Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Кыргызстандын болочок лидери кандай болушу керек? Бул суроо “Азаттыктын” «Арай көз чарай» талкуусунун өзөгүн түздү.


Талкууга талдоочулар Уран Ботобеков, Марат Жаанбаев жана Руслан Ташанов катышты.




“Азаттык”: Кыргызстан 20 жылдык тарыхында төртүнчү президентти шайлаганы турат. Ал ким болору али белгисиз. Марага чыгам деген талапкерлердин саны бүгүнкү күндө 20дан ашык экен. Азыр шайлоочулардын мойнундагы жүк ага жараша оңой болгон жок. Ушулардын ичинен бирөөнү тандап алышы керек. Кыргызстанга кандай президент керек?

Уран Ботобеков: Биринчиден, бүгүн бизде кырдаал тынч эмес деп эсептейм. Аймактык ажырым абдан күчөп кетти. Ушуну биз сөзсүз эске алышыбыз керек. Ушул өңүттөн алганда бизге жалпы улуттун башын кошо турган, улутту консенсуска алып келе турган тарыхый инсан керек.

Марат Жаанбаев: Конституциянын президент жөнүндөгү жобосунда кыргыз жумуруятынын президенти Кыргызстандын жүзү, башкаруучусу болгон адам. Бизге элдин башын бириктире алган адам керек. Пендечиликтен, ич ара, көрөалбастыктан, таарынычтан өйдө турган тарыхый инсан керек.
Тандем түзүү деген конституциялык норма эмес, мыйзамдарда каралган эмес, ошондуктан бир мезгил келгенде тандем түзүүчүлөрдүн ортосунда саясий кызыкчылыктардын ар багытка кеткендигине байланыштуу бул тандемдер кыйроого дуушар болуп атат.

Биз азыр айры жолдо турабыз. 20 жылда бири романтик, бири диктатор президент болду. Азыр президенттин милдетин убактылуу аткарып аткан айым да башка типтеги президент. Ал эми келерки учурга биз татыктуулардын ичинен татыктуусун тандап алышыбыз керек. Эң негизгиси элдин үнү, элдин эрки керек.

Руслан Ташанов: Президент жалпы улутту бириктирген идеяны алып жүрүүчүсү болуш керек. Себеби азыр элибиз аймактык ажырымдан тажап, биримдикти камсыз кылган президентке муктаж деп ойлойм. Учурда биз кандайдыр бир деңгээлде анархияга туш болуп аткан мезгилибиз. Ошондуктан мыйзамды камсыз кылган жана идеяны алып жүрүүчү таза, принципиалдуу президентке муктажбыз деп ойлойм.

Шайлоочунун бейнеси

“Азаттык”: Сиздер айтып аткан идеалдуу президентти тандап алууга бүгүн шайлоочулар даярбы? Шайлоочулар өткөн 4 президенттик шайлоодон сабак алыштыбы? Анын ортосунда президенттер өздөрүнүн шайлап алган, ишенген президенттери өздөрүн актабай калып, анын артынан ыңкылаптар чыккан учурлар болду. Бүгүнкү шайлоочу ким өзү?

Уран Ботобеков: Бүгүнкү шайлоочу биздин коомдо жашап аткан биз, биздин жоро-жолдоштор, туугандар, куда-сөөк. Бүгүнкү күндө 20дан ашык талапкер бар. Бирок коомдук пикирди алып көргөндө азыр эки талапкер жөнүндө гана сөз болуп атат. Ошол эки талапкердин кимисин тандап алат? Ошол эки талапкердин бири кандай айырмачылык менен жеңишке жетишет?

“Азаттык”: Бүгүнкү шайлоочу талапкерлерди кантип тандайт, кантип шайлайт?

Марат Жаанбаев: Биздин азыркы шайлоочулар менен талапкерлер бири-бирине байланыштуу. Кандай талапкер болсо, ошондой шайлоочу болот, бул бири-биринин күзгүсү, деңгээлибиз да ошондой. Талапкерлердин саны көп болгонунан мен чоң позитивди көрүп атам. Демек бизде эркиндик бар. Бул илимий жагынан караганда өнүгүүнүн дарты. Азыркы учурда биз ошондой деңгээлге жеттик.
Бизге элдин башын бириктире алган адам керек. Пендечиликтен, ич ара, көрөалбастыктан, таарынычтан өйдө турган тарыхый инсан керек.

Эң негизги маселе – бийлик таза шайлоо өткөрүп бергени. Экинчи маселе, биздин шайлоочулар талапкерлер сунуштап аткан платформа, программа, алдыга койгон мамлекеттин өнүгүү стратегиясынын негизинде баа берсе эң сонун болмок. Бирок мен ал боюнча күмөнүм чоң. Анткени баягы эле тууган-туушканы, жердешчилик, же кимге акча берсе ошолорду шайлайт. Бирок бул түбөлүк ошондой болот деп айтпайм. Биз 20 жылдын ичинде өнүккөн деңгээлибиз ошого жетти.

Руслан Ташанов: Татыктуу президентти шайлап алуу коомдук аң-сезимге байланыштуу. Ал эми коомдук аң-сезим бир нече категорияга бөлүнөт. Бул – саясий аң-сезим, саясий маданият.

Кыргыз коомчулугун мен бир нече тайпага бөлгүм келет. Биринчиси, калайык катмар эң көп топту түзөт деп ойлойм, булар саясатчылардын сөзүнө карап, алардын артынан ээрчип кетчү катмар. Ушул учурда көзгө басарлык талапкерлерибиз кандай идеяны сунуштайт, ошонун артынан ээрчип кетчүлөр.

Кээ бир талапкерлер аймактык трайболисттик сезимдерди күчөтүү аркылуу добуштарды алууга аракет жасашат. Ушул учурда калың катмар ушундай саясатчылардын артынан ээрчип кетиши мүмкүн. Дагы бир катмар – интеллигенция. Булар өтө аз союзду түзөт. Дагы бир категориясы – прагматикалык кызыкчылыгына карап добуш берүүчүлөр. Булар - мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик кызматка умтулгандар. Булар ким бийликте турса, ошолорго добуш бергендер.
Кандай талапкер болсо, ошондой шайлоочу болот, бул бири-биринин күзгүсү, деңгээлибиз да ошондой.

“Азаттык”: Азыр сиз айткан үч катмар, андан тышкары улутчулдук маанай күчтүү болуп калды, жердешчилик да бар. Ушундай жагдайда шайлоочулардан кандай чечимди күтсө болот? Кайсынысы жеңиши мүмкүн?

Руслан Ташанов: Тилекке каршы моюнга алышыбыз керек. Негизги шайлоочулардын аң-сезими менен манипуляция жасай ала турган талапкерлер жеңишке жетишет деп ойлойм. Бул биринчи катмар. Булардын тандоосу маятник сыяктуу, ары-бери кыймылдап турат, ушуга кайсы талапкер кандай таасир эте алат? Булар улутчулдук, жердешчилик, ар түрдүү адамдардын сезимине таасир эткенге аракет кылышат. Улутчулдар улутчул лозунг менен чыкпайт деп эч ким кепил боло албайт. Албетте биздин талапкерлер муну өзүнүн куралы кылып пайдаланууга аракет жасашат.

Уран Ботобеков: Азыркы президенттик шайлоодо улутчулдук абдан күчөп турган мезгили. Бирок азыркы биздин талапкерлердин арасынан улутчулдукту ураан катары көтөрүп чыккандар аз болобу деп ойлойм. Реалдуулук ушундай болуп турат, биздин талапкерлер бир улутка таянып, жеңишке жетиши абдан кыйын. Алар да прагматик, ошон үчүн улутчулдукту лозунг катары көтөрүшпөйт деп ойлойм.
Президент жалпы улутту бириктирген идеяны алып жүрүүчүсү болуш керек. Себеби азыр элибиз аймактык ажырымдан тажап, биримдикти камсыз кылган президентке муктаж деп ойлойм.

