Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Бүгүн 10дон ашык өлкөнүн акыйкатчылары катышкан IV Ысык-Көл форуму башталды. Иш-чараны утурлай “Азаттык” акыйкатчы Турсунбек Акунду кепке тартты.

“Азаттык”: Акыйкатчылардын үч күндүк жыйынында негизинен улуттук азчылыктардын укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланат экен. Мындай эл аралык симпозиум ушуну менен төртүнчү ирээт өтүп жатыптыр. Айтсаңыз, акыйкатчылардын биригип алып курган жыйыны үзүрлүү болуп, майнап чыгып жатабы?

Турсунбек Акун: Өзүңөр билесиңер, үчүнчү Ысык-Көл форуму 2009-жылы өткөрүлгөн. Ага негизинен Европа өлкөлөрүнүн акыйкатчылары катышкан. Бул жерде азыр үч континенттин өкүлдөрү катышып жатат. Австралия, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн келишти. Бардыгы 15тей мамлекеттен келишти.

Мындай жыйындардан жыйынтык чыкпайт дегенге болбойт, анткени акыйкатчылар биригип алып адам укугунун абалын талкуулайт. Мисалы, биз Кыргызстандагы адам укугунун абалын айтып беребиз, башка өлкөлөр да өздөрү тууралуу маалымат беришет. Анан бири-бирин салыштырып, маалымат, тажрыйба алмашабыз. Бири-бирибизге келип, окууларды өткөрөбүз.
Өлкөдөгү башка улуттун укуктары титулдук улуттун укуктары сыяктуу эле корголушу керек.

Андан сырткары миграция маселелери боюнча чогуу аракеттерди көрүп жатабыз. Мисалы, Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө биздин балдар камалып калып жатат. Акыйкатчылар аларды чыгарганга жардам берип жатат. Алардын жарандары бизде камалып калса, биз жардам бергенге аракет кылып жатабыз.

Ошондой эле акыйкатчылардын маалымат борборун түзүп жатабыз. Бул жыйындагы эң негизги жыйынтык – мен Евразия чөлкөмүндө акыйкатчылардын ассоциациясын түзүү демилгеси менен чыгып жатам.

“Азаттык”: Акыйкатчылардын ишинин жалпы стандарттары барбы? Мисалы, Кыргызстанда акыйкатчы менен парламент кайым айтышып жатат.

Турсунбек Акун: Жыйында бул тууралуу атайын сөз болот. Анткени парламент менен акыйкатчынын ортосундагы он айлык кармашуу аягына чыкпай жатат. Бирок Акыйкатчы институту өзүнүн көз каранды эместигин дайыма жарыялап келатат.

Жыйында башка өлкөлөрдүн акыйкатчылары парламент аларга кандай мамиле кылат, парламенттен көз каранды болуш керекпи, же болбош керекпи деп талдап, баасын берет. Парламент кандай иштеш керек, акыйкатчы кандай иштеш керек деп, эл аралык стандартты түшүндүрүп пикирлерин айтат. Жыйынга биздин депутаттар, президенттин администрация башчысы, вице-премьерлер, вице-спикерлер катышып жатат. Алар да башка өлкөлөрдө парламент менен акыйкатчы кандай иштеп жатканын угушат.

“Азаттык”: Акыйкатчылар жыйында Кыргызстандагы шайлоо жана шайлоочулардын укуктары тууралуу сөз болот экен. Кандай жагдайларга кайрыласыздар?

Турсунбек Акун: Кыргызстандын эле эмес, дүйнө тарыхында башка өлкөлөрдүн акыйкатчылары үч күндүк форумга эле катышпастан, президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары келатышат. Алар БШКдан аккредитациядан өтүштү. Акыйкатчылар шайлоого байкоо жүргүзүп, мониторинг жасап, добуш берүү бүткөн соң өз бааларын берет.

Жарандардын шайлоого болгон укугу тууралуу чоң сөз болот. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын айтып беришет. Шайлоо процесси боюнча форумда чоң талкуу болот.
Бул жыйындагы эң негизги жыйынтык – мен Евразия чөлкөмүндө акыйкатчылардын ассоциациясын түзүү демилгеси менен чыгып жатам.

“Азаттык”: Сиз жакында эле Тажикстанга барып, ал жактагы кыргызстандык жарандардын укуктарына кызыктыңыз эле. Башка акыйкатчылар да ушинтип Кыргызстанга келип, өз жарандарынын укуктук абалынан кабар алышабы?

Турсунбек Акун: Кыргызстанга башка акыйкатчылар мындай максатта келе элек. Бул жаатта Кыргызстандын акыйкатчысы биринчилерден болуп ар кайсы жакка каттап атабыз. Бул биз өзүбүздүн жарандарыбызга көбүрөөк кам көрүп жатабыз дегенди түшүндүрөт.

“Азаттык”: Бул жолку форумда негизги көңүл улуттук азчылыктардын укугуна буралат экен. Кандай негизги жагдайлар тууралуу сөз кыласыздар?

Турсунбек Акун: Каргашалуу июнь окуясынан бери бир жылдан ашуун убакыт өттү. Кырдаал толугу менен турукташты деп айтканга болбойт. Чыңалуу дагы деле калып жатат. Өлкөдөгү башка улуттун укуктары титулдук улуттун укуктары сыяктуу эле корголушу керек.

Улуттар аралык, этностор аралык кагылышуу болбош үчүн кандай механизмдер иштеш керек, кандай жолдорду табыш керек, өкмөт, Жогорку Кеңеш жана акыйкатчы кандай чараларды көрүшү керек деп сөз кылабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG