Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Элде башка, лидерде башка тизмеби?


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Жогорку кеңеште партиялык тизмени парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң өзгөртүү сунушу айтылууда. Жарандык коом өкүлдөрү мындай кадам шайлоочуларды алдоо менен барабар болот деп эсептешет.

Бирок демилгечилер депутаттык мандат үгүт иштерин жүргүзгөн талапкерлердин аткарган ишине жараша калыс бөлүштүрүлүшү керек экенин айтышууда.

Шайлоо камы: мыйзамга катылган оюндар

Күзүндө боло турган парламенттик шайлоонун алдында Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланууда.

Өткөн аптада “Ар-намыс” фракциясынан депутат Замир Бекбоев саясий партиялардын тизмесин шайлоо бүткөн соң кайра өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын расмий чыгарган соң, саясий партиялар талапкерлердин тизмесин өзүнүн курултайында карап чыгып, талапкерлерге мандатты шайлоо маалында аткарган ишине, активдүүлүгүнө, чогулткан добушуна карата бөлүштүрүшү керек. Эл өкүлү азыркы мыйзам талапкерлерге мандаттын тең укукта бөлүнүшүн камсыздай албай жаткандыгын белгилейт.

- Тизмеде 5-орунда турган адам жана 35-орунда турган адам бар дейли. Анан биринчиси шайлоодо болгону 3 миң эле добуш алса, ал эми экинчи адам 15 миң добуш алса, анда кимиси парламентке өтүшү керек. Шайлоодо добуш алып келбеген адамдын парламентке өтүүгө кандай укугу бар? А тиги көп добуш алган 35-орундагы кишинин алган 15-20 миң добушу эсепке алынбашы керекпи?

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бул демилгени парламенттеги “Республика” жана “Ата Мекен” фракцияларынын депутаттары да колдоого алышууда. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматовдун пикиринде, эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда шайлоого катышкан талапкерлер арасында эркин атаандаштыкка жол ачылмак. Башкача айтканда, тизменин башында акчасына ишенген талапкер менен тизменин артындагы активдүү иш алпарган талапкердин укуктары теңелмек.

- Талапкерлерге мүмкүнчүлүк берип, эркин атаандаштыкка шарт түзүшүбүз керек. Башкача айтканда, көпчүлүк учурда партиянын лидерлери же ошол талапкерлердин арасында акчасынын көптүгүнө байланыштуу алдыңкы тизмеде туруп алгандар өтүп кетээрине ишенип, үгүт иштерин жакшы жүргүзүшпөйт. Ошол эле учурда артта туруп иштеп жаткандарда өтүү мүмкүнчүлүгү чектелип калып жатат. Партиялар тизмени кантип түзөт, мандатты кантип бөлүштүрөт - бул партиянын ички маселеси боюнча калышы керек. Бул шайлоочуларга эч кандай оң же терс таасирин тийгизбейт.

Тизмени өзгөртүү элди алдоого барабар

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, демилгенин артында өз партиясынын кадыр-баркына ишенбегендердин кайрадан мурункудай көп мандаттуу округдарга баруу кызыкчылыгы турат. Алар бул жол менен жер-жерлерден, райондордон, айылдардан кимди гана болбосун саясий позициясына, көз карашына карабай туруп, эптеп тизмеге киргизип, алар аркылуу партияга көп добуш топтоону максат кылууда. Партия талапкерлерди деңгээли туурасында шайлоодон кийин эмес, шайлоодон мурда ойлонушу керектигин айтат эл өкүлү.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

- Мыкты иштеп, эл арасында кадыр-баркы чоң, жакшы добуш алат дегендерди тизменин башына коюш керек да андай болсо. Партиялар ар бир талапкер боюнча тизме түзгөнгө чейин иштеш керек. Алардын аргументи тизменин башындагы 20-30 киши акчасын берип коюп, иштебей жатып алат деген нерсе болуп жатат. Анда акчасын албай, добуш алып бере турган мыкты жигит кыздарды тизменин башына коюшсун.

Парламентте шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан мындай өзгөртүүлөр боюнча жарандык коом тынчсыздануусун билдирүүдө. “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, Кыргызстанда шайлоочулар добушун партияга эмес, партия ичиндеги конкреттүү талапкерге карап беришет. Демек шайлоочу добушун берген соң тизмени кайра өзгөртүп жиберүү аларды алдагандыкка жатат. Кыргызстанда азыр шайлоочуларды партияга, анын идеясына добуш бергидей деңгээлге жеткирүү үчүн саясий партиялардын күчтүү программалары, алдына койгон так жана даана максаты болушу керек. Тилекке каршы бул нерсе азыр өлкөдө калыптана электигин белгилейт укук коргоочу.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

- Азыр беш фракциянын программалары окшош, өтө жалпылаштырылган. Конкреттүү түрдө ким, качан, кандай жумуш жасайт деген нерсе жок. Ошондуктан азыр шайлоочулар партиянын ичиндеги бир талапкерге ишеним артып, ошого жараша партияга добушун берет. Ушундай учурда партия шайлоодон кийин ал талапкерлерди өйдө-ылдый жылдыруусу - бул шайлоочуларды алдагандай болуп калып жатат.

Аталган мыйзам долбоору өткөн аптада парламентте добушка коюлуп, өтпөй калган соң экинчи окууга кайтарылган. Эми эл өкүлдөрү аны бул аптанын шаршемби же бейшемби күнү кайра экинчи окууда добушка койгону жатышат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG