Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Алдыдагы президенттик шайлоо көпчүлүк байкоочулардын баамында, Кыргызстан саясий жактан кандай багытта өнүгөөрүн аныктайт жана өлкөдөгү саясий туруктуулук президенттикке ким шайланарына көз каранды болот.

Бийликке келсе Баш мыйзамды өзгөртүү маселесине кайрыларын талапкерлер арасындагы негизги оюнчулардын айрымдары ачык айтса, экинчилери буга ишара кылууда.

Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укугун тактоочу жерлер бардыгын реформаны жактаган саясатчылар менен саясат таануучулар да жокко чыгарбайт. Ошол эле маалда жеке адамдын бийлигине кайтуу өлкөнү артка тартаарын, атүгүл карама-каршылыкка алып келерин белгилешет.
Жарты жолдон кайтуунун кереги жок. Коңшуларды айтпаганда, Кыргызстан жеринде парламентаризм кандай өнүгөрүнө бүткүл дүйнө байкоо салууда.

Кыргызстан 2010-жылдын июнунда кабыл алынган Баш мыйзам менен жашап жатканына бир жыл төрт айдын жүзү болду. Анын негизинде шайланган Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзамдарды Конституцияга ылайыктап жаткан кези. Жакында эле парламент кокус зарылчылык чыгып калса, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү укугун парламентке берүүнү караган мыйзамды кабыл алды. Мындай укуктун президенттен парламентке өтүп жатышын демилгечилер Конституциянын жоболорун аткаруу деп түшүндүрдү.

Бул аралыкта президенттин ыйгарым укуктарын кайра күчөтүү маселеси шайлоо өнөктүгү учурунда улам көтөрүлүүдө. Бул тууралуу талапкерлердин расмий программаларында айтылат. Бирок эл алдына чыкканда негизги талапкерлердин бири муну ачык айтса, экинчилери "кагазга ороп" сунуштоодо.

Күтүлгөн нерсе

АКШдагы Жорж Мейсон университетинин профессору, Кыргызстандагы саясий жараяндарга жакындан байкоо салып келе жаткан Эрик МакГлинчинин “Азаттыкка” айтканына караганда, президент болгусу келгендердин бийлигин күчөтүүнү көздөгөнү күтүүсүз эмес:

- Парламенттик система Кыргызстанга жардам берет деген мурдагы билдирүүлөргө карабай, чындыгында силер президенттин кызматын узагыраак убакытка ээлей турган адамга ээ болгондон кийин аны өз бийлигин калыбына келтирүүгө түрткөн стимулдар чыгат. Бул күтүүсүз эмес, албетте, жагымсыз, бирок бул күтүлгөн нерсе.

Алексей Малашенко

Алексей Малашенко

Ал эми орусиялык саясат таануучу, Карнеги корунун Москвадагы кеңсесинин эксперти Алексей Малашенко өзгөчө Кыргызстандын шартында көбүрөөк бийликти эңсөөнүн объективдүү негиздери бар экенин белгилейт:

- Шайлоодо жеңип, президент болгусу келгендер көбүрөөк ыйгарым укукка ээ болууну эңсейт. Андыктан президенттик республиканы сактап же аны алга жылдыруунун объективдүү негиздери бар. Бирок менимче, Кыргызстан тобокелчиликке барып, парламентаризм үчүн күрөштү улантканы туура. Анткени Кыргызстан Борбор Азиянын ушул багытта ийгилик табууга жөндөмдүү жападан жалгыз өлкөсү.

Хандыкты эңсегенде...

Президенттикке аттанган жыйырма чакты талапкердин ичинен негизги оюнчулар деп эсептелген үчөөнүн расмий программаларына көз жүгүртсөк, анын экөөндө Конституцияны өзгөртүү жана президенттин ыйгарым укуктарын кайра кароо жагы ачык айтылган.

Маселен, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров расмий программасында 1993-жылкы “чыныгы элдик” деп атаган Конституцияга кайтууну сунуш кылуу менен президент бир эле учурда өкмөт башчы болуп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик алуусу керектигин белгилейт.

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров

Эл менен жолугушууларында Мадумаров “күчтүү президенттик” бийлик орнотууну, ошол эле учурда парламент да күчтүү болорун, депутаттардын саны кыскара тургандыгын убада кылууда:

- "Өсөөр элге бир башчы, шордуу элге миң башчы". Мына азыр миң башчылардын заманындабыз. Кыргызстанда кандай башкаруу болот? Күчтүү президенттик башкаруу болот. Парламент кандай болот? Ары барса алтымыш же болбосо 45 депутат бизге жетиштүү. Улуттар ассамблеясы бар, алардан бирден өкүл, баары 500 кишиден турган Эл курултайы деген конституциялык институт болушу керек. Эл курултайынын депутаттары бир жылда бир-эки жыйналып, анда өкмөт, Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот отчетун бериши керек.

Талапкер Адахан Мадумаровдун жогоруда айткандары өлкө кайрадан президенттик башкарууга кайтарын каңкуулоодо жана азыркы Конституцияга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат.

Адахан Мадумаровдон айырмаланып, дагы бир талапкер “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев эл менен жолугушууларында Конституцияны өзгөртүү жөнүндө ачык айткан жок, бирок расмий программасынын “Саясий реформалар” деген бөлүгүндө бул маселеге токтолот.

Ташиевдин пикиринде, "Конституциянын президенттин функцияларына тиешелүү айрым жоболорун кайра кароо керек. Мисалы, президент мыйзам чыгаруу демилгесине ээ эмес. Бул коррупция жана криминал менен күрөшүүдөгү олуттуу механизм". Ошондой эле Ташиевдин көз карашында, Баш мыйзамга "президент кайсы мамлекеттик кызматчы болбосун коррупциялык схемаларга жана криминалга тиешеси болсо, карамагындагы мекемеси натыйжасыз иштесе, кызматтан алуу укугу берилгидей өзгөртүү киргизүү зарыл".

Камчыбек Ташиев

Камчыбек Ташиев

Ташиев булардан тышкары президент эки мөөнөткө шайланууга укук алуусун белгилейт. “Бул ага башталган реформаларын аягына чыгаруусу үчүн зарыл, анткени бир дагы президент өзүнөн мурдагынын программалык максаттарын бүтүрбөйт”. Ташиевдин ишениминде, “президенттин бир гана мөөнөткө шайлануусун чектеген норма бир дагы цивилизациялуу өлкөнүн Баш мыйзамында жок”.

Кыргызстандын учурдагы Конституциясы боюнча жаңы президент бир гана мөөнөткө алты жылга гана шайланат.

Конституция жөнүндө түздөн-түз эскерилбегени менен күчтүү президент деген идея талапкер Алмазбек Атамбаевдин да саясий платформасында айтылат. Атамбаев күчтүү президент Жогорку Кеңештеги өз пикирлештерине таянат деп эсептейт.

Нарында шайлоочулар менен жолугушуулардын биринде Алмазбек Атамбаевге Конституцияны өзгөртөсүзбү деген суроо узатылганда, жообу мындай болду:

- Туура көргүлө, Конституция өзгөрөбү-өзгөрбөйбү, кудай буйруса мен күчтүү президент болом. Мени өкмөтү да, парламенти да угат. Укпаса да уктуртам, ачык айтайын. Бирок Конституцияны жыл сайын өзгөртө берсек болбой калат. Экинчиден, өткөн жыйырма жыл - эки өлкө башчысы президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүп койсок хан болуп кетерин көрсөттү.

Үчүнчү ыңкылаптын эпкини

Келечекте президенттин ыйгарым укуктарын айрым позициялар боюнча чыңдоо зарыл деген пикирлерге реформаны жактаган саясатчылар да кошулат.

Алдыдагы шайлоодо талапкер Атамбаевди колдоорун жарыялаган “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев болочок мамлекет башчынын бийлиги үч маселеде күчөтүлүшүнө каршы эместигин белгилейт:

- Биринчиси, коопсуздук жана коргоо маселеси. Экинчиси, тышкы саясат боюнча. Үчүнчүсү, сотторду тандоо жана аларды жөнгө салуу боюнча. Ушул үч багытта президенттин ыйгарым укуктарын мыйзам негизинде кеңейтип, анын жоопкерчилигин жогорулатып койсо болот.

Темир Сариев "Азаттыкка" курган маегинде белгилегендей, президенттин ыйгарым укугунун жогорудагы багыттар боюнча кеңейтилиши биринчи этапта Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү талап кылбайт. Бул жоболорду конституциялык мыйзамдарда жазып коюуга болот.

Алдыдагы шайлоо - калк жеке бийлигин Конституцияны өзгөртүү аркылуу чыңдагысы келген же азыркы Баш мыйзамдагы эле укуктарга каниет кылган талапкерге артыкчылык береби, муну 30-октябрь көрсөтмөкчү.

Ал эми кокус шайлоодо кайсы талапкер жеңгенине карабай өлкөнү кайрадан президенттик башкарууга кайтаруу аракети жасалса, буга ичтен жана тыштан кандай реакция болот? Учурдагы Баш мыйзамдын негизги автору, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

- Эгер Кыргызстандын келечеги оң болот десек, кечээгини унутпашыбыз керек. Акылыбыз ордунда болуп, унутулбаган фактылардан туура жыйынтык чыгаралы. Мен өзгөрүүлөргө каршымын. Эгерде президент болгон адам күчүн, мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, президенттик башкарууну алып келсе, мурунку бийликтен да жаман вариантты алабыз. Мен буга толук ишенем.

Таза президенттик башкарууга кайтуу турмушта реформага эмес карама-каршы натыйжага алып барарын “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев дагы айтат:

- Ал жакшылыкка алып келбейт. Көптөр жаңылышып жатат. Биз күчтүү президент болсо эле жыргап кетебиз дешет. Бизде күчтүү президент болгон. Акевдин да, Бакиевдин да ыйгарым укуктары күчтүү болчу. Бирок жыргабай эле, тескерисинче, бул коомдук кагылышка алып келген.

Жемиштүү тажрыйба

Шайлоочулар күчтүү бийлик менен эффективдүү бийликти ажырата билиши керектигин саясат таануучу Санжар Тажыматов белгилейт:

- Саясий жактан алып караганда, эл менен электорат тартип болсун, белгилүү бир чечим кабыл алынсын деп жатат. Бирок бир чоң өзгөчөлүк бар: күчтүү бийлик менен эффективдүү бийликтин айырмасын эл да, электорат да жакшы түшүнбөй жатат. Талапкерлер элдин маанайына жараша түрдүү ойлорду айтып, ошонун негизинде көбүрөөк добуш алууга аракет кылып жатышат деп эсептейм.

Саясат таануучу Санжар Тажыматов “Азаттыкка” курган маегинде көз карандысыздык жарыялангандан бери жыйырма жыл өткөнүнө карабай өлкө али “демократиялык маданиятты” калыптандыруу жолунда экендигин кошумчалап, президенттик башкарууга кайтуу артка чегинүү дегенди билдирерине токтолду:

- Менимче эгер андай жол менен кетсек үчүнчү ыңкылап болот. Себеби азыркы Конституцияны колдогон күчтөр бар, ал эми жалгыз адамдын бийлиги дагы деле болсо нааразылыкты туудурат. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, ал жакшылыкка алып барбайт. Агартылган авторитаризмди колдогон күчтөр да көп. Агартылган авторитаризм орной турган болсо дагы Кыргызстандагы шартты эске алганда, биз демократиянын абасын жутуп калдык да, эркин сүйлөгөндү, эркин ойду айтканды биздин эл жактырат. Президенттик башкарууга кайрадан кайтсак, бул артка кетүү менен барабар.

Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алганда орус президенти бул өлкөнү кыйроого алып барат деп эскертсе, жакынкы коңшулардын лидерлери жактырган эмес. Орусиялык саясат таануучу, Карнеги корунун Москвадагы эксперти Алексей Малашенко жаңы саясий системанын бир жылы айрым тескери божомолдорду таш каптырганын, Кыргызстандын тажрыйбасы "жемиштүү жана кызыктуу" экендигине, артка кайтуу коңшу бийликтердин чырагына май тамызарына токтолду:

- Практика мурдагы советтик мейкиндиктеги президенттик режим кандай болбосун авторитаризмге алып барарын көрсөтүүдө. Бул жаман. Ал эми коңшуларга президенттик башкаруу көбүрөөк жагымдуу. Себеби көнүмүш нерсе, сүйлөшүүлөр кызматын ондогон жылдардан бери ээлеп отурган лидерлер ортосунда жүрөт. Түшүнүктүүрөөк. Себеби Москвада да, Ташкентте да, башка жерлерде да, эгер президенттик режим келсе, ал авторитардык болорун билишет.

Үмүттөр таш кабат

Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алганда көпчүлүк саясат таануучулар бул тажрыйба оңунан чыкса, өлкө жок дегенде Борбор Азиядагы коңшулары үчүн үлгү болорун айтышкан эле.

Казакстандын жалпы улуттук “Азат” социал-демократтар партиясынын баш катчысы Амиржан Косанов Кыргызстандын карманган багытынан тайышы жогорудагы үмүттөргө сокку урат деп эсептейт:

- Жарты жолдон кайтуунун кереги жок. Биз Кыргызстандагы президенттик шайлоо ачык жана адилет өтөт деп ишенебиз. Элди башкарууга ылайыктуу адам келиши керек. Коңшуларды айтпаганда, Кыргызстан жеринде парламентаризм кандай өнүгөөрүнө бүткүл дүйнө байкоо салууда. Ал Казакстан сыяктуу мамлекеттер үчүн жакшы үлгү болор эле. Андыктан биз Кыргызстандын парламентаризм жолунда өнүгүшүн каалайбыз.

Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алганда Батыш өлкөлөрү, асыресе АКШ кызуу колдогону белгилүү. Вашингтондогу Жорж Мейсон университетинин профессору, Борбор Азия боюнча адис Эрик МакГлинчи кокус Кыргызстанда шайлоодон кийин президенттик башкарууга кайтаруу аракети жасалса, бул өлкөнүн Батыш коомчулугундагы беделине терс таасир берерин, бирок көңүл калтырса да, күтүүсүз болбосун айтат:

- Бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактары ортосунда көбүрөөк тең салмактанганда бул жаңы Кыргызстан болот деген үмүттөр менен Кыргызстан авторитаризмге каршы багытка кадам шилтеди деген оптимизм жаралган. Ушул тапта коңгуроо кагылбаса да, биз Бакиев кулагандан кийин күбө болгон жана либералдаштыруу багытындагы үмүттөндүргөн кадамдар кайра каралып, Кыргызстан соңку жыйырма жылда басып өткөн багытка кайра кайтабы деген тынчсыздануу бар.

30-октябрдагы шайлоонун натыйжасында Кыргызстанда апрель ыңкылабынан кийинки өткөөл мезгил аяктамакчы. Байкоочулар белгилеп жаткандай, бул шайлоонун жыйынтыгы саясий туруктуулук менен өнүгүүгө жол ачабы, же дагы бир өткөөл мезгил менен саясий башаламандыкты алып келеби - бул президенттикке ким шайланаарына көз каранды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG