Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Кыргыз шайлоосуна кошуналар көз артып жатабы?


Бишкектеги добушканадан бир көрүнүш, 30-октябрь.

Бишкектеги добушканадан бир көрүнүш, 30-октябрь.

Кыргызстанда атаандаштык негизде өткөн шайлоого 16 талапкер катышса, алардын көпчүлүгү жаңы конституцияны кайра өзгөртүп, бийликти кайра президенттин колуна топтоону максат кылаарын жашырышкан эмес.

Ошондуктан шайлоодо парламенттик-президенттик системанын колдоочусунун жеңип алгандыгы жаңы түзүлүшкө калктын көбүнүн көңүлү түз экендигин көрсөттү.

Кыргызстан авторитардык өлкөлөрдүн курчоосунда эмеспи. Ушуну эске алганда, коңшу өлкөлөрдүн бийлик чөйрөлөрүндө кыргыз парламентаризмине мурдун чүйрүп жатышканы таң калтырбайт деле. Бирок карапайым эл арасында биздин да сөзүбүз өткөн мезгил качан келээр экен деп кыргыздарга көз арткандар да четтен чыгат.

"Азаттыктын" баяндамачысы Daysi Sindelar жазган макаланы кабарчыбыз Жаңыл Жусупжан кыргызчалады.


Эл аралык коомчулук жактырды, кошуналарчы?


Кыргызстандын 30-октябрдагы шайлоосун эл аралык коомчулук жактырганы менен, эрежелердин бузулушуна жол бербөө үчүн дагы көп иштер жасалышы керек экендигин эскертти.

Буга салыштырмалуу Казакстанда апрель айындагы президенттик шайлоону Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюму «оппозициянын катышуусу жок, атаандаштык болбогон шартта болду» деп айыптаган.

Тажикстанда байкоочулар былтыркы шайлоону «эң жөнөкой демократиялык стандарттардын көбү аткарылган жок» деп сындаган. Ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстан "Фридом Хаус" көзөмөл уюму тарабынан дүйнөдөгү эң репрессивдүү өлкөлөрдүн катарында аталып келет.

Түшпөс кандар бийлеген аймакта айрым кемчиликтер болгон менен Кыргызстан прогрессивдүү өлкө катары таанылган. Мына эми жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаев да Конституцияны сыйлайм деп жатат, ал эми Конституция боюнча мамлекет башчысы алты жыл гана кызмат өтөй алат.

Деген менен, Борбор Азияда эксперттер Кыргызстанды саясий жактан туруксуз, жарды жана алсыз өлкө катары сүрөттөшөт.

Тажикстанда оппозициядагы күчтөр да кыргыз жергесиндеги парламенттик системаны жактыра беришпейт. Алардын бири Рахматулло Зоиров оппозициядагы Тажикстандын Социал-демократиялык партиясынын жетекчиси. Ал кыргыз шайлоосун жалпы жонунан түштүк менен түндүктүн ортосундагы атаандаштык гана деп баалайт:

- Мыйзам чыгаруу органы менен аткаруу бийликтери атаандаш болгон шайлоо аткаруучу тарап баары бир үстөмдүк кылып кетээрин көрсөтөт. Атамбаевдин башкы атаандашы Адахан Мадумаров түштүктүн лидерлеринин бири. Атамбаев болсо түндүктөн. Ошондуктан өкмөт президенттик шайлоону парламенттик шайлоодон алда-канча мыкты уюштура алды.

Өзбекстанда аттуу-баштуу байкоочуларды кой, президент Каримовдун сынчылары да Кыргызстан эмнесине мактанат дегендей сүйлөшөт. Социолог Бахадир Мусаевди Борбор Азия боюнча салмактуу комментатор деп санашат. "Азаттыктын" өзбек кызматына берген маегинде ал өткөн жылдагы июнь коогасынан кийин кыргыздар эл катарынан деле чыгып калды деген кыяста сүйлөдү:

- Ал жаңжалда канчалаган кишинин өмүрү кыйылганын эсепке алганда, ушуну да демократия атайбызбы? Биз эң примитивдүү ашынган улутчулдукту гана көрүп жатабыз. Демократия гүлдөп кетти деген бул калп. Парламенттик республика курабыз дегени жомок. Алардын жетекчилеринин эч кандай салмагы жок. Геосаясий себептен, анан жерине кызыгып гана, кээ бирлер бул өлкөнү кол бала кылып ойноп жатышат.

Өзбекстандын маалымат каражаттары Кыргызстандагы шайлоо тууралуу дээрлик кабарлаган жок. Бирок алар өткөн жылдагы июнь коогасын деле үзүлүп түшүп чагылдырган эмес.

Аймакта Кыргызстан Казакстанга ыктайт, бирок айрым байкоочулар белгилегендей, казак президенти Нурсултан Назарбаев коңшусунун парламенттик системадан баш тартса дегенде эки көзү төрт.

Ошол эле убакта Казакстандын саясий чөйрөлөрүндө Кыргызстандын өз жолу менен баратканына суктангандар да бар. Амиржан Коссанов Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары. Ал эгер Кыргызстан саясий башаламандыктан арылып, туруктуу жана гүлдөгөн парламенттик демократия кура алса, өлкө башкаларга үлгү боло алат деп ишенет.

Саясатчылар кыргыздардан үлгү алгысы келбеген менен, Борбор Азияада карапайым адамдардын арасында кыргыздарга көз арткандар аз эмес. Тажикстандан бир респондент "тажиктердин кыргыздардан эмне айырмасы бар? Биздин улуу эл да кыргыз элиндей өз тагдырына өзү кожоюн болуп жашоого укуктуу эмеспи?" деп жазды.
XS
SM
MD
LG