Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Быйылкы парламенттик шайлоо партиялык тизмелерди түзүүдө негизги ролду акча ойноду деген коомдук пикирди мурдагыдан да бекемдеди. Партиялык тизмеге негизделген шайлоону Кыргызстан быйыл үчүнчү ирет өткөрүп жатканы менен, партиялар шайлоого коротуучу каражатты жана анын булагын ачыктоону талап кылган механизмдер иштелип чыккан эмес. Байкоочулардын баамында, эгер бул маселеге көңүл бурулбаса пропорционалдык шайлоо системасы, ага кошулуп партиялар өзүн-өзү дискредитациялайт. “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө мына ушул маселе талкууланды.

Саясат таануучулар менен саясат иликтөөчүлөр ырастап келатышкандай, акча демократиялык система үчүн деле маанилүү ролду ойнойт. Акча жарандардын саясий партия уюштуруусуна, жаңы лидерлерди окутуп, өстүрүүгө, саясий жана экономикалык программа даярдап, шайлоо жарышына түшүүгө мүмкүндүк бериши керек.

Саясатта акчасы жок атаандаштыкка чыгып алган потенциалдуу талапкерлерден бийликтегилердин артыкчылыгы көп болот, каражаты чакталуу башка партиялардын бийликке келүү мүмкүнчүлүктөрү аябай эле аз болот.

2010-жылы парламенттик демократияны жана пропорционалдык шайлоо системасын референдумда колдогондо кыргызстандыктар акча саясий партиялар иштөөсүнүн зарыл элементине айланарын балким ойлогон деле эмес болуш керек.

Коомчулук ошондой эле анда партиялык тизмедеги орундар орток казанга, тагыраак айтканда, партлидерлерге төгүлгөн акчанын суммасына жараша аныкталарын, саясий партиялар саясий коррупциянын башатына айланарын жана партлидерлерге акчалуулар, акчалууларга партлидерлер керек болуп каларын күткөн эмес.

Кыргызстандагы коррупциянын табиятын иликтеп, президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон Иохан Энгвалл (Johan Engvall) азыр Стокгольмдогу эл аралык мамилелер институтунун кызматкери. Ал “Азаттык” менен маегинде 2010-жылы курулган система шайлоонун кийинки циклына кандай жыйынтыктар менен келгени боюнча айрым байкоолорун бөлүштү:

Иохан Энгвалл Кыргызстандагы коррупциянын деңгээлин иликтеп, президент Атамбаев менен да жолуккан.

Иохан Энгвалл Кыргызстандагы коррупциянын деңгээлин иликтеп, президент Атамбаев менен да жолуккан.

- Парламенттик демократияга өтүүдө силер (кыргызстандыктар) башкарууну оңдоо, коррупцияны азайтуу, мамлекеттин иштеп кетишин жакшыртуу үчүн саясий атаандаштык керек деп ойлогонсуңар да. Менимче, бул мүдөөлөр али чындап ишке аша элек. Ооба, жаңы системанын мурдагыдан артыкчылыктары болду, бийликтеги партиялар ортосунда атаандаштык күчөдү. Мурда коррупциянын тартылуу күчү президенттин үй-бүлөсүнө карай кетип турса, азыр ал четке чыгып, ага бир нече топ тартылып калды. Жаңылбасам, коррупция Кыргызстанда азыр деле системалык көрүнүш. Саясий атаандаштыктын күчөшү азырынча коррупциянын тамырын кырка алган жок. Бул, тескерисинче, коррупция үчүн атаандаштыкты күчөтүп жибергендей болду. Ал эми бул шайлоодо да партиялык тизмедеги орундардын аукциондогудай соодаланышы, бизнес кызыкчылыктардын бийликке, партияларга көп аралаша баштоосу, бирок мында ачык-айкындуулуктун жоктугу силердин проблемаңар.

Саясий партияларды каржылоого байланышкан жаңжалдар шайлоо өнөктүктөрү кызыган кезде Европа өлкөлөрүнүн өзүндө да маал-маалы менен кездеше калып жүрөт.

Бирок Кыргызстандын бутка туруп калган парламенттик демократиялардан айырмасы - Конституциядагы система, партиялык курулуш түптөлө албай жатып эле, саясатчылар жана парламентке умтулгандар аны жаманатты кыла баштаганында.

Бишкектеги кыргыз-орус славян университетинин профессору, конституциялык жана эл аралык укук боюнча адис Бекбосун Бөрүбашевдин ырасташынча, акыркы эки шайлоодо партлидерлер тизме түзүүдө жетекчиликке алган баалуулуктар - Кыргызстандагы парламенттик башкаруу идеясына жана ишке ашырабыз деген максат-милдеттерине, атүгүл партиялардын жүзүнө жабылчу чиркөөгө айланып баратат.

- Парламентаризм деп жатпайлыкпы, туура, парламенттик башкаруу керек. Бирок азыркыдай эмес да. Кыргызстанда парламенттик башкаруу жок. Парламенттик башкарууну киргизиш үчүн эң биринчи кезекте парламенттин өзүн оңдош керек. Парламенттин негизин түзгөн саясий партияларды оңдош керек. Партия деген эмне? Партия деген саясий системаны өнүктүрө турган саясий топ. Биздин партиялар эмне кылышты? Парламенттик башкаруу деп сөз жүзүндө айткан менен, иш жүзүндө олигархтардын башкаруусу болуп калды. Азыркы партлидерлер беш жыл олтурушту да, эмне “Саясий партиялар” жөнүндөгү мыйзамды кайра карашкан жок. Анткени, азыркы мыйзам бийликте отурган саясий партияларга, алардын башчыларына абдан ыңгайлуу. Бул отуруп алып эле, базардагыдай дүкөнүн ачып коюп, кана ким шайлоого барат, ким партиялык тизмеге кирет? Мына биринчи ондукка баланча жүз миң (доллар), экинчи ондукка баланча жүз миң деп соодалашып жатпайбы ачык эле. Парламенттик башкарууну киргизиш Кыргызстан үчүн негизги максат эмес. Кыргызстандагы негизги максат - демократиялык мамлекет куруу. Парламенттик башкарууну демократияны куруунун рычагы катары карашыбыз керек.

Эки ыңкылапка чейин Кыргызстанда бийликтин легитимдүүлүгү маселесине шайлоодо добуштардын бурмаланышы көлөкө түшүрүп келсе, азыр илимде саясий каржы деген аныктама берилген маселеде транспаренттүүлүктүн жоктугу, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму өз баяндамасында жазгандай, парламенттик демократияны ишке ашырабыз дегендер менен бул жараяндын өзүнүн ишенимдүүлүгүнө жана легитимдүүлүгүнө көө жабууда.

Ооба, кагазда же кыргыз мыйзамдарында саясий партиялар шайлоо өнөктүгүнө канча каражат корото алары жана ал каражатты кайсы жолдор менен топтой алары так жана даана жазылган.

Шайлоо мыйзамынын саясий каржы боюнча бөлүмүндө айтылгандарды “Азаттыкка” БШК мүчөсү Гүлнара Батырова мындайча чечмеледи:

- Шайлоо корунун эң жогорку чеги 500 миллион сом. Буга кимдер кандай акча төгө алат? Саясий партиянын тизмесине кирген талапкерлер эң көп дегенде 1,5 миллион сом төгө алат. Саясий партия өзү 100 миллион сомго чейин салганга укуктуу. Жеке адамдар 200 миң сомго чейин, укуктук жактар 3 миллион сомго чейин.

Ушу тапта шайлоого аттанган саясий партиялардын расмий коруна канча акча түшкөнү, канчасы сарпталганы белгилүү. Борбордук шайлоо комиссиясы мына ушул расмий кордогу акчанын гана ары-бери жылышын көзөмөлдөй алат.

Партлидерде катылган сыр

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев “Азаттык” менен маегинде бир да партиянын шайлоого ачык сарптаган акчасы мыйзамда көргөзүлгөндөй 500 миллион сомдук чекке жетпейт, банк аркылуу кеткенге караганда накталай акча көбүрөөк сарпталат деп болжолдоду:

- 500 миллион сомго эч бир партия чыгара албайт, анткени расмий түрдө мынчалык каражатты жумшашпайт. Көмүскө жакка көбүрөөк көңүл бурат. Көмүскө жакка дегеним партиянын лидерлери чогулган акчанын баарын жоготууну каалабайт, өзүнө да бир нерсе алып калгысы келет. Бул бир себеби. Экинчи себеби 500 миллион сомго чейин чыгарганда, чыгаша кылуучу каражаттын булагы табылбай калат да расмий түрдө. Ошондуктан, эң эле жогорку дегенде кээ бир партиялардын расмий кордогу акчасы 200-300 миллион сомго чейин барышы мүмкүн. Көмүскөгө көбүрөөк бурулганы ал жарандарга кете турган акча. Добуш берем, добуш алып берем деген топтор нак акчасыз эч кимиси иштебейт. Мыйзам боюнча негизги агитаторлорго акча бөлүнүш керек. Мурдагы тажрыйбага таянып айтсам, агитаторлор үчүн 800-1000 сом деп эң минималдуу гана сумманы көргөзүп коюшат. Анткени ал акчадан киреше салыгы алынат. Көп көргөзүшсө көп төлөп калгандыктан, ал акчаны мамлекетке эч кимиси бергиси келбейт.

Шайлоо тизмеси түзүлүп жаткан кезде болжолдонгондой, азыркы өнөктүктүн негизги оюнчусу деген 4-5 партияда тизмедеги алдыңкы 40 орун 30 миңден 300 миң долларга чейин чыкты. Эң минималдуу баа деген 30 миң доллар бүгүнкү курс менен 1 миллион 900 миң сомдон ашат.

Бул тизмедеги талапкерлер расмий корго сала турган каражаттын эң жогорку чегинен да көптүк кылат. БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев партлидерлер же казыначылар тизмедегилерден чогулткан каражат эгер расмий корго төгүлсө, кандайча легалдаштырыларын мындайча чечмеледи:

- 200 миң, 300 миң доллар шайлоо коруна салынышы өтө эле көп акча. Менимче, муну жетекчи колуна алат, анан формалдуу түрдө тиешелүү суммасын корго башка жарандардын атынан салат. Калгандары, тилекке каршы, көмүскөдө кала берет. Жарандын атынан салынган акча, тилекке каршы, ал жарандыкы болбой калышы мүмкүн. Легалдаштыруунун жалгыз жолу башка бирөөнүн атынан салуу. Маселен, Феликс Кулов азыркы шайлоого өзүмдүн жеке атымдан 50 миң доллар коштум деп жатат. Бирок талапкер катары Кулов расмий корго 50 миң доллар сала албайт. Бул үч миллион сом. Эгер корго төксө Кулов да башка бирөөнүн атынан же партиянын атынан салат.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев “Азаттык” менен маегинде кошумчалгандай, азыркы шайлоо мыйзамынын саясий каржыны караган бөлүгү партлидерлер үчүн абдан ыңгайлаштырылган. Тизмеге кирген талапкелер төккөн акчанын чыныгы суммасы башкаларга айтылбайт. Ал акча партлидер менен талапкердин ортосунда гана сыр бойдон калат. Бул эки тараптуу мамиледе да партлидер утушка ээ болот. Талапкер тизмеге акча менен кошулган күндө да аны өз атынан легалдаштыргыдай механизм жок. Пропорционалдык шайлоо системасы иш жүзүндө бузулуп, талапкерлер округдарга бөлүнгөнү менен, өздөрүнчө шайлоо корун түзө албайт, өнөктүккө кетүүчү каражатын көмүскө жолдор менен коротот.

Дүйнөлүк тажрыйба

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму жүргүзгөн иликтөөгө караганда, бул уюмга мүчө өнүккөн өлкөлөрдө саясий каржыны тескөөнүн, саясий жараяндын транспаренттүүлүгүн, адилеттүүлүгүн жана чынчылдыгын камсыз кылуунун төрт жолу каралган.

Биринчиси - бул партиялык корлорго жеке жактардан түшкөн акчанын булагын тескеп туруу. Бул чара жарым-жартылай болсо да кыргыз мыйзамдарында каралган. Кыргызстандын партиялары да чет өлкөлөрдөн, аты айтылбаган булактардан, мамлекеттик менчиктеги ишканалардан расмий корго кошумча ала албайт.

Экинчиси - парламентке кирген саясий партияларды бюджеттен каржылоо. Бул Кыргызстанда азырынча жок.

Үчүнчүсү - шайлоого чачылган каражаттын көлөмүн чектөө. Мындай чек расмий кордогу акчасы үчүн кыргыз партияларына да коюлган, бирок көмүскө сарптоолору көзөмөлдөн тыш калат.

Төртүнчүсү - партиялардын жана алардын талапкерлеринин шайлоого чачкан акчасынын булагын ачыкка чыгаруу, партияларды каржылык жактан текшерүү, аларды чыгаша-кирешеси боюнча отчет берүүгө милдеттендирүү. Бул иш да азырынча Кыргызстанда колго алына элек.

Коррупцияны иликтеген “Транспаренси Интернешнл” уюмунун талдоочусу Эндрю МакДевит (Andrew McDevitt) “Азаттык” менен маегинде, мыйзам менен катар аны аткаруу механизмдери каралбаса бул чаралар деле иштебей каларын белгилейт:

Эндрю МакДевит

Эндрю МакДевит

- Биз, мисалы, Балкан чөлкөмүндөгү Сербия, Хорватия, Македония, Косоводогу саясий партиялардын каржыланышын иликтеп чыкканбыз. Иликтөөлөрүбүз бул өлкөлөрдүн баарында маселе бардыгын көргөздү. Эң негизгиси, мыйзамдар жакшы жазылган күндө да, аларды күчкө киргизгидей шарттардын жоктугу. Мисалы, саясий партиялар өздөрүнүн каржылык отчетторун бербей койсо эч кандай жаза, чара колдонулбаганы. Ага катар ошол саясий партиялардын каржысына көзөмөл салуучу мекемеде муну жасагыдай ыйгарым укуктун жоктугу же ал саясий басым астында калганы. Демек, ачык-айкындыкты мыйзамда эле көргөзүп коюу жетишсиз, ал күчтүү көзөмөл механизми менен коштолуусу зарыл.

Европада коррупцияланышкан саясий партиялар деп саналгандардын көрсөткүчүн иликтөөлөр партиялык жемкорлук Скандинав өлкөлөрүндө төмөн экендигин көрсөттү. Бул өлкөлөрдүн өнүгүү модели саясий тең салмактуулукту жана социалдык прогрессти камсыздоонун үлгүсү катары каралып жүрөт.

Швеция

Маселен, социал-демократтар бийлик жүргүзүп келген Швеция эки палатадан бир палаталуу парламентке көчкөндөн кийин оппозицияга жакпаган мыйзамды өткөрбөй коюлса, алардын укугунун сакталышынын кепилдиги катары “азчылык укугунун институту” деген түшүнүк каралган.

Бул өлкөдө саясий партиялардын каржысы кантип тескелерин “Азаттыкка” стокгольмдук иликтөөчү Иохан Энгвалл айтып берди:

Иохан Энгвалл

Иохан Энгвалл

- Швецияда партиялардын каражатын көзөмөлдөөнү талап кылган атайын мыйзам болгон эмес. Мындай маалыматты бөлүшүү партиялар ортосунда ыктыярдуу келишимдин негизинде гана аткарылган иш болчу. Партиялардын мамлекет алдында каржылык отчет берүүсүн караган мыйзам Швецияда былтыр эле кабыл алынды. Партиялардын ыгым-чыгымында ачык-айкындуулуктун жоктугу үчүн Швеция Евробиримдиктин ичинде сынга алынып келингени эсибизде. Эми 2014-жылы кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, партиялар жыл сайын мамлекетке кирешелери, кандайдыр бир активи, мүлкү бар-жогу тууралуу отчет берип турууга милдетүү. Алар Эсеп палатасына отчет берип, маалыматтар атайын интернет сайтта жарыяланып турат. Бизде парламентке кирген партияларды бюджеттен каржылоо 1960-жылдардан тарта эле башталган. Аларга парламенттен алган орундарына жараша мамлекеттен грант берилет. Мисалы ,бир жылга бир орун үчүн орто эсеп менен 40-50 миң доллар ажыратылат. Мындан сырткары парламентке кирген партияларга административдик грант берилет. Административдик грант баарына бирдей өлчөмдө, алган добушуна көз каранды эмес. Швецияда партиялардын негизги каржы булагы ушул. Мүчөлүк акы мамлекет партияларга бюджеттен акча ажыратуу тартибин киргизгенге чейин алардын негизи каржы булагы болчу. Азыр мүчөлүк акыдан чогулган акча партиялардын жалпы каржысынын 1-2% гана түзсө керек.

Польша

Европанын посткоммунисттик өлкөлөрүнөн коррупцияны иликтеген “Транспаренси Интеренешл” уюму саясий каржыны жакшы тескеген өлкөлөрдүн бири катары Польшаны атайт.

Познань шаарында жашаган илимпоз журтташыбыз, былтыр Польшадагы жергиликтүү шайлоого саясий партиялардын биринин атынан талапкер катары катышкан Бакыт Орозбаев төмөнкүлөргө токтолду:

- Польшада шайлоодо накталай акча жумшоо мүмкүн эмес. Байкалып калса ири өлчөмдө айыппул салынат. 37 миллион калкка, парламенттин эки палатасы бириккенде 560 депутат шайланат. Сеймге шайлоодо партиянын шайлоо комитетинин бюджети 30 миллион злотый ( 8-9 миллион доллар). Мындан ашпоосу керек. Партиялык корго болсо жеке адамдар жана партиялык тизмедеги талапкер гана акча сала алат. Укуктук жактардын же фирмалардын акча которуусуна тыюу салынган. Маселен, жеке адамдар партиялык корго эң көп дегенде минималдык айлыктын 25 өлчөмүн же 26 миң злотый (7-7,5 миң ) АКШ долларын төгө алат, талапкерлер болсо 60 миң злотый (15-17 миң) АКШ доллары кошумча кыла алат. Польшада саясий партиялар өкмөттөн да дотация алышат. Шайлоодо 3% көп добуш алган партиялардын баарына бюджеттен дотация берилет. Шайлоо бүткөндөн кийин партиянын шайлоо комитети шайлоо комиссиясы алдында документтердин негизинде отчет берет. Эгер эсеп-кысап документтеринен ката чыкса партияларга айып салынат, мамлекеттик дотациядан куржалак калат. Саясий партиялардын чыгаша-кирешесин Польшанын эң жогорку көзөмөл органы да текшерип турат. Мындан сырткары атаандаш партиялар да бири-бирин көзөмөлдөшөт.

Бакыт Орозбаев “Азаттык” менен маегинде баары бир саясий партиялардын ишине Польшада да нааразылык бардыгын, Сеймге бир адамдын партиялык тизме менен шайлануусуна эң көп дегенде эки мөөнөттүк чек коюу демилгелери көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

Түркия

Кыргызстанга жакын өлкө саналган Түркия коалициялык өкмөт кура албагандыктан акыркы беш ай ичинде экинчи шайлоону өткөргөнү турат. Түрк партиялары кайра-кайра шайлоого каражатты кайдан алат жана буга кандай көзөмөл механизмдери орнотулган?

Биз Стамбулда чыгуучу “Заман” гезитинин саясий баяндамачысы Мустафа Ыйылмаз (Mustafa Edib Yılmaz) менен байланыштык:

Мустафа Ыйылмаз

Мустафа Ыйылмаз

- Бизде 10% босогодон өтүп, парламентке кире алган партияларга бюджеттен акча ажыратылат. Парламенттик шайлоо же жергиликтүү шайлоо болобу алардын өнөктүгү бюджеттин эсебинен каржыланат. Бюджеттен акчаны башкаруучу партия да, оппозициядагы партия да алат. Бирок аларга бөлүнгөн акчанын көлөмүндө айырма бар. Акчанын суммасы тигил же бул саясий партиянын парламенттеги үлүшүнө жараша болот. Саясий партиялар боюнча мыйзамга ылайык алар жеке адамдардан же фирмалардан кошумча ала албайт. Буга толугу менен тыюу салынган. Мунун ордуна саясий партиялар эгер карамагында мүлкү болсо, мисалы, имараты, мейманканасы, ресторан-кафеси болсо аларды ижарага берип, киреше таба алат. Алсак, Түркиянын негизги оппозициялык партиясы – Республикалык-элдик партия өлкөдөгү эң ири банк менен өнөктүштүк мамиледе. Каржылык булактын үчүнчү жолу мүчөлүк акылар. Мисалы, июндагы акыркы шайлоодо бийликтеги АК партиянын мүчөлөрүнөн депутаттыкка талапкер болуш үчүн 10 миңден ашуун адам арыз берди. Арызы катталыш үчүн ар бирине 20 000 миң түрк лирасы же 6 миң АКШ долларынан төгүүгө туура келди. Жыйынтыгында партия 10 миң ашуун адамдын ичинен талапкер кылып 550 кишини гана алды. Саясий партиялардын киреше-чыгашасы үчүн Түркияда көзөмөл механизми каралган. Бирок тилекке каршы, ал азыр кагаз жүзүндө гана калды. Саясий партиялардын каржысын көзөмөлдөөгө Түркиянын эң жогорку аудит мекемеси – Эсеп соту жоопкер. Бирок ал акыркы жылдары өзүнүн ыйгарым укугун аткара албай турат. Саясий партиялардын каржылык операцияларын, өзгөчө башкаруучу партияныкын көзөмөлдөй албай калды. Бул менимче, башкаруучу партиянын бийликтеги гегемондугунун натыйжасы.

Стамбулдук журналист Мустафа Ыйылмаз мыйзам тыюу салганы менен Түркияда ишкерлердин, байлардын саясий партияларга нак акча түрүндө бейрасмий демөөрчүлүк кылуусун жокко чыгарууга болбосун, жаңы саясий партия уюштуруп, майданга чыгуу биринчи өнөктүктө капиталды талап кыларын, бюджеттен акча парламентке киргенден кийин гана ажыратыларын белгиледи.

Парламентке кирген саясий партиялардын бир лидерге, акчага көз карандылыгын азайтуу, партиялык түзүлүштү чыңдоонун бир аргасы катары “Азаттыктын” алдыдагы маектештери айткан бюджеттик каржылоону киргизүү азыр Кыргызстандын шартына туура келбейт. Буга азырынча коом да, бюджет да даяр эмес.

Мындай шартта алардын шайлоо алдында акциясы сатылган акционердик коомго айланып кетпешин көзөмөлдөө аргасы гана калат. “Транспаренси Интернешнл” уюмунун талдоочусу Эндрю МакДевит “Азаттык” менен маегинде тескөө чараларынын иштеп кетишин төмөнкү жагдайларга байланыштырат:

- Ооба, биз “Транпаренси Интернешнл” уюму тескөөнү күчөтүүнү сунуш кылып жүрөбүз, бирок тескөөнүн күчөшү эле бардык суроого жооп бере албайт. Эми күчтүү жарандык коом болсо, жарандардан чынчылдыкка талап болсо саясий партияларды сырттан эле бейформал көзөмөлгө алуу зарылчылыгы жаралат. Демократия иштегенде, эркин медиа партиялардагы мыйзамсыздыктарды казып, чукуй баштаганда жарандар ошондой талапкерлер, партиялар үчүн добуш бербей калса керек. Жалпысынан Батыш Европада тескөө анчалык күчтүү эмес, бирок саясий каржы системасы жакшы эле иштеп жаткандай. Өзү бул өлкөгө дал ушул нерсе ылайыктуу деп айтыш кыйын. Жалпысынан биз саясий партиялардын каржысын тескеген институт – ал шайлоо комиссиясы же башка органбы өкмөттөн мүмкүн болушунча көз карандысыз турушун, эгер аларды саясий партиялар дайындаса кеңири саясий спектурум камтылышын сунуш кылып жүрөбүз. Бул институтта ошондой эле, ыйгарым укугун аткаргыдай мүмкүнчүлүк болуш керек. Саясий партиялар каржы мыйзамдарын бузса, жаза колдоно алгыдай болушу зарыл.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин пикиринде, партиялык тизме боюнча шайлоо системасынын Кыргызстандагы келечеги жаңы парламенттеги депутаттардын сапаттык курамы кандай болоруна көз каранды.

Эгер сапаттык курам азыркы парламенттикинен оңолбой начарласа, коомчулукта мажоритардык же бир мандаттуу округдарга кайтуу идеясы үстөмдүк кыла баштары турган иш:

- Беш жыл мурун бир мандат менен келген киши өз мөөнөтү ичинде депутаттыкты үйрөнүп кетчү. Азыр болсо тизме менен келип алып, жөн эле отуруп кеткендер болду. Муну өткөн беш жылдык тарых көргөздү го, үйрөнгөн да жок эч нерсени. Себеби акчасын төлөп койгон. Кааласа келип, кааласа кетип калып жүрдү го,- дейт Сариев.

Айрым байкоочулардын баамында, пропорционалдык шайлоо системасы иш жүзүндө бузулуп жатса да партлидердин быйыл партиялардын болочоктогу депутаттык курамы тизмедеги орунга эмес, талапкерлер конкреттүү округдан алган добушка жараша аныкталат деген убадасы сапаттык курам жакшыруусуна балким салып кошушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG