Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Шайлоо алдында "шагы сынгандар" көбөйдү


Нариман Түлеевдин талапкерлери атайын баракчаларга кол коюшуп, БШКга тапшырууну чечишти, 22-сентябрь 2011-жыл.
Нариман Түлеевдин талапкерлери атайын баракчаларга кол коюшуп, БШКга тапшырууну чечишти, 22-сентябрь 2011-жыл.

22-сентябрда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы айрым талапкерлерди мамлекеттик тил сынагына киргизбей койду. Сынакка катышам деп келген Токтайым Үмөталиева менен Нариман Түлеевдин аракетинен майнап чыкпай, сүйлөшүүлөр кайым айтышуулар менен коштолду.

БШК бул талапкерлерди кол топтоодогу мүчүлүштүктөр үчүн каттоодон баш тарткан эле. Ал арада Түлеевдин жарыштан четтетилишине нааразы болгон ондогон адам БШК имаратынын жанында митинг уюштурушту.

Жарыштан чыккандар сынакка кирбей калышты

Президенттикке талапкерлердин кыргыз тили боюнча бүгүнкү сынагы нааразылыктар менен коштолду. Ак үй имаратындагы атайын залда сынак башталып жатса, сыртта сынакка кире албай калган талапкерлер менен БШК мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышуулар жүрүп жатты.

“7-апрель жаштар кыймылы”саясий партиясынан көрсөтүлүп, БШК каттоодон баш тарткан Нариман Түлеев сынакка киргизүүнү өтүндү:

- Мен комиссиянын мүчөлөрүнөн суранам: мени экзаменге киргизип койгула, сынак тапшырайын. Анан соттун чечими болбой калса, аны көрөлү. Кире берейин сынакка.

Токтайым Үмөталиева
“Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева да тил сынагына кирүүгө аракет кылды, бирок аракеттен майнап чыкпады. Үмөталиева аны өткөрбөө амалы жасалып жатканын дагы бир жолу жар салды:

- Баш мыйзамдын негизинде талапкер үч процедурадан өтмөйүнчө эч ким аны киргизбегенге акысы жок. Мен үч тепкичти өтүшүм керек. Ошондон кийин гана ар бир талапкер боюнча чоң чогулуш болуп, ар бир талапкерге жазуу түрүндө кат берилип, андан кийин гана четтелиши керек. Бул атайын өткөрбөөнүн амалы.

Нааразы тарап митингге чыкты

Ал ортодо Нариман Түлеевдин жарыштан четтетилишине нааразы болгон 200 чамалуу адам Боршайком имаратынын жанына чогулуп келишти. Митингге чыккандардын бири Зейнеп Абдиева:

- Түлеевди кадимки талапкер катары каттоосун талап кылабыз. Экзаменге киргизүүсүн талап кылабыз. Кол тамгалар мыйзамдуу экенин далилдөөсүн суранабыз. Андай болбой турган болсо, БШКнын толук курамын кызматтан кетүүсүн талап кылабыз.

Мындан эки күн мурда Боршайком жетиштүү анык кол топтой алган эмес деген негизде беш талапкерди каттоодон баш тарткан. Алардын ичинен Токтайым Үмөталиева менен Нариман Түлеев 21-сентябрда сотко кайрылышкан. Бүгүн болсо дагы эки талапкер: Улан Сооданбеков менен Калыбек Арабаев да Боршайкомдун чечимин сотко берерин ачыкташты.

БШК: Дооматтар негизсиз

БШК өз дарегине айтылган сын-дооматтарды четке кагып, талапкерлердин каттоодон өтпөй калышында эч кандай саясат жоктугун билдирүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов нааразы тарапка мындай жооп кайтарды:

Жеңиш Акматов тил сынагы учурунда (сыналгыдан)
- 20-сентябрь күнү беш талапкерге каттоодон баш тартуу жөнүндө БШКнын чечими чыккан. Эч кандай соттук органдар ал токтомду жокко чыгара элек. Ошондуктан ал токтом ушул убакта күчүндө турат. Ошондуктан биз аларды бүгүнкү тил сынагына киргизген жокпуз. Эгерде сот кандайдыр бир чечим кабыл алып, биздин токтомду жокко чыгарса, ишемби, жекшемби күндөрү тил комиссиясынын ишин уюштуруп, тил сынагынан өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы түштөн кийинки отурумунда Кубатбек Байболов, Марат Султанов, Темирбек Асанбеков, Роман Оморов, Өмүрбек Суваналиев, Анарбек Калматов жана Шамшыбек Медетбековду расмий түрдө каттоодон өткөрдү. Натыйжада президенттикке анык талапкерлердин саны тогузга жетти.

Буга чейин “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров катталган эле. Ушул тапта каттоодон өтө элек дагы 16 талапкер бар. БШК жума соңуна чейин талапкерлерди каттап бүтүшү керек.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого үгүт иштери 25-сентябрдан тарта башталары кабарланган.

XS
SM
MD
LG