Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Эртең жаңы технология сындан өтөт


Кыргызстанда 4-октябрда боло турган шайлоого карата бүгүн “жымжырттык күнү” өкүм сүрүүдө. Мыйзам боюнча добуш берүүгө бир күн калганда талапкерлер өзүн жарнамалоону токтотот.

Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш бере тургандардын расмий саны 2 миллион 761 миң 297 жаран. Алардын ичинен 19 миң 148и үйүндө ооруп жаткандар, майыптар жана карылар катары эсептелип, берген арызынын негизинде үйдөн добуш берүү укугун алышты. Бүгүнтөн тарта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү биометрикалык маалыматты текшерүүчү адис, укук коргоо кызматкери жана байкоочулар менен бирге алардын үйүн кыдырып, добуш бердирип жатышат.

Мындан тышкары бүгүн өлкө аймагындагы жабык жайларда камалгандар дагы добуш берүү жараянына тартылды. Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан 1500 кишинин ичинен болгону 100 киши гана добуш берүү укугуна ээ. Калгандары паспорту жоктугуна байланыштуу биометрикалык маалымат тапшырбаганы үчүн тизмеге кирген эмес. Жаза аткаруу кызматынан кабарлашкандай, кылмышка шектүүлөр кармалган учурда көбүнүн паспорту жок болуп чыгат.

Ал эми эртеңки шайлоодо өлкө жарандары үчүн 2374 шайлоо участкасы иштейт. Алардын 36сы чет өлкөдө жайгашкан. Орусияда кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү жашаган алты шайлоо участкасы: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск Красноярск жана Владивосток шаарларында уюштурулду. Орусияда расмий 516 миң кыргызстандык жаран иштеп, жашап жүрсө, бул жолку шайлоого алардын болгону 9 миң 375и гана катыша алары белгилүү болду. Булар биометрикалык маалыматын тапшырып, консулдук каттоодон өткөн жарандар. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева кыргыз жарандарынын шайлоого карата пассивдүү маанайын төмөнкү себептер менен түшүндүрдү.

- Негизи биометрикалык маалымат киргизиле электе эле, мурунку шайлоолордо деле ушул эле сандын тегерегиндеги шайлоочулар катышчу. Ал учурда жарандар консулдук каттоодон өтүп, шайлоо укугуна ээ болчу. Бул жолу тизмени алган соң, аны социалдык тармактар аркылуу таратып, “өзүңөрдү тизмеден тактап, шайлоого катышкыла” дедик. Азыр анализдеп карап отурам, “барганда эмне” дегендей кылып, көңүлдөрү жок да. Анан Орусия абдан кең, көпчүлүгү мыйзамсыз жүрөт, туруктуу жашаган жери жок, көпчүлүгү иш менен алек. Алар саясаттан алыс. Анын үстүнө бул жакта партиялар үгүт иштерин деле жүргүзгөн жок. Ага кошумча биздин бирдиктүү теле же радиобуз жок, маалымат жеткирүү кыйын. Сарафан радиосу дегендей, бири-биринен сурап, угуп эле билбесе. Ушул себептер таасир этет го дейм.

Жалпы шайлоо участкаларынын ичинен шайлоо күнү Бишкек шаарында 39, Ош шаарында жети кошумча участкалар иштейт. Аларда буга чейин №2 формасындагы арызды толтурган, өзү катталган жерден башка аймакта болуучу 237 миң жаран добуш берет. Коомчулукта бир эле жаран бир нече ирет ошондой форманы толтуруп, ар кайсы шайлоо участкасына катталып алганы айтылып, бул илгеркидей карусель ыкмасын пайдаланууга жол ачып бербейби деген өңдүү кооптонуулар менен коштолуп келе жатканы маалым.

БШК мүчөсү Жаркын Бапанова шайлоо күнү кайра-кайра добуш берген жарандар дароо эле автоматтык түрдө аныкталып калат деп ишендирди.

- Бир киши беш-алты участкага барып тапшыра албайт. Мурункудай карусель деген болбойт. Бир жаран экинчи бир участкага барса, дароо ал жердеги жабдуудан кызыл түс күйөт. Биздин жарандар бир участкадан бир участкага секиребиз деген жаман ойго берилбесин! Тизмеден эле билинет. Анан өздөрү эле ошол жерден уят болот.

Шайлоо жараянына байкоо салган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова шайлоочулардын паспортун чогултуп алып, ар кайсы участкаларды сагалап жүргөндөр негизинен үгүт жүргүзгөндөр экенин, алар өздөрү жаңы системанын жол-жобосун түшүнбөгөнү аз келгенсип, шайлоочулардын башын айлантып жатканын айтты.

Ошурахунованын пикиринде, биометриканын шайлоодогу жол-жоболору, артыкчылыктары туурасында БШК башында элге жакшы түшүнүк бербегени үчүн ушундай көрүнүштөргө жол берилүүдө.

- Башынан так түшүнүк болбогону үчүн, партияларга иштеп, ар ккимдин паспортун жыйноо менен алек болуп жатат. Шайлоо күнү шайлоочуларды ар кайсы жакка сүйрөйбүз деп жатып, алардын шайлоо укугунан ажыратып алышы мүмкүн. Ошол шайлоочу өзү кайда барып добуш берерин билеби? Ал издеп жүрүп, тапкыча шайлоо убактысы өтүп калышы мүмкүн.

Ошурахунова: Шайлоо күнү түз байланыш телефону иштейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

Аталган уюм шайлоо күнү мыйзам бузууларды каттай турган 1500 байкоочу даярдалганын билдирүүдө. Алар компьютер жардамы менен тандалып алынган 500 шайлоо участогуна байкоо жүргүзөт. Мындан тышкары башка шайлоо участкаларын кыдырып жүрө турган мобилдик топтор түзүлмөкчү. Бейөкмөт уюмдар менен катар эле шайлоо участкаларына ар бир партия өзүнүн бирден байкоочуларын коет.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, бул күнү Кыргызстандагы шайлоого чет мамлекеттен келген 611 байкоочу көз салат.

Шайлоо күнү 9 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздай турган болду. Ар бир шайлоо участкасында экиден жетиге чейин кызматкер тартипти көзөмөлдөйт. Алар биометрикалык жабдыктарды жана шайлоо бюллетендерди да көзөмөлгө алышат. Шайлоо участкалары эртең саат сегизде ачылып, кечки саат сегизде жабылат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG