Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Сөз - сизде


30-октябрь - жекшембиде биздин радио угармандар менен окурмандарыбыз шайлоо жүрүшүнөн "Азаттык" аркылуу дүйнөгө кабар тарата алышты.

Ал үчүн "Азаттыктын" бир күндүк бекер мобилдик байланышы - 0550 31 61 65 акысыз номерине телефон чалып, шайлоо чөлкөмдө добуш берүү кандай өтүп жатканы, же мыйзам бузуу фактылары тууралуу SMS жөнөтүп жатышты.

Кыргызстандагы шайлоо тууралуу дүйнөгө маалымат таратууга катышкан угарман жана окурмандардын кушкабары менен төмөндө тааныша аласыздар.


Шайлоочулардын үнү



"Азаттыктын" бул телефонуна шайлоо күнү добуш берүү башталгандан тарта туш-туштан телефон чалуулар түшө баштады. Телефон чалгандардын көпчүлүгү өздөрүн тизмеден таппай жаткандарын айтууда.

Шайлоочулардын үнү (1-бөлүк)




Мелисбек Кыргызалиев: Бишкек шаарындагы 1203-участок боюнча телефон чалып атабыз. Биз кошумча тизмеге арыз жаздык эле. Бирок эмнегедир тизмеде атыбыз жок. Бүгүнкүгө чейин тизме да илинген эмес. Бул жердеги комиссиянын төрагасы менен сүйлөшсөм, бизге тизме жума күнү кечинде келди, биз эч кимге кабар бере албадык дейт. Азыр добуш бере албай калдым. Мага себебин түшүндүрүп бере алышкан жок. Бул боюнча БШКга кайрылгыла деди.

Күмүш Сатарова: Бишкектеги Келечек конушундагы шайлоо пунктунан чалып атабыз. Биз Ак-Жар айылында жашайбыз. Ал жердеги адамдардын каттоосу ар башка жерде. Катталганбыз, Келечектен өтөсүңөр деген. Азыр эч жерде жокпуз, шайлай албайбыз, 20дан ашык кишибиз. Ал жакта 5 миң киши жашайт, 50сү эле шайлады. Биздин деле шайлоого укугубуз бар го. Ал жерде алты жылдан бери шайлоо дегенди билбей жапайы болуп жашап атканбыз. Эми шайлоого эки маршруткага түшүп келсек, шайлай албай калдык. Шайлоо участогунан “ары баргыла” деп койду, эми кандай болот ким билет?

Бейшенбек Саралиев: № 1018 участогунан добуш бердим. Шайлоочулар абдан жакшы маанайда келип атат. Бирок маркировканы жакшылап сүртсөң жиги жок кетип калат экен.

Адыл Бакиров: Мен Тоолуу Маевкадан № 7195 участогунан добуш бердим. Бул жерде шайлоо жакшы өтүп атат. Адамдар көп келип атышат. Комиссия бизди жакшы кабыл алды. Балам менен кирип добуш бердим.

Айсалкын Абдыкадырова: Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу болом. Мен Чагыр айылындагы 5516 участкага добуш бергени барсам, үй-бүлөмдө алтообуз элек, үчөөбүздүн фамилиябыз бар, үчөөбүздүкү жок болуп атат. Болгондо дагы менин, анан жолдошумдуку жок, балдарымдыкы бар. Биз бул жерде 20 жылдан бери жашайбыз. Мен өз укугумду сурасам, сиз 20сына чейин келип кабар алган эмессиз дейт. Былтыркы шайлоодон бардыгыбыз чыксак, эмнеге быйылкы шайлоодо жок болуп калам дедим. Бирок менин көзүмчө Замира Ураимова деген эже жаңжалдашып: “35 жылдан бери жашайм, менин фамилиям эмнеге жок, бирөөнү шайлап кетишим керек, чыкпайм” дегенинен, аны жетелеп барып колуна бюллетен берип шайлаттырышты. Бул жерде чоң тартип бузуу болуп кетти.

Дилгир Касымалиев: Ош шаарындагы 5319 участогунда мыйзам бузуу болуп атат. Ал жерде каттосу чыкпай ар дайым каттоодо турган адамдар шайлоого катыша албай кетип атат. 100дөн ашык адам нааразы болуп турушат бул жерде. Шайлоокомдун мүчөлөрү эч кандай түшүндүрө албай эле, күч колдонуп сыртка сүрүп чыгарып коюп атышат.

Толубай Токтосунов: Менин каттоом Бишкекте эмес эле. №1231 участоктон 19-октябрда барып каттоодон өткөм. Бүгүн барсам “сиздин фамилияңыз келген жок”, - дейт. Мен участоктун төрагасына арызымды тапшыргам, андан сурасам, келген жок дейт. Мага окшогондор толтура ал жерде. Мен шайлоого катыша албай каламбы десем, арыз жаз деди, мен арыз жаздым. Менин жазган арызым каралабы, каралбайбы? Көпчүлүгүн каттооң жок деп кайтарып атат, алар арыз жазбай эле кетип атышат. Мен Оштон болом, түштүктүктөрдүн көпчүлүгүн кайтарып атат, алар да арыз жазышкан экен.

Шайлоочулардын үнү (2-бөлүк)




Аминайым Абдувалиева: Ош шаарында 5312-шайлоо участогунда шайлоо жүрбөй атат деп ойлойм. Чакыруу кагаздары элге толугу менен таркалган эмес. Мен өзүмө дагы келген жок. Мен өзүм тактап келдим. Мага окшогондор көп экен. Каттоодо жок, ОМСтери жок деп көпчүлүк адамдар шайлай албай турушат. Азыр 20 чакты адам шайлай албай турушат. Шайлоо участогунун катчысы менен жаңжалга чейин барып атышат.

Медербек Эгембаев: Мен Нарын шаарынан чалып атам. Нарын шаарындагы китепканадагы участокко барып эртең менен добуш бере албай калдым, тизмеде жок экемин. Акыркы үч президенттик шайлоого катышкан эмесмин, бирок парламенттик шайлоого катышкам. Мен 28инде барсам, эртең келгиле дешкен, 29унда барсам шаардык шайлоо участогуна баргыла деген, ал жака барып арыз жазып коюп, бүгүн эртең менен барсам тизмеде жок экемин. Ошол бойдон добуш бере албай калдым.

Байыш Мамытканов: Нарындан 4075-шайлоо участкасынан чалып атабыз. Мага чакыруу келген, бирок тизмеде жок экемин. Арыз жазып кеткем. Дайыма эле ушул шайлоо участкасынан добуш берчүмүн. Азыр тизмеде жоксуң деп кабыл албай коюшту. Азыр тизмеде жоктордон мен 16чы болуп жазылдым. Эми муну кандай кылып чечебиз, мурдагыдай эле маңдайда байкоочулар карап турса сатып алган учурлар болбоду беле, азыр деле ошондой болот да.

Аты-жөнүн айтпаган шайлоочу: Мен нарында 4075 деген шайлоо участкасында күзөтчү болуп иштеп атам. Бул жерде элдин баары эле нааразы. Бири тизмеде жокмун дейт, кээ бири келиним менен аялым тизмеде жок деп. Муну ким далилдейт? Мен милиция кызматкери эмесмин да. Булардын бюллетени кайда барат деген талкуулоо болуш керек эле да. Бул жерде мен келечек үчүн добуш берет элем, булар эмне кылып атат деп элдин баары нааразы, өзүнүн баласынын келечегин ойлоп атат. Бул кандай болуш керек, ким чечет? Комиссия такыр иштеген жок. Комиссиянын жообу даяр да...

Жаңыбай Ашымбеков: Сокулук районунун Ат-Башы айыл округундагы №256 шайлоо участогунда эртең саат сегизден баштап эле эл көп келип атат, добуштарын берип атышат. Бирок тизмеде жок адамдар аябай көп болуп атат. Алар шайлоого катыша албай, өз укугун коргой албай турушат. Онго жакын адам добуш бере албай калышты. Эми Ак үйгө барабызбы, же айыл өкмөтүнө кайрылабызбы, деп ошону билбей атышат.

Кайып Мамбетов: Бишкек шаарындагы Ак-Ордодогу 1018-шайлоо участкасынын иши жакшы уюштурулбаган, тар жерде экен. Шайлоочулар 1- 1 жарым саат кезек күтүп турушат. Чыдамы кеткендер шайлабай кетип калып атышат. Экинчиси, кошумча тизмеге арыз жазып, паспорттун көчүрмөсүн бергенбиз. Бирок тизмеге кирбей калыптырбыз, добуш бере албай калдык. Бул жерде мен эле эмес, тизмеден өзүбүздү таппай калып далайлар кайра кетип атабыз. Уюштуруу иштери абдан начар болуптур.

Кудайберген Камаров: Ош шаарындагы Таатан участогунда мыйзам бузуулар болуп атат. Өзүнүн талапкерлигин алып койгондор менен биргеликте Ташиевдин, кээ бирки жерлерде Мадумаровдун да фамилиялары чийилип калыптыр.

Ниймат Мавлянов: Баткен облусунун Кадамжай районунан чалып жатам, менин үй-бүлөмдөн 6 адамды шайлоо тизмесине айыл өкмөттөн келип жазып кеткен эле. Азыр шайлоо участкасына барсак үчөөсү тизмеде бар, үчөөсү жок. Ушундайлар биздин шайлоо участогунда көп болуп атат, Орозбеков айыл өкмөтүндө. Бул атайын жасалган иш болуп атабы, түшүнбөй калдык.

Медер Эргешбаев: Мен дарыгер болуп ишегениме байланыштуу Көк-Жаңгакка бөлүнүп келгем, өзүм Өзгөн районунан болом. Шайлоо жараяны башталганда бул жерде тизмеге киргизип коюуну суранып арыз жазгам. Азыр тизмеде жок болуп атат келинчегим экөөбүздүкү тең. Азыр добуш бере албай отурам.

Алмаз: Ат-Башы районунан чалып атам. Тоодогу малчыларга шайлоону уюштургандар келген жок, ушул жакка да келсе болмок. Бул жакта болжол менен 50-60тай адам барбыз, добуш бере албай калдык. Ак-Сай, Арпа деген жайлоолор бар, алар да добуш бере албай калды.

Жаныбек Таштемиров: Ош шаарынын көпчүлүк айтмактарында шайлоочулардын тизмесинде кемчилик байкалып атат. Айта кетсек, канча жылдан бери жашагандар тизмеде жок. 308, 309, 311- участокторунда ушундай учур катталып атат.

Осмон Абдимажит уулу: Биз Ош шаарында, Медколледждин экинчи корпусундагы участкада турабыз. Бул жерге провокаторлор келип, тизмеде жок экенбиз деп видеокамерага өздөрүн-өздөрү тартып провокация атышат. Булар башка жактагы эле адамдар. Шайлоо таза эмес өтүп атат деп чыр чыгарып атышат. 30дай адам бар. Азыр талаш-тартыш болуп ызы-чуу болуп, протоколдорду торлтуруп атышат.

Күрүчбек Кокошов: Мен Бишкектеги Жал участогунан добуш бердим. Радиону уксам маркировка боюнча айтып атышат, жөн эле айтып атышат өчүп калат деп. Мен самындап да жуудум, кеткен жок.

Бектур Эрмекбаев: Ош шаарында 5309-участкасында мыйзам бузуулар абдан көп болуп атат. Элдер нааразы, көпчүлүгү тизмеден өзүн таппай койдук деп кетип атышат. Мен үчүнчү жолу кирип атып, тизмеден өзүмдү араң таап, добуш берип чыктым. Булардын шылтоосу мэриядан кошумча тизме келбей калган деп атышат. Азыр комиссиянын төрайымы чыгып алып, элге кыйкырып атат.


Шайлоочулардын үнү (3-бөлүк)




Орозбек Калназаров: Мен Жалал-Абаддан чалып атам. Бүгүн шайлоо күнү президентибиз Роза Отунбаева Бакиев тигинлдей-мындай деген сөздөрдү айтып атат. Ошол туура эмес деп ойлойм.

Эсен Жумашев: Ала-Бука районунун Бозунчак деген жерде алтын комбинатта иштейбиз. Шайлоо жүргөн жок, урна алып келген эч ким жок. Бул жерде 2 миңдей шайлоочу бар. Алардын бардыгы эле добуш бере албай калдык.

Айдана: Бишкектен чалып атам. Бүгүн шайлоо аябай таза жана айкын өтүп жатат деп ойлойм.

Аты-жөнүн айтпаган шайлоочу: Жалал-Абад шаарынанмын. 2103-шайлоо участогунда шайлоо таза жана тынч өтүп атат. Азыркы убакта тизмеде жоктор бизде катала элек, жалаң эле тизмеси барлар келип атат.

Мирлан: Сокулуктанмын. Сыртынан карагнада баары эле тынч. Ар бир талапкердин штабы катуу иштеп атат..

Нургазы Эсенбаев: 5310-участкасына барсам, ал жерден тизмеде жок экенбиз, жубайым экөөбүз тең. Азыр өз укугубузду коргой албай чыгып кеттик. Кошумча тизмеге кошуп кетишкен, ошондон кийин ушундай болуп атат. Же ал жактан, же бул жактан шайлай албай жүрөбүз.

Алишер Ашыралы уулу: 1111-участогуна он чакты досум болуп келгенбиз добуш берели деп, каттообуз жок. Онообуздун бирөөбүздүкү чыгып, калган тогузубуз жок болуп атабыз. Мындай болбош керек эле да. Башка жактагы досторум да биз дагы тизмеде жокпуз деп телефон чалып атышат.

Кубанычбек: Жети-Өгүздүн Саруу айылында бюллетендер жетишпей атат, тизмелер толук эмес. КТРден Чынгызханды Акшумкарды Манаска теңеп ырдап атат. Бүгүнкү күнү ошону койбой эле койсо болмок. Ошону кечке коюп атышат. Бул уят го, бүгүн ошолорду койбой эле койсо болмок.

Таалайбек Темиралиев: Бизде Ошто чоң проблема болуп атат. 2-3 шайлоо участкасына барып көрдүм, көп адамдар тизмеден чыкпай калып жатат. Мисалы 200-300 адамдан 100гө жакыны добуш бербей калган жерлер болуп атат.


Шайлоочулардын үнү (4-бөлүк)



Данияр: Мен Бишкекте турам, каттоом шаарда эмес. 20-октябрга чейин арыз жазгам, бирок тизмеде жок болуп чыктым. Добушту 13-мектепте беришим керек эле. Менден башка дагы көпчүлүк адамдар фамилиясын тизмеден таба алышкан жок. Бул фалсификация болдубу билбейм. Мен катталган алыскы айылыма барганга мүмкүнчүлүгүм жок.

Өндүрүш Токтонасыров: Сокулук районунан чалып жатам, Бишкектин тегерегиндеги жакын айыл-кыштактарда эмнегедир шайлоочулардын катышуусу өтө төмөн. Мен өзүмдүн айылымдагы шайлоо участогунан жаңы эле чыктым. 490го жакын шайлоочу болсо ушул саатка чейин 102 гана шайлоочу добуш бериптир. Бул эмнени билдирет? Шайлоого укуктуу, эмгекке жарамдуу жаштардын көпчүлүгү мигранттар. Көпчүлүгү шаарда базарларда иштешет. Шайлоого карабай бүгүн базарга кетишкен. Ошон үчүн шайлоочулардын катышуусу аз.

Анан колго сыянын өчүп калышы боюнча мен өзүм эксперимент жасап көрдүм. Үйгө келип самын менен жуусам эч кандай кеткен жок. Өчүп калды деп ММКлардан айткандар жөн эле айтып атышыптыр да...

Адбыкерим Болотов: Оштун Фурхат айылында мыйзам бузуулар болуп атат. Катталган 30 пайыз адамдар тизмеде жок болуп атат. Үйлөрүнө чакыруу кагазы барган, бул жерге келип тизмесин таппастан шайлай албай кетип атышат. Мен 10 адамдын тизмесин жазып калдым. Бул жерде жашап келген, жылда добуштарын берип келаткан адамдардын тизмеси быйыл эле эмнегедир жок болуп калып атат.

Мурадил Тилекматов: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан 2255-участогуна добуш бергени барсам тизмеден таппай коюшту. Анан добуш бере албай баса бердим.

Жолойбек: Мен Кореядан чалып атам. Шайлоого катышалы десек, каттооңор жок деп элчиликтен катыштырбай атат. Биз келишим менен иштейбиз, анан кандай каттобуз болот түшүнбөйбүз. Ошол бойдон добуш бере албай калдык.

Нурлан: Бишкектин Ак-Бата жаңы конушунда шайлоого катышуу жакшы. Элдин маанайы да жакшы.

Баяс Жолдошев: Биз Ош районунда, Жим көчөсүндө жайгашкан участокто турабыз. Биздин участокто 20-октябрга чейин арыз жазгандардын көпчүлүгү тизмеде жок болуп атат. Өмүр бою жашагандардын да аттары жок. Тизмеге кирбеген адамдардын саны миңге барып калды.

Замира: Оштогу Медициналык окуу жайдын 2-корпусунда добуш бере албай турабыз. Келип шайлайлы десек тизмеде жокпуз, жалган айтпасам, бул жерде 200дөй адам турат.


Шайлоочулардын үнү (5-бөлүк)




СМС билдирүүлөр

+7925886 ХХХХ Мен кечээ элчиликтин алдындагы шайлоо участогуна бардым. Ошол жердеги шайлоо комисиянын мүчөлөрүнө мени каттап койууну өтүнсөм "сиз кечигип калдыңыз" деп айтышты. Жаңы мыйзам боюнча шайлоого он күн калганча арыз жазып катталышым керек экен. Ошентип шайлоо укугумдан ажырадым, балким бул менин күнөөмдүр. Ошентсе да шайлоо таза өтүп, кыргыз элимде тычтык болушун каалайм. Москвадан Сапарбектегин. 30.10.2011 11:59:03

+99677229 ХХХХ 5278-Ош. Фамилия которое на извещении не совпадают с паспортом, но выдали бюллетень. 30.10.2011 12:56:12

+99677229 ХХХХ 35 человек нет в списке. Очень много недовольных, около 10 написали заявление. 30.10.2011 13:04:56

+99677266 ХХХХ Men 3028 шайлоо участкасына арыз таштаган элем, бирок тизмеде жок экем. Меники эле го десем, дагы 3-4 кишиники да жок экен. 30.10.2011 13:43:16

+99655390 ХХХХ 1051-участокко кошумча тизмеге арыз жазып кайрылган элек. Бирок жакшы карабай эле, көпчүлүк адамдарды кетирип жатышат. Мен 2 саат 15 мүнөт кезекте турдум. Тизмеде жок экенсиң дешти. 30.10.2011 14:02:35

+99677229 ХХХХ Очень много избирателей не попали в список. Кто отвечает за это? Халатность со стороны ЦИК? Ош, Нурбер 30.10.2011 16:27:14

+7926043 ХХХХ Мени добуш бердирбей койушту, тизмеде жоксуң дешти. Москвада жүрсөм кайдагы тизмеде болом? Телефонум 89260434932 Абдиллаев Жунус. 30.10.2011 17:21:17

+99677047 ХХХХ Бүгүнкү шайлоо таза болгон жок 30.10.2011 18:55:56

+99677700 ХХХХ Элдин ишеними кетти, баягы эле кан ичкичтер келет 30.10.2011 21:11:18

+99655889 ХХХХ Менин атым Азамат, Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынан болом. Ош шаарында жашайм, шайлоого нааразымын, көп шайлоочуларды сатып алып жатышат, кандай түшүнсө болот? 30.10.2011 21:53:43

XS
SM
MD
LG