Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Батыш: Сириядагы ок атышуунун токтошу Орусияга көз каранды


24-сентябрда Улуу Британия, Франция, Германия, Италия жана АКШнын тышкы иштер министрлери Нью-Йоркто жолугушкандан кийин Орусия Сириядагы согушту токтотпосо, Москвага карата алардын чыдамы көпкө чейин созула бербесин айтышты. Билдирүүдө гуманитардык жардам алып бараткан унааларды аткыланышы, ок атууну токтотпоо тууралуу ачык билдирүүлөр, Асаддын режиминин химиялык куралы бар деген маалыматты жашырып жатканы Орусияга болгон нааразычылыкты күчөтүп жатат деп айтылат.

Бүгүн БУУнун коопсуздук кеңешинде да бул маселе кайрадан каралып, чукул чараларды көрүү боюнча пландар иштелип чыкмакчы.

АКШ жана Орусиянын арачылыгында иштелип чыккан тынчтык келишими 19-сентябрда гуманитардык кербен аткылангандан кийин күчүн жоготкон. Кайрадан тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрү азырынча ийгиликсиз болууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG