Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан 8-сентябрдан тарта өтө баштайт.

Айрым талапкерлер сынактын шарттары катаал деп нааразы болушса, кээ бир тилчилер бул сынактын тартибин сынга алышууда. БШК 100 миң сом күрөөнү төгүп, кол топтоп келгендер гана мамлекеттик тил сынагына кире аларын эскертүүдө.

Талапкерлер эмне дейт?

Президенттик шайлоого катышууну каалап, БШКга күрөө төккөн талапкерлердин алгачкылары 8-сентябрда кыргыз тили боюнча сынактан өтүшөт. Талапкерлердин бир катары өз күчүнө ишенип жатышса, айрымдары кадимкидей эле даярданып жатышкан экен. Алардын бири шайлоого катышам деп арыз берген Эркин Бөлөкбаев:

- Мугалимдер, илимдин докторлору көп жардам беришүүдө. Аларга бул туурабы, туура эмеспи деп көрсөттүм. Анткени, бирөө айтат “энергетика” деген сөз жок, “энергокубат” дейт деп. Кудай буйурса өтөм.

Мен болсом эч кандай тапшырма бербей туруп жаздырмакмын. Сүйлөгөндө да мобу тема боюнча сүйлө демекмин. Антсе, эч ким даяр эмес, өтпөй калышмак....
Кыргыз тили боюнча сынактын тартиби катаал болгонун айтып, нааразы болгон талапкерлер да бар. Маселен, Арсланбек Малиев “сынакта бештен көп ката кетиргендер өтпөйт” деген жобону абдан эле оор шарт катары сыпаттоодо:

- Билимибиз жакшы эле. Бирок минтип отурса, Кыргыз Республикасынын президентине эмес, республиканын жогорку филологуна сынак өткөрүп жаткандай сезилет.

Күрөө төккөндөр гана сынакка кирет

БШКнын маалыматы боюнча, тил сынагы 24-сентябрга чейин шаршемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү парламенттин имаратында өткөрүлүп, күндүзгү саат 10дон 5ке чейин созулуп турат. Ар күнү бештен талапкерди комиссия сынактан өткөрүп, анын жүрүшү мамлекеттик телеканалдардын биринен көрсөтүлүп турмакчы.

Жеңиш Акматов
Боршайком мүчөсү Жеңиш Акматов 100 миң сомдук күрөнү төлөп, кол топтогондор гана сынакка кире аларын ачыктады:

- Акча төккөндөрдү катарынан эле биз киргизебиз. Тил комиссиясына кагаз кармоо жолу менен киргизилиши керек деген сөздөр чыгып жатыптыр. Мыйзамда андай норма жок. Мыйзамда БШК койгон талап боюнча деп жазылган. Биз күрөөнү төгүп, кол тапшырган кишилерди чекесинен киргизе беребиз.



Сынак үч бөлүктөн турат

Кыргыз тили сынагын тил багытындагы 12 адистен турган комиссия текшерет. Комиссия мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиевдин билдиришинче, талапкерлерге негизинен үч талап боюнча сынактан өтүшөт. Биринчиси - жазуу иштери, экинчиси - сүйлөө, үчүнчү - окуу. Жазуу бөлүгүндө талапкер 30 мүнөттүн ичинде шайлоо алдындагы программасын үч беттен ашпаган өлчөмдө жазып бериши керек. Экинчи бөлүктө талапкер өзүнүн программасынын негизги жоболорун баяндап бериши керек. Үчүнчү бөлүктө билет алуу жолу менен басма тексти окуп берет:

Абдылдажан Акматалиев
- Эми жазуу ишин текшерүүдө анын адабий тилдик нормада аткарылышы, талапкерлердин ой-жүгүртүү жөндөмү эске алынат. Жазуу ишинде беш катага, орфографиялык, пунктуациялык, стилдик жактан жол берилсе, ал иш талапка ылайыксыз деп бааланат. Экинчи талапта, талапкерлердин сүйлөө чеберчилиги, темага ылайык, өзүнүн түшүнүгүн айтканы, сүйлөө маданияты аныкталат. Үчүнчү талап - үч беттен ашпаган басма текстин окуп берет.

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди тил сынагынан өткөрүү эрежесин 2000-жылы Аскар Акаев киргизген. Натыйжада сынактан өтпөгөндөр президенттик жарышка түшө албай калган. Айрым байкоочулар кезегинде бул эрежени Аскар Акаев саясий атаандашы Феликс Куловго каршы киргизгенин белгилеп келишет.

Сынак тартибин сынга алгандар бар

Бир катар адистер талапкерлерди кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерүүгө зарылчылык бар экенин айтышса, айрымдар бул жагдайды саясий инструмент катары сыпаттап келишет. Ал эми Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тилчи, профессору Жумакадыр Дүйшеев азыркы сынактын эреже-тартибин сынга алып жатат:

- Жанагы көркөм окууга күн мурун даярдап, окутуп жатат. Жазууга да күн мурун теманы билдирип коюп, күн мурун үйрөнүп келип жазып жатат. Бул жөн эле формализм. Мен болсом эч кандай тапшырма бербей туруп жаздырмакмын. Сүйлөгөндө да мобу тема боюнча сүйлө демекмин. Антсе, эч ким даяр эмес, өтпөй калышмак.

5-сентябрда БШК шайлоого катышам деп арыз берген 11 жарандын талапкерлигин каттоодон баш тартты. Буга талапкердин шайлоо фондун түзбөгөнү себеп болду. Натыйжада азыркы тапта президенттикке ат салышчу адамдардын саны 67ни түзүп жатат. Соңку маалыматтар боюнча, булардын ичинен жыйырмага жакыны гана 100 миң сомдук күрөөнү төктү. 30-октябрга белгиленген президенттик жарышка ким талапкер катары катталары 24-сентябрда, мамлекеттик тил сынагы аяктаганда белгилүү болмокчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG