Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Четтегилердин көбү добуш бере албай калышы мүмкүн


Москвадагы кыргыз элчилиги.

Москвадагы кыргыз элчилиги.

Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын көпчүлүк жарандары президенттик шайлоодо добуш берүү укугунан пайдалана албай калышы мүмкүн.

Бул тууралуу чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн алдында түзүлгөн аймактык шайлоо комиссиясы маалымат таратты. Ал арада президенттик орун үчүн ат салыша турган жыйырма талапкер катталып, каттоого илинбей калган алты адам соттошо баштады.


Шайлоо участокторунун таңкыстыгы


Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө гана ачылат. Ушуга байланыштуу азыр жыйырма үч өлкөнүн аймагындагы элчиликтер менен консулдуктардын алдында жыйырма тогуз гана шайлоо участкасы ачылды. Шайлоонун алдында консулдук каттоого туруп, добуш берүүнү каалагандардын саны көбөйсө аларды шайлоо комиссиялары тейлеп үлгүрбөй калышы мүмкүн деп түйшөлгөндөр арбын.

Аймактык шайлоо комиссиясынын “Замандаш” партиясынын атынан көрсөтүлгөн мүчөсү Бактыбек Жумагулов чет элдеги көпчүлүк жарандардын добуш бере албай калышы чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн деп кооптонот:

- Мисалы, Москвада консулдук каттоодо турган алты миң шайлоочунун тизмеси бар экен. Бирок ал участокто эртеден кечке 2,5 миң гана шайлоочу добуш берип чыга алат. Калгандары кирип добуш берүүгө каз-катар кезекке турса дагы үлгүрбөйт, алар кайда барат анан? Ошол эле учурда жанагы алты миң адам шайлоого он күн калганга чейин он беш, жыйырма миң болуп көбөйүшү мүмкүн. Себеби биздин консулдук каттоого турбай жүргөн жарандар жанагы талапкерлер иштей баштаганда каттоого туруп тизмеге киришсе, алардын бардыгы каякка барып добуш беришет. Добуш бербей калган шайлоочулар чыр чыгарбайбы?


Электрондук добуш берүү эске келгенде


Чет өлкөлөрдөгү консулдук каттоодо жыйырма төрт миң гана кыргызстандык катталган. Бирок Орусия менен Казакстандын аймагында эле 350 миңден бир миллионго жакын эмгек мигранттары жүрүшкөндүгү айтылып жүрөт. Бирок жаңы мыйзамдын талабына ылайык шайлоо участоктору Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү бар Россиянын үч ири шаарында гана түзүлгөн.

Жакында борбордук шайлоо комиссиясы тышкы иштер министрлигине кошумча шайлоо участокторун ачуу сунушу менен кайрылды. Бирок тышкы иштер министрлигинин алдындагы аймактык шайлоо комиссиясы бул үчүн мыйзамды өзгөртүш керектигин эскертти.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Сактан Кадыралиев кырдаалдан чыгыш үчүн чет өлкөлөрдөгү жарандарга электрондук добуш берүүнү уюштуруш керек деген сунуш менен чыкты:

- Эгерде чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участоктору болсун дей турган болсок, анда мыйзамга ылайык ошол шаарлардын баарында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачышыбыз керек болот. Анын баарына өкүлчүлүк ачканга акча каражаты жетишпейт. Ошондуктан биздин чет элдеги жарандардын добуш берүүсүн камсыздоо үчүн электрондук добуш берүүнү уюштуруш керек болот.


Жыдытуунун жылма жолдорубу?


БШК президенттикке ат салышчулардын күрөө коюп, шайлоо фондун ачышы, топтогон колдору жана мамлекеттик тил сынагынан өтүшүнүн жыйынтыгы боюнча жыйырма талапкерге күбөлүк берди. Аталган тоскоолдуктардан өтө алган жок деген БШКнын чечимине каршы алты адам сотко берип, алардын көпчүлүгү биринчи соттук инстанциядан утуп чыгышты.

Топтолгон жарактуу колунун саны отуз миңге жеткен жок деген себеп менен шайлоодо ат салышуу укугунан ажыраган Токтайым Үмөталиева Биринчи май райондук сотунан утуп чыгышканы менен Жогорку Сот ишти кароону кечеңдетип жатат деп нааразы болду:

- Бул эми бизди убакыттан уттуруп, мөөнөт өтүп кетсин деген аракет болуп жатат. Болбосо биз биринчи соттон утуп чыкканда эле талапкер катары катташ керек болчу. Алар Жогорку Сотко арыз беришип, ал жактан биздин арызды кароону кечеңдетип жатышат. Мына бүгүн дагы арызды ким карайт, сот кайсы күнгө дайындалат али белгисиз бойдон. Ушундан улам, бул сот иши деген бизди атайылап шайлоого катыштырбоо аракети экен деген ойго келдим.

Ошол эле учурда Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев БШКнын Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча арызы 25-сентябрь күнү кечинде гана келип түшкөндүгүн айтып, мыйзам боюнча арыз үч күндүн ичинде карала тургандыгын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG