Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Ашимов: Мэрлерди шайлоо укугу жергиликтүү кеңештерде


27-августта өтчү 17 шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңеш депутаттары тарабынан жаңы шайлоо мыйзамы боюнча болот.

Мэрлерди шайлоо тартиби тууралуу БШК мүчөсү Нурмамат Ашимов кеп салып берди.

- Нурмамат мырза, шаар мэрлерин шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамдын мурдагысынан кандай өзгөчөлүгү бар?

- Бул жолу облуска баш ийген, районго баш ийген шаар деп бөлүү жок, бардык жерде шаар башчылары мэр деген макам менен жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан шайланат. Жаңы мыйзам боюнча талапкерлерди көрсөтүү жергиликтүү кеңештердеги депутаттык топтор же фракция деп айтылып жүрөт, ошолор тарабынан жүргүзүлдү. Мисалы, Жалал-Абат облусунда алты шаарда мэрлерди шайлоо болуп атат, бүгүнкү күнү бардык жерде даярдыктар жакшы деген маалыматтар бар. Негизинен мэрлик орунга бирден-экиден талапкерлер коюлган, менимче көпчүлүк шаарлардын башчылары биринчи айлампа менен эле шайланышат.

- Шаар мэрлигине талапкерлерди карап көрсөк, көпчүлүгүндө бирден эле талапкер көрсөтүлүптүр. Буга шайлоого берилген мөөнөттүн кыскалыгы таасир эткен жокпу?

- Менимче жок. Жетишерлик эле убакыт берилген. Эгер кайсы бир шаарда бир эле талапкер көрсөтүлсө демек ал жерде ынтымакташып иштеп жатышат, биримдик бар деп айтууга болот го дейм.

- Мэрлерди шайлоого дагы бир жыл бар болчу деп айтылды. Эртеңки шайлоону коомчулукта мурдагыдай эле президенттик шайлоодо бийликке өз кишилери керек деп кабыл алгандар да болуп атат. Сиз кандай жооп айтат элеңиз?

-Буга эч кандай негиз жок. Анткени үчүнчү субьект болгон өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бир дагы талапкерди көрсөткөн жок. Бул деген административдик ресурсту колдонууга даярдык деп айтууга эч кандай негиз жоктугун көрсөтүп турат. Шайлоону толук жергиликтүү кеңештердин депутаттарына койдук, алар өздөрү шайлап, кийин өздөрү иштешет.

- Ошондой эле шайлоону өткөрүү тартибин аныктоо да жергиликтүү кеңештин регламентинде чечилет турбайбы? Эгер экинчи айлампа болуп калса...

-Биздин мэрлерди шайлоо мыйзамында экинчи айлампа же шайлоонун аягы жакшы көрсөтүлбөй калган экен. Ошондуктан, бул мүчүлүштүктөн чыгуу үчүн кечээ БШКнын чечими менен шайлоо биринчи айлампа менен бүтпөй калса, экинчи айлампа өткөрүүнү жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык өткөрүлсүн деп чечтик. Бир гана шарт менен: шайлоонун жыйынтыгы жаңы мыйзам менен аныкталат деп. Башкача айтканда уткан адам сөзсүз түрдө жалпы депутаттардын санынын көпчүлүк добушуна ээ болушу керек.

-Ал эми добуш берүүнүн формасы ачык же жашыруун болорун да жергиликтүү кеңеш өзү аныктайт экен да?

- Ооба, ошондой.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG