Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Жарышка түшкөн он төрт саясий партиянын бири “Ата Мекен” парламенттик шайлоого жаңы саясий платформа жана жаңы партиялык тизме менен аттанды.

Программасына караганда “Социалисттик Ата Мекен” өз саясатын адилеттүүлүктүн, тилектештиктин, социализмдин жана өнүгүүнүн түпкү баалуулуктарына таянып жүргүзөт.

Партия лидери Өмүрбек Текебаев жакында коомдук теледебатта программалык тезистерин айтып жатып, буларды белгиледи:

- “Ата Мекен” партиясы социалисттик адилеттүүлүктүн партиясы. Биз мамлекет бардык адамдарга бирдей шарт түзүп, бирдей шанс берүүсү зарыл деп эсептейбиз. Биз “пулуң болсо - кулуңмун” деген идеологияга каршыбыз. “Ата Мекен” партиясы рыноктук экономиканы колдойт, бирок рыноктук коомго каршы.

Анткен менен эксперттер “Ата Мекендин” программасын жарыштагы партиялардын коёндой окшош, кыял менен фантазияга шыкалган программаларынын бири катары санап, өзгөчө баага арзыбайт деп жатышат.

Саясат таануучу Элмира Ногойбаева, маселен, “Ата Мекен” социалисттик идеологияга шайкеш келтирүү аракети менен гана айырмаланып турарын айтат:

- Бир да партиянын реалдуу программасы жок. “Ата Мекендики” деле ошол өңдүү. Болгону “Ата Мекенде” өзүнүн социалисттик идеологиясынын документтерине шайкеш келтирүү аракети бар.

Талдоочулар партияны айрыкча тышкы саясатка багытталган өзөктүү программасы жок деп сындашууда. Саясий платформада Евразия экономикалык биримдиги, Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюмдары өңдүү уюмдар менен тыгыз кызматташтык партия үчүн маанилүү экендиги белгиленген.

Лидер Текебаев өзү болсо “Азаттыкка” берген акыркы интервьюсунда көп векторлуу саясатты колдоорун айтып, бирок тышкы саясатты партия кандай жүргүзөрү “кырдаалдан көз каранды” дегени бар. “Ата Мекен” 2010-жылга чейинки саясий сапарында батышчыл көз караштагы партия катары таанылган. Башкаруу системасын өзгөрткөн жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Орусия жана анын таасириндеги бир катар өлкөлөрдүн саясий чөйрөсү тарабынан өгөй мамилеге кабылган.

Журналист Замир Өсөров - “Ата Мекендин” программасын социалисттик идеологияга жана популизмге ыктап турат деп сындап жүргөндөрдүн бири. Бирок саясий атаандаштыктын азыркы чабал жагдайы жана мамлекеттик кызыкчылык программага эмес, партиянын жана анын лидеринин саясий салмагына, интеллектуалдык кудуретине карап тандоону шарттап турат дейт. Бул жагынан журналистти жарыштагы партиялардын ичинен “Ата Мекен” ынандырган жайы бар:

- Саясий салмакты караганда КСДП жана анын айланасындагы дагы эки-үч партия бар. “Ата Мекен” аларга тең салмакта боло алат деген үмүт. Себеби башка партиялар жарай албайт. Бир топ партиялар президенттик бийликти алып келебиз деп атышат. Бул абдан коркунучтуу.

Парламенттик башкарууга негизделген азыркы Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттик башкарууну алып келебиз деп шайлоого бараткан саясий күчтөрдүн бири - “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”.

Мамлекеттик башкаруу системасынын айланасындагы акыркы кайым айтыш жакында Коомдук Биринчи каналда уюштурулган теледебатта азыркы Баш мыйзамды стабилдүүлүктүн символу деп эсептеген Өмүрбек Текебаев менен өлкөдө темирдей тартип орнотууну каалаган Адахан Мадумаровдун ортосунда жүрдү. Партия лидерин атаандашы “социалисттик деген чапанды жамынып алып, охлократия оюнун ойноп жатасыз” деп айыптады.

Лидер Текебаевди оппоненттери өз айлакердигин жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланууга маш адам деп сындап келишет. Мындайда шайлоо тизмесине партияга мүчө эмес, бирок таасирдүү, оппозициялык маанайдагы Мелис Мырзакматов, Аида Салянова, Клара Соронкулова өңдүү саясатчылардын киргизилиши мисалга алынып жатат.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева мунун баарын Текебаевдин парламентте ордун сактап калуу үчүн жасаган кезектеги айла-амалы деп эсептейт:

- Өзүнө каражаттуу адамдар керек болгон үчүн Чотонов, Калмаматов сыяктуу партияга кызмат кылгандардын бардыгын тизмеден ыргытып атат. Мырзакматовду болсо түштүктө анын деңгээлин өзүнөн ылдый түшүрүш үчүн тандап алды.

"Ата Мекендин" Ош шаарындагы баннери

"Ата Мекендин" Ош шаарындагы баннери

Журналист Замир Өсөровдун баамында, Мелис Мырзакматовду кошуу аркылуу “Ата Мекен” тескерисинче, саясий күчтүү жүрүш жасады:

- Бул күчтүү жүрүш болду. Демократиялык нормалдуу процесс. Себеби Текебаев добуш жагынан Ош облусунда алсыз болчу.

Текебаев өзү болсо партиялык тизмеге “принциби бар, идеялары дал келген адамдар чогулду” деген жообун берип жатат.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Ата Мекен” жарышка түшкөн саясий партиялардын ичинен саясий тажрыйбасы жагынан карылуу жана оппозициялык турумду карманган саясий күч болууда дейт. Ошондуктан, бул партия бардык аракеттерин оппозициячыл күчтөрдү колдогон электораттын добушун алууга жумшап жатат:

- Ар бир өлкөдө шайлоочулардын 30 пайызы оппозицияны, эр жүрөктөрдү колдойт. “Ата Мекен” ошол 30 пайызды өзүнө тартуу аракетин жасап жатат.

Өмүрбек Текебаев легендарлуу парламентти кошкондо Жогорку Кеңештин беш жолку чакырылышына депутат болду. “Ата Мекен” социалисттик партиясы Жогорку Кеңештеги иш мөөнөтү бүтүп бараткан башкаруучу коалициянын мүчөсү.

Партия 2010-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен беш партиянын ичинен акыркы орунду алып, 18 мандатка ээ болгон. “Ата Мекенди” Өмүрбек Текебаев 1992-жылы түптөгөн.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG