Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Парламент комитети интернет басылмалар шайлоо өнөктүгүндө үгүт иштерине катышууга укуктуу деген тыянагын чыгарды.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы "Массалык маалымат каражаттары тууралуу" мыйзамга таянып, маалымат агенттиктерин быйылкы үгүт иштерин чагылдырчулардын катарынан чыгарган болчу. Бул жагдай маалымат агенттиктеринин жана бир катар медиа уюмдардын нааразылыгын жараткан.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети интернет агенттиктери шайлоо өнөктүгүндө агитациялык иштерди жүргүзүүгө укуктуу деген тыянагын чыгарды.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, үгүт иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, көпчүлүк катышкан иш чаралар, басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен, ошондой эле Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде жүргүзсө болот.

Комитет жетекчисинин орун басары, депутат Эркинбек Алымбековдун айтымында, веб-сайттар менен интернет агенттиктери мыйзамда тыюу салынбаган деген нормаларга туура келет. Ошондой эле Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөгөн веб-сайттар деле келишимдин негизинде үгүт иштерин жүргүзө берсе болот.

- Тигил же бул талапкерди жарнамалап, келишимдин негизинде чагылдыра берүүгө мыйзам тыюу салбайт. БШК бул үч пункттан башкалар катыша албайсыңар деп өздөрүнчө мыйзамга каршы жоболорду киргизүүгө укугу жок. Мисалы, басмаканалар үгүт материалдарын акчага басып берип атат, ошол эле учурда БШКнын каттоосунан өткөн жок. Маалымат агенттиктери, веб-сайттар деле ошондой иштей беришет.

БШК: Комитет эмес, палата жооп берсин

БШК мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, парламент комитетинин мындай тыянагы аларга расмий тапшырылган жок жана азырынча бул маселе карала элек.

Акматов мындай түшүндүрмөнү комитет эмес, ЖК палатасы бериши керектигин кошумчалады.

- Мыйзамда көрсөтүлүп турат. Алар жөнүндө жазылган эмес. 1992-жылы кабыл алынган мыйзамда агенттиктер жок эле. Ошол боюнча эле өзгөрүү кирбей эле келатат. Комитет түшүндүрмөсүндө “жана башкалар” дегенге киргизгиле деп айтылыптыр. Укуктук акт боюнча түшүндүрмөнү комитет эмес, ЖК палатасы бериши керек. Биз анын мыйзам жагын карап көрөбүз.

БШК 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо өнөктүгүндө үгүт иштерин чагылдыруу үчүн жалпысынан 143 массалык маалымат каражаттарын каттап, 11 интернет маалымат агенттигине үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берген эмес.

Мындай жагдайда агенттиктер талапкерди жарнамалаганы үчүн анын шайлоо корунан акча алалбайт. Бирок шайлоо тууралуу маалыматтарды чагылдыра берет. Эгер акча ала турган болсо административдик жазага тартылып, айып пул төлөшү керек болот.

Каттоодон өтпөй калган жергиликтүү маалымат агенттиктери БШКнын мындай чечимин жалпыга маалымдоо каражаттарына жасалчу басымдын башталышы деп баалашкан.

Каттоонун жакшы жактары бар

“Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук уюумунун жетекчиси Татту Мамбеталиева башынан эле юридикалык жактан БШКнын чечими туура эмес болчу дейт.

- Мыйзамда үгүт иштерин башка жолдор менен да жүргүзсө болот деп жазылып турат. Маалымат агенттиктеринин БШКга катталбастан эле үгүт иштерине катышса боло тургандыгы башынан эле каралган. Экинчи маселе, агенттиктердин катталышы - талапкерлердин бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүп жатабы, жокпу жана алар өнөктүк маалындагы баа саясатын кандай жүргүзүп жатышат - ошону аныктоого жакшы болчу.

Буга чейин БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Жогорку Кеңеш маалымат агенттиктерин маалымат каражаты катары мыйзамга киргизсе, анда Боршайком аларды үгүт өнөктүгүнө кошууга даяр экендигин белгилеген.

Алымбековдун айтымында, “Маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам күзүндө талкууга алынып, алымча-кошумча киргизилиши ыктымал.

Кыргызстанда жалпысынан 11 маалымат агенттиги бар. Ал эми интернет колдонуучулардын саны 1 миллиондун тегерегинде экени айтылып келет. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү 25-сентябрда башталат.
XS
SM
MD
LG