Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Шайлоо: Медведев менен сүрөткө түшпө!


Былтыр парламенттик шайлоо алдында партия лидерлери Орусия башчылары менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде кеңири колдонушкан. (Сүрөттө: Орус президенти Дмитрий Медведев "Ар-Намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен. Москва, 2010-жылдын 22-сентябры.

Былтыр парламенттик шайлоо алдында партия лидерлери Орусия башчылары менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде кеңири колдонушкан. (Сүрөттө: Орус президенти Дмитрий Медведев "Ар-Намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен. Москва, 2010-жылдын 22-сентябры.

Бул жолку шайлоодо президенттикке талапкерлер чет өлкөлүк бийик даражалуу адамдар менен түшкөн сүрөт, видеолорун үгүт иштеринде колдоно албайт.

Мындан тышкары Кыргызстанда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк телеканалдардын мазмуну да көзөмөлгө алынганы турат. Бирок айрым адистер бул чектөөлөрдүн толук аткарылышынан күмөн санашууда.


Жаңы мыйзам - жаңы чектөө


Былтыркы күздөгү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо айрым партия лидерлери Орусия президенти Дмитрий Медведев, премьери Владимир Путин менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде пайдаланышкан.
Жакында кабыл алынган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам талапкерлерге башка өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери менен түшкөн сүрөттөрүн, видеолорун үгүт иштеринде колдонууга тыюу салат. Анткени, буга чейинки шайлоолордо талапкерлердин чет өлкөлүк бийик даражалуу саясатчы, өкмөт өкүлдөрү менен түшкөн сүрөттүн, видеолорун үгүт иштеринде колдонуп, рейтингин көтөрүү аракеттери көп эле байкалган.

Мисалы, былтыркы күздөгү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо айрым партия лидерлери Орусия президенти Медведев, премьери Путин, ал турсун президенттин аппарат жетекчиси менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде байма-бай пайдаланышкан.

Дагы бир мыйзамдык чектөө чет өлкөлүк каналдарды алып көрсөткөн жергиликтүү телеканалдарга карата киргизилди. Ага ылайык, жергиликтүүлөр чет жактык каналдардын берүүлөрүн алдын ала жаздырып алып, текшерген соң гана бериши кажет. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымов бул жобонун маанисин мындайча чечмелейт:

Нурмамат Ашымов
- Чет өлкөлүк телерадиоберүүлөрдүн бардыгын, шайлоого тиешелүү маселелердин бардыгын биринчи көрүп туруп, анан Кыргызстандын аймагында жаздырылган кассетасын көрсөтүү керек. Жергиликтүү каналдар алдын-ала жаздырып, ошолорду иргеп туруп эфирге бериши абзел. Ошол жерде үгүт барбы, же жанакы кара пиарды колдонуп жатабы, болоор болбос нерсе менен башка бирөөнү жамандап жатабы, ошондойлор болбошу үчүн ретранцляция кылган компаниялар алдын ала жаздырып туруп көрсөтүүгө тийиш.

Өткөн күздөгү парламенттик шайлоодо чет өлкөлүк, атап айтканда Орусиянын теле каналдары кайсы бир талапкерди ачыктан ачык колдоп, же бирөөсүн каратып туруп жамандап, Кыргызстандын шайлоочуларына таасир эткен. Эми Боршайком сырттан таасирди азайтуунун ушул жолун тапты.


Чектөөлөр жергиликтүү каналдардын башын катырууда


Ал ортодо Орусиянын каналдарын алып көрсөткөн жергиликтүү каналдар мындай чектөөлөрдү сөз эркиндигине басым катары баалап жатышат. Маселен, Орусиянын НТВ каналын алып көрсөткөн жергиликтүү НТС каналынын жаңылыктар кызматынын башкы редактору Айдай Ивакова мыйзамды аткаруу кыйынчылыктар менен коштолоорун каңкуулайт:

- Эң эле кыйыны биз НТВ менен келишим түзгөндө, алардын көрсөтүүлөрүн биз түз эфирде көрсөтүшүбүз керек болчу. Ошол жагынан маселе жаралып жатат да. Эгерде биз алардын берүүлөрүн алдын ала жазбай туруп түз эфирден чыгарсак, мыйзамды бузган болобуз. Эгерде жазып алсак, келишимди бузган болобуз. Ушул жагынан да кыйынчылыктар туулат бизге.

12 саат болсо дагы, анын барын жаздырып алып, анын баарын карап чыгыш бул эмне деген каражаттарды талап кылат. Экинчиси Борбордук шайлоо комиссиясына жаздырылган материалдарды беришпейт ...
“Бишкектиги “Интерньюс Нетуорк” медиа өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, медиа-талдоочу Мария Растнер бул чектөөлөрдөн жергиликтүү каналдар эле жабыркап калышы мүмкүн деген ойдо:

- Мен буга чейин бул маселе тууралуу оюмду айткам. Мен саясатчылар жана БШК тарабынан жасалган бул аракеттерге каршымын. Бул өңүттөгү чектөөлөр жакшы жыйынтыктарга деле алып келбейт. Биринчиден, бул аракет цензура жыттангансып турат. Экинчиден, эгер саясатчылар тыш жактан келген жаман жагдайлардан сактангысы келсе, ал үчүн чектөөлөрдү өлкө ичинде киргизип жатса, бул жагдайдан чет элдик эмес, жергиликтүү маалымат каражаттары эле жабыркап калат.


Мыйзам аткарылабы?


Боршайкомдун мурдагы жетекчиси Акылбек Сариев билдиргендей, үгүт иштеринде ушул өңүттөгү чектөөлөрдү киргизүү маселеси мурдагы шайлоолор учурунда эле көтөрүлгөн экен. Бирок чектөөлөрдү киргизүү менен аларды аткаруу жагы маселе жараткан дейт Сариев:

Акылбек Сариев
- Анткени аны аткаруу үчүн көп каражат керек. Элестетип көргүлө, бир күн кечке, 24 саатты, 12 саат болсо дагы, анын баарын жаздырып алып, анын баарын карап чыгыш бул эмне деген каражаттарды талап кылат. Экинчиси Борбордук шайлоо комиссиясына жаздырылган материалдарды беришпейт дагы. Берсе да убагы менен бере албайт.

Кантсе да, Боршайком мыйзамды аткаруунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп жатат. 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун үгүт иштери 25-сентябрда башталганы турат. Ал эми президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 16-августта аяктайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG