Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Кыргызстандын мамлекет башчылыгына талапкер болом деп арыз бергендердин саны 83 адамды түздү. Айрым талдоочулар президенттик үчүн талапкерликке арыз бергендердин мынчалык көп саны Кыргызстандан башка бир дагы мамлекетте катталган эмес деп белгилешет.

Айрымдары муну демократиялык тандоого жол койгон ийгилик катары карашса, кээ бирлери аны коомчулуктагы ашынган амалпараздык катары мүнөздөшүүдө.

15-августтан 16-августка караган түнү президенттикке талапкер катары арыз бергендерди каттоо токтотулду. Президенттик үчүн ат салышка түшкүсү келгендердин он алтысы саясий партиялардан көрсөтүлүп, калган алтымыш жети жаран өзүн-өзү көрсөтүү укугунан пайдаланышты. Алардын арасында жыйырма жылдан бери саясатта жүргөндөрү да, коомчулукка ысымдары тааныш эместери да көп экендиги айтылды.

Мурдагы легендарлуу парламенттин төрагасы, учурда Кыргызстандын Ирандагы элчиси Медеткан Шеримкулов саясий элитанын ичинен татыктуусун тандап алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн белгиледи:

- Жарышка чыгып жаткан азаматтарыбыздын баарын тең эле баягы Толубай сынчыдай сынап, “силер жарабайсыңар” дегенге болбойт. Эл өзү карап көрүп, “биздин бычакка сап болоор, тирек боло тургандарыбыз бар экен” деп, бирөөсүн тандап алат. Бизде башкалар сыяктуу эле калыптанып келе жаткан саясий элита бар. Бирок анын деңгээли кандай, ал башка маселе.

Талапкерликке талап бошоңбу?

Президенттикке талапкерлик үчүн арыз бергендердин он тогузу жумушсуз. Ошондой эле алардын арасында бир пенсионер, бир мугалим, эки врач, алты илимпоз, эки фермер жана эки куудул бар. Мындан сырткары тогуз коомдук уюмдун жетекчиси, беш журналист, он ишкер, парламенттин үч депутаты жана ар кайсы мамлекеттик бийлик органдарында иштеген жети кызматкер ажолукка талапкер болуу ниетин билдиришкен.

Саясат талдоочу Имамберди Жалилов талапкерликке арыз бергендердин санынын көптүгүн бир катар жагдайлар менен байланыштырды:

- Биздин өзүбүздүн улутка гана мүнөздүү белгилерибиз бар. Ошонун бири - 83 адамдын жарымынан көбүн түзгөн “ушу элге бир көрүнүп койсом” дегендер.

Экинчи топтогулар башка бир күчтүүрөк талапкерди колдош үчүн же ага бут тосуу максатында саясий соодалашуу үчүн бара жаткандар.

Үчүнчү топтогулар мына ошол жагдайларды пайдалануу менен артыкчылыктуу добуш алууга умтулган саясий күчтөрдүн башчылары.


Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн эми алар өздөрүн колдогон отуз миңден кем эмес адамдын колун топтоп, жүз миң сом өлчөмүндө күрөөнүн акысын төлөөгө тийиш. Ошондой эле талапкерлердин соттолбогондугун, жарандыгын жана мамлекеттик тилди канчалык билерин аныктоочу текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Серепчи Жума Абдуллаев талапкерлерди жылдыруунун жана каттоонун жөнөкөйлүгү бул иш-чараны мазактоого чейин алып барып жатат деп эсептейт:

- Талапкерликке жылдыруу, көрсөтүү же каттоо учурунда койулган талаптардын бошоңдугу мына ушуга алып келүүдө. Мамлекеттин тагдырына жооп бере турган кызмат орду үчүн талапкерликке кайсы бир ашууларды ашып, тажрыйба топтогон адамдарды гана тандап, алардын атаандаштыгын камсыздай турган эрежелер болсо жакшы болмок. Мына азыркы талаптардан деле жанагы сексенден ашуун адамдын көбү өтө албайт болуш керек. Бирок мына ошол эрежелер бир кыйла катуураак талаптарды кошуу менен арыз бергенге чейин жүргүзүлсө туура болмок.

Бүктөлбөгөн бюллеттендер

Серепчилер талапкерлерди электен өткөрүүдөн кийин алардын саны отуз-кырктын айланасында калышы мүмкүн деп божомолдошууда. Ошондуктан алардын үгүт иштерине мүмкүнчүлүк берүүгө убакыт тардык кылары белгиленди. Мындан сырткары аталган сандагы талапкер катышкан саясий өнөктүк үчүн мамлекеттик бюджеттен оңой эмес каражат сарпталарын эскертишүүдө.

БШКнын мурдагы мүчөсү Абдымомун Мамараимов шайлоо бюллеттендерин даярдоодо кыйынчылыктар орун ала турганына токтолду:

- Бул эми президенттиктин макамын түшүнбөстүктөн болуп жатат. Мени ойлондурганы - бюллеттен даярдоонун кыйынчылыгы. Муну биз өткөн парламенттик шайлоодо көп партиялар ат салышкан учурда жон терибиз менен сездик го.

Алардын арасынан жарымы расмий түрдө катталганда да бюллетен өзүнчө эле бир укмуштай болот. Аны даярдап чыгуунун жана андан талапкерлерди издеп таап добуш берүүнү мен азыр элестетип жатам.


Борбордук шайлоо комиссиясынын календардык жадыбалы боюнча мындан ары талапкерликке арыз бергендердин тапшырган документтери текшерилип, аларды расмий түрдө каттоонун шарттары башталмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG