Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Абдымомунов: Шайлоону бузганга кызыкдар киши жок


Өткөн шайлоо нааразылык акциясы менен коштолгон.
Өткөн шайлоо нааразылык акциясы менен коштолгон.

Бүгүн Коргоо кеңеши шайлоодогу коопсуздук темасын талкуулоодо. Коопсуздук маселелери туурасында эксперт Алишер Абдымомунов "Азаттыкка" маек курду.

- Шайлоодо кандай коркунучтар болушу мүмкүн?

- Албетте коопсуздук маселеси шайлоодо чоң мааниге ээ. Эми коопсуздукка таасир этчү факторлорду алалы. Биринчиден, бийлик кандай болсо да өз ордун ээлеп, кандай болсо да жумушун аткарып жатат. Кылмышкерлерди, кылмыштуу чөйрөнүн ана башчыларын камакка алып, тоо астында жатканы да бар. Бул ички фактор.

Ал эми Кыргызстандагы шайлоо процессине, саясатка аралашкан сырткы күчтөр биздеги бийликтин түрдүү структураларын ээлеп, алардын деле жумушу жүрүп жатат.

Реваншисттик, кылмышкерге байланышкан күчтөр азыр сасяий бийликтин структураларында отурушат. Ошондуктан абалды дестабилдештиргенге, шайлоону бузганга көп деле кызыкдар киши жок. Негизинен шайлоо коопсуз тартипте өтөт деген божомолдор бар.

- Буга чейин айрым талапкерлер шайлоо маалында кырдаалды курчутканга тышкы күчтөр кызыкдар дешсе, айрымда реваншисттер алдыга озуп кетиши ыктымал деп белгилешкен. Бул сөздөрдүн негизи жокпу?

- Азырынча бул саясий жана пиар үчүн айтылган сөздөр. Анткени ошол эле кызыкдар күчтөр, реваншисттер жана сырткы күчтөрдүн биздеги жүргөн элементтери өзүнө жараша оокатын, ашын, бийлигин ээлеп жатат. Ошол себептүү алар стабилдүүлүктү бузууга көп деле кызыкдар эмес.

Ал эми бүгүнкү жыйында мамлекет ичинде болгон жагдай, аны бузганга кызыкдар болгон күчтөр жөнүндө сөз болот жана алдын алуу тапшырмалары берилет деп ойлойм. Тийиштүү саясий күчтөрдүн кимисинин мүнөзү, урааны жана иштери тополоң кылганга шайкеш келет. Мына ошолорду алдын алуу маселеси талкууланат.

- Президент Роза Отунбаева кыргыз-тажик чек арасын бекемдеш керек деген маселени көп көтөрөт. Эксперт катары айтсаңыз, чек арадан кандай коркунучтар болушу мүмкүн?

- Чек ара тараптан тике бизге коркунуч кыла турган саясий күч, партия болобу, топ болобу - айтууга кыйын. Бирок божомолдор боюнча Орто Азиядагы жагдайды бузабыз деген саясий күчтөр бар. Бирок алар Кыргызстандагы саясий окуяны пайдаланат дегенге ишенбей турам.

- Шайлоо маалында кырдаал олку-солку болуп кетсе, ошондон пайдаланышы ыктымал деген да сөздөр бар?

- Өтө курч мүнөздө шайлоо кампаниясын алып барган талапкерлер азыркы аренада жок. Талапкерлердин жер-жерлерде иштеп жаткан өкүлдөрүнүн маанайына караганда экстремисттик же жагдайды бузабыз деген ойлор жок. Бир маселе - саясий ишмерлер ушул окуяга байланыштуу Кыргызстанды түндүк-түштүгүн бөлбөйлү, бириктирели деп, ошого таянып кампанияларын баштаган болчу. Бирок акыркы окуялар ага дал келбей жатат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG