Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Президент менен фракция жетекчилери референдум маселесин талкуулады


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги фракция жетекчилерин кабыл алып, референдум маселесин талкуулады. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча соңку бир ай ичинде талкуу жүргүзүлдү. Коомдук талкуудан кийин кайсы бир беренелер алынды, кээ бирлери өзгөртүлдү. Эми дагы эки жума талкуу болсун деген чечим кабыл алынды. Маселени фракцияларда дагы карап, өз сунуштарыбызды беребиз.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Оппозиция жана жарандык активисттер бул демилге бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонууда. (NT)

XS
SM
MD
LG