Экинчиден, бизде жердешчилик деген абдан чоң илдет бар. Ким гана жеңбесин алдыда легитимдүүлүк маселеси сөзсүз боло турган нерсе. Жеңген талапкер кыргыз элинин жалпы ой-пикирин ээлеген легитимдүү президент болушун каалайт элем. Легитимдүүлүк дегенде аны президент катары эсептөө эмес, аны чын көңүлдөн биздин президентибиз деп сыймыктануу менен айта турган күчтөр жөнүндө сөз болуп атат. Ошондой процесс болгондо гана улуттук биримдик болот деп ойлойм.

“Азаттык”: Регионалдык кызыкчылык деген маселе ушунчалык кооптубу, ал шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүнбү?

Марат Жаанбаев: Терс жагы көбүрөк. Акыркы 20 жылда жүрүп келген саясаттын кесепети болуп улутчулдук жана регионалдык бөлүнүү чыгып атпайбы. Демек ушул 20 жылдын ичинде бул илдетти жоготуш үчүн туруктуу саясат жүргөн эмес, тескерисинче саясатчылар керектүү учурда элди дүрбөтүп келген, өзгөчө шайлоо учурунда пайданышат. Башка концепцияны сунуш кылгандын ордуна ушул идеяны кошо ала жүрүшкөн. Улутчулдук идея азыр жаштарга таандык. Болочок президенттин шайлоо программасында ушул багыт боюнча так сунушу, же ойлору болуш керек.

Чоң иш майда кадамдан башталат

“Азаттык”: Талапкерлердин программалары элге жетип атканы байкалабы, программаларды элге түшүндүрүү аркылуу жеңишке жетүү аракети барбы?

Уран Ботобеков: Эл күтүп аткан нерсени саясатчылар дайыма популисттик маанайда болсо да сүйлөгүсү келишет, сүйлөп атышат. Талапкерлердин баары улуттук биримдик жөнүндө айтып атышат.

“Азаттык”: “Кыргызстан биримдикте, гүлдөгөн жана туруктуу Кыргызстан, жаш кадрлар өзгөрүүнү алып келет, биримдик бар жерде жеңиш болот, бириксек жеңебиз” деген сыяктуу бири-бирине үндөш чакырыктар болуп атат.
20 жылда бири романтик, бири диктатор президент болду. Азыр президенттин милдетин убактылуу аткарып аткан айым да башка типтеги президент.

Уран Ботобеков: Ошондой лозунгдар тилекке каршы элге сиңбей жатат. Балким элге жеткирүүнүн башка ыкмалары керектир. Биримдик жөнүндө үстүртөн гана сүйлөнүп, бирок реалдуу түрдө баш коштуруу процесси алдыга жылбай жатат, бул лозунг катары гана калып атат.

Руслан Ташанов: Бир дагы талапкер элди бөлөм деп айтпайт. Баары эле кооз сөздөр менен айтышат. Бирок өзөгүндө жасаган жумушун карасак тар чөйрөдө трайболисттик сөздөрүн козгошот.

“Азаттык”: Ушундан кантип чыгып, бир жагынан шайлоонун акыйкат, экинчи жагынан өлкөнүн өнүгүшүн шарттай турган мыкты лидерди тандап алыштын кандай жолдорун сиздер сунуш кылат элеңиздер?

Руслан Ташанов: Биринчи кезекте талапкерден мен конкреттүү майда кадамдарды күтмөкмүн. Чоң нерсе майда кадамдан башталат. Президент болгон болсо адекваттуу, тең салмактуу кадрдык саясат.

Экинчиден, тышкы саясатты дайыма тең салмактуу алып барышыбыз керек. Көпчүлүк жерде саясатчыларыбыз упайды чет өлкөдөн издеп калышты. Бири Батыштан, экинчиси КМШ мамлекеттеринен издеп атат. Биздеги ыңкылаптарга да сырткы күчтөрдүн таасири чоң экени маалым болуп калды. Биринчи кезекте ашыкча космополитизмден арылып, ички биримдикти камсыз кылуу менен биргеликте сырткы оюнчуларга каршы турган президентти күтөт элем.

“Азаттык”: 20 жылга чейинки жердешчилик деген жаман өнөкөт болуп келген. Ушул өнөкөт уланып, ушул механизм иштеп кетпеши үчүн кандай арга керек? Кантип шайлоочунун акыйкат тандап алуусуна шарт түзсө болот?
Кээ бир талапкерлер аймактык трайболисттик сезимдерди күчөтүү аркылуу добуштарды алууга аракет жасашат.

Уран Ботобеков: Биринчиден, акыйкат шайлоону өткөрүү үчүн таза, мамлекеттик бийлик ресурстарын колдонбой тургандай шарт түзүлүш керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Баары үчүн бирдей старттык аянтча түзүлгөн жок.

Бүгүнкү бийликке каршы сүйлөгөндөрдү азыркы президент да бакиевдик режимди кайра калыбына келтирүүнү каалаган саясий күчтөр деген терминди колдонуу менен өздөрүнүн оппоненттерине карата күчтөрүн колдонуп атат. Өлкөнү, мамлекетти бириктиребиз десек баарына бирдей шарт түзүлүш керек. Саясий күчтөрдү, жалпы элди акаевчилер, бакиевчилер деп бөлгөндөн биринчи кезекте жетекчилер алыс болуш керек. Бүгүнкү бийлик да эртең кетет.

Марат Жаанбаев: Биз чоң люстрацияга муктажбыз. Азыркы талапкерлердин арасынан тилекке каршы жаш муундардын көйгөйүн чече ала турган, аң-сезимин түшүнө ала турган талапкерди көрө алган жокмун. Акыркы 20 жылда саясий середе кандай адамдар жүрсө, ошолор эле жүрөт. Биздин өнүгүү жолубуз, саясатыбыз жаңы инсандарга суусап турат. Уруучулуктан, регионализмден алыс болгон жаштар келсе жаңылануу болмок.

Руслан Ташанов: Кыргызстандын эң негизги коркунучу – улуттук биримдиктин жоктугу. Кыргызды талкалай турган бул кыргыздын ич ара бөлүнүүсү. Биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлердин ротациясын мындан ары да күчөтүшүбүз керек. Аймактык ажырым бири-бирибиз менен аралашпай калганыбызда пайда болот. Азыр өлкөнүн бардык чөлкөмдөрүнөн Бишкекке агым чоң. Аймактык ажырым күчөөсүнө сырткы күчтөр да кызыкдар экенин мойнубузга алышыбыз керек. Улуттук биримдикти камсыз кылуу боюнча фонд ачылуусуна биз муктажбыз.

“Азаттык”: Талапкерлер “Жигиттик келишим” дегенди түзгөн экен. Ушул өңдүү талапкерлердин умтулуусу, аракети мыкты талапкерди тандап алууга, шайлоонун акыйкат өтүүсүн шарттай алабы?

Уран Ботобеков: Бакиев менен Куловдун ортосунда жигиттик макулдашуу болгон. Ошондон терс таасир калып калыптыр. Азыр өз ара биригип, чогулуп, "мыйзамсыз иштерге барбайбыз, кара пиарга жол бербейбиз" деп жигиттик сүйлөшүү болсо, бул колдоого аларлык. Бирок мен билгенден бул талапкерлер кайсы бир талапкерге каршы өзүнчө блок түзүп аткандай сезилет.

Руслан Ташанов: Кандайдыр бир деңгээлде карама-каршылыкты төмөндөтүүгө салымын кошот. Бул тандем түзүү деген конституциялык норма эмес, мыйзамдарда каралган эмес, ошондуктан бир мезгил келгенде тандем түзүүчүлөрдүн ортосунда саясий кызыкчылыктардын ар багытка кеткендигине байланыштуу бул тандемдер кыйроого дуушар болуп атат. Бир жактуу айтуу кыйын. Мунун оң жактары да, терс таасирлери да бар.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG