзүлөт. Башка жерлерде шайлоо өткөрүүгө эч ким уруксат бербейт. Бизге Казакстан, Орусия баягы союздан калган инерция менен гана уруксат берип келе жатат. Ошол эле кезде Германия, АКШ жана башка мамлекеттерде уруксат жок. Бул негизги дүйнөлүк тажрыйбанын талабы, биз бара-бара буга көнүшүбүз керек.

Үчүнчүсү – шайлоо, өзгөчө быйылкы президенттик шайлоо өтө оор болот. Муну БШК колдон келишинче калыс өткөрөлү деп аракеттенип жатабыз. Ар бир добуштун сапаты, баасы чоң болот, анткени өзүңүздөр көрүп жатасыздар, азыр эле 20дан ашуун киши президенттикке ат салышкан атышат. Ошондуктан, ар кандай бурмалоолордон алыс болушубуз керек.

Мурдагы шайлоодо добуш берүүгө сыртта жүргөн кыргызстандыктар 500 миң-700 миң деп айтылганы менен болгону 30 миңдей киши катышты. БШК ошол шайлоодо сыртта добуш берүүгө 7 млн. сомдун тегерегинде акча бөлгөн, бирок ошого карабай шайлоого катышкандардын саны өтө эле аз болду. Аз болсо дагы Екатеринбург жана башка шаарларда бурмалоолор болгону көрүнүп калды.

-Ансыз деле кыргыздар шайлоого көп маани бербейт, добуш берүүгө катышпайт деп айтылып жүрөт. Ошого карабай мыйзамда ушундай, ким кааласа кантип жетип барса ошентип барып добуш берсин деп шайлоочуларга мамиле кылууга болобу? Анткени мындай учурда деле Москвадагы элчиликте катталып, өзү Самара шаарында же Владимир облусунда иштеген кыргызстандыктар добуш берүүгө келе албаса, алардын добушун уурдоого шарт түзүүсү ыктымал да?..

- Ыктымал. Ошондуктан кыргызстандык жарандардын добушун коргоо, алардын добуш берүү укугун сактоо үчүн биздин жарандар көп жашаган, иштеген аймактарда консулдук, өкүлчүлүк ачуу керек. Ал үчүн эң башкысы – ошол жактарда иштеген кыргызстандыктар каттоого туруусу керек. Дагы бир нерсе: шайлоого катышуу милдет эмес, ал шайлоочунун укугу, аны өз мыйзамы менен мамлекет берип жатат.

Ошол эле учурда алар сырт жакта өздөрүнүн укуктарынан пайдалануу үчүн консулдукка каттоого турбайт? Азыркы эсеп боюнча деле консулдук каттоого мыйзамдуу тургандардын саны өтө эле аз болуп атпайбы. Эгер алар өз милдетин аткарып, консулдукка каттоого турса, тышкы иштер министрлигинин көз жаздымында болсо анда аталган министрлик өкмөткө талап коет. Демек ар кайсы кыргыздар көп делип айтылып жаткан шаарларда консулдук ачуу үчүн алар каттоого турушу керек дагы, шайлоодо жакын жерге барып добуш бере алышмак. Бул чоң маселе.

- Сизде маалымат барбы, Орусияда канча шайлоочу катталган?

-Чынында ушул тапта Орусияда канча кыргызстандык жүргөнүн так билген адам жок. Болжолдуу гана “мынча киши кеткен” деген маалыматтар бар.

-Расмий маалыматтарда кандай?

-Менде так маалымат жок, бирок тышкы иштер министрлигинин өкүлү 30 миңдин тегерегинде гана кыргызстандык жаран Орусияда консулдук каттоодо турат деп айтты.

-Көрдүңүзбү, бул өтө эле аз. Расмий эмес, а түгүл болжолдуу деп айтылып жаткан сандын он пайызынан да аз болуп атпайбы? Демек биздин 400-500 миң шайлоочунун шайлоо укугу бузулуп атат?...

- Бул - алар өздөрүнүн жарандык милдетин аткарып, консулдук каттоого турбаганынын натыйжасы. Ал эми консулдук каттоого тургандардын саны 30 миң болуп атат, алар Алматыда, Москвада, Екатеринбургда жана башка консулдук жайгашкан шаарларда.

Ал эми башка шаарларда иштеп-жашап жаткан кыргызстандыктар ошол шаарда жашаганын билдирип каттоого турса, Тышкы иштер министрлиги же элчиликтер өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн ачмак. Эч ким каттоого келбегени үчүн ачылбай атат. Шайлоочулар өздөрүнүн шайлоо укугун сактоо үчүн жарандык милдеттерин да аткарышы керек.

- Рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG