Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Талапкерлер БШК менен соттошууда


Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт.

Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкер Акбаралы Айтикеевдин арызын канааттандырып, Мамбетжунус Абыловдун өтүнүчүн четке какты.

Мамбетжунус Абылов Борбордук шайлоо комиссиясында түзүлгөн Тил комиссиясы аны мамлекетик тилди билбейт деген чечимине нааразы болуп, сотко арызданган эле.

“Тилинен чаң чыккандар”

17-сентябрда президенттикке талапкерлер Марат Иманкулов, Анарбай Калматов, Төрөбай Көлүбаев жана Өмүрбек Эгембердиев мамлекеттик тилден сынак тапшырып, кыргыз тилин билет деген баага татыды.

Мамлекеттик тилди билет деп табылган Марат Иманкулов сынактан кийин буларды билдирди:

- Стилистикалык каталарды кетирип койомбу деген кооптонуулар болду. Бирок сынактын үч тартиби боюнча тең билет деген баа беришти. Эң жакшы, жакшы же начар деп эмес, билет, билбейт деген гана баа берилет экен.

Ал эми тил комиссиянын бул күнкү отурумуна төрагалык кылган Турусбек Маразыков жазуу түрүндөгү сынакта талапкерлердин баарынан ката кеткендигин белгиледи.

- Бүгүн төрт талапкер тапшырды. Алардын баарына тең "тилди талапка ылайык билет" деген чечим чыгардык. Жазуу иши боюнча анча-мынча талаптагыдай болгон жок. Бирок оозеки айтып берүүдө жана көркөм окууда жакшы болду. Ошондуктан билет деген чечим чыгарылды.

Ушу тапта мамлекеттик тилден сынак тапшыра элек дагы 17 талапкер калды. 18-мартта дагы беш талапкердин сынак тапшыруусу күтүлүүдө. Ал эми акыркы сынак 23-сентябрда өтөт.

Тил комиссиясына таарынгандар

Ал аралыкта тил сынагынан кулап калган талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясы менен соттошуп жатат.

Президенттикке аттанган Эркин Бөлөкбаев, Сейтек Байгуттиев, Замирбек Парманкулов жана Мамбетжунус Абылов тил сынагынан өтпөй калган. Булардын ичинен Замирбек Парманкулов менен Мамбетжунус Абылов Тил комиссиясын "укугунан ашкере пайдаланып жатат" деп, аны сотко берген.

Тил комиссиясынын мүчөсү Туруcбек Маразыков сотто ал арыздар четке кагылганын “Азаттыкка” билдирди.

- Сот тил комиссиясы өз укугунан ашкере пайдаланган жок деген чечим чыгарды. Анткени БШКнын бекитүүсү менен комиссия түзүлгөн, анын жобосунун негизинде иш жүргүзүлүп жатат. Ошондуктан бизде укуктан ашкере пайдалануу болгон эмес.

Ал эми талапкер Мамбетжунус Абылов муну саясий чечим деп баалайт. Ал Биринчи май райондук соту арызды адилеттүү карабай жатат деп нааразы болууда.

- Сотко тил комиссиясынын мүчөлөрү келсин, алар эмне үчүн мындай чечим чыгарганы үчүн жооп берсин, берген бааларын түшүндүрсүн десем, аларды да чакырбай жатат. Мага далилдүү материалдарды бербегени жана адамдарды сотко чакырбаганы үчүн мен бул сотко ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүч келтирдим. Бирок ал менин өтүнүчүмдү кабыл алган жок, анын ордуна аныктама жазды.

Абылов буга байланыштуу Жогорку Сотко арызданганын кошумчалады.

Айтикеев менен БШКнын талашы

Ошол эле кезде Биринчи май райондук соту президенттикке дагы бир талапкер Акбаралы Айтикеевдин арызын карап, аны канааттандырды. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Акбаралы Айтикеевди кол топтоону комиссия тарабынан атайын аныкталган тартипте эмес, өзү билгендей толтурган деп, аны жараксыз деп тапкан.

Ага ылайык, 12-сентябрда Айтикеевди талапкерлигин каттоодон баш тартуу чечимине токтолушкан. Буга макул болбогон Акбаралы Айтикеев Биринчи май райондук сотуна арызданган болчу.
Сот тил комиссиясы өз укугунан ашкере пайдаланган жок деген чечим чыгарды. Анткени БШКнын бекитүүсү менен комиссия түзүлгөн, анын жобосунун негизинде иш жүргүзүлүп жатат.

16-сентябрда судья Алымкуловдун төрагалыгындагы сот Борбордук шайлоо комиссиясын Айтикеевди талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарууга милдеттендирди.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясы Акбаралы Айтикеевди талапкер кылып каттоодон баш тарта тургандыгын билдирүүдө. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Канатбек Абдукадыров “Азаттыкка” маалымдады:

- Биз Биринчи май райондук соттун чечими менен макулбуз. Бирок биз аны кабыл алып, кайра жокко чыгарабыз. Кандай болгон күндө да БШК жокко чыгаруу боюнча чечим чыгарат. Анткени ал кол чогултуу боюнча атайын аныкталган форманы колдонгон эмес.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлердин саны 17-сентябрга карата 31 адамды түзүүдө.

XS
SM
MD
LG