Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Үгүт өнөктүгүнө өспүрүмдөр да тартылууда


Айрым укук коргоочулар үгүт өнөктүгүнө мектеп окуучулары тартылып жатканын айтып чыгышты. Алар айрым мектептерде окуучуларга көрсөтмөлөр берилгенин мисал келтирүүдө.

Шайлоо өнөктүгүнө мектеп окуучуларынын тартылып жатканын “Ойлоном, тандайм, келечегим бар” маалыматтык кампаниясынын уюштуруучулары жар салышты.

Бул иш-чаранын басма сөз кызматчысы Айсулуу Сартпаева бир катар фактыларды келтирди:

- Бир талапкер үгүт маалында өзүнүн желекчелерин, плакаттарын кичинекей балдарга карматкан экен. Ош дубанында балдар үймө-үй кыдырып, кайсы бир талапкерге добуш берүүгө үндөгөнү белгилүү болду.

Аталган жаштар уюмунун мүчөлөрү буга байланыштуу Боршайкомго атайын арыз менен кайрылууга керек документтерди топтоп жатышканын кошумчалашты. Борбордук шайлоо комиссиясынан мындай окуялар боюнча азырынча арыз келбегенин билдиришти.

Ал ортодо Бишкек шаарындагы мектептерде мугалимдер окуучуларды шайлоо өнөктүгүнө аралаштырууга аракет кылганы анык болду. Бишкек шаарынын атын атагысы келбеген тургунунун 2-класста окуган уулун класс жетекчиси ата-энесин кайсы бир талапкерге үгүттөөгө үндөгөн. Бул окуя тууралуу ал кысынып жатып айтып берди:

- Балам 2-класста окуйт. Класс жетекчиси кайсы бир талапкерге добуш бергиле деп айтыптыр.

Бишкек шаарынын тургуну Адила Доолбекова 5-класста окуган синдиси да ушундай окуяга кабылганын айтты:

- Кечээ жумуштан келсем ал “эжекем жекшемби күнү шайлоого ата-энеңерди колунан жетелеп алып келесиңер деди” деп айтты. Мындай окуя 18 жашка чыга элек өспүрүмдү саясатка аралаштырып, шайлоодогу үгүттүн бузулушу деп эсептейм.

Билим берүү министрлигинин өкүлү Керез Жукеева бул өңдүү окуялар боюнча даттануулар түшпөгөнүн, андай көрүнүштөргө каршы алдына-ала чара көрүлгөнүн билдирди.

- Мындан эки апта мурун министрдин шаардык жана райондук билим берүү мекемелеринин жетекчилерине үгүт иштеринде эч кандай административдик ресурстарды пайдаланбоо боюнча буйругу чыккан. Ушунун негизинде шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү иш жүргүзүп жатышат.

Кыргыз мыйзамдары мектеп окуучуларын үгүт иштерине тартууга тыюу салган. Бирок буга чейинки парламенттик жана президенттик шайлоолордо өспүрүмдөрдү кайсы бир талапкердин баракчасын таратууга, алтурсун талапкерге добушуңузду берип коюңуз деп үймө-үй кыдырткан окуялар катталган. Ошол эле учурда мындай фактылар боюнча кимдир бирөөнүн жоопкерчиликке тартылганы белгисиз.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG