Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Талапкердин сүрөтүн ким айрыганы тактала элек


Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаровдун Нарын шаарынын кире беришине илинген жарнамалык чоң сүрөтүн ким айрыганы аныктала элек. Ошол эле мезгилде талапкердин баннерлери өрттөлдү деген маалымат да тастыкталган жок.

Нарын шаарынын көрүнүктүү жерлеринде президенттикке талапкерлердин түрдүү жарнактары, сүрөттөрү илинип турат. Алардын арасында Адахан Мадумаровдун шаардын кире беришинде илинген узуну 17 метр, туурасы 6 мертлик баннерин 2-октябрь түнү айрып кетишкен.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Нарын шаардык штабынын кызматкери Насирдин кызы Элзанын айтымында, жергиликтүү өкүлчүлүк Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылып, бирок муну ким жасаганын аныктай албай жатат:

- Биз эмне болуп айрылганын экспертизадан аныктап бериңиздер деп суранганбыз. Ошол боюнча бүгүнкү күнгө чейин эч кандай маалымат берген жок. Шайлоо комиссиясына билдирүү бергенбиз, алар деле бизге келип, “эмне болду” деп сурап да койгон жок. Эч ким кызыккан жок. Бирок атайын айрылганы көрүнүп турат.

Жергиликтүү ички иштер кызматы партиядан эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн ырастоодо. Нарын шаардык ички иштер кызматынын инспектору Нурманбет Молдакунов:

- Биз райондордон келген билдирүүлөр боюнча министрликке саат төрттө күндө шайлоо боюнча маалымат берип турабыз. Райондордон “плакаттарды өрттөп кетти, айрып кетти” деген эч кандай маалыматтар түшкөн жок. Эгер түшсө айтмакмын.

Айрым байкоочулар Нарында үгүт маалында олуттуу мыйзам бузуулар каттала электигин белгилөөдө. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жергиликтүү өкүлү Адилет Эшенов “баннерлер өрттөлдү” деген сыяктуу имиштер далилденген жок деп билдирди:

- Нарын жергесинде орчундуу мыйзам бузуулар каттала элек. Интернет баракчаларынан Мадумаров болобу, Ташиев болобу, кайсы бир талапкердин үгүт баракчаларын, баннерлерин өрттөп атат деген маалымат кетүүдө. Бирок ошол тууралуу расмий тактоолорду жана фактыны көргөн жокмун.

Ошол эле мезгилде эл арасында “президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн өздөрү күтүүсүз аракеттерди жасап жатат” деген да имиштер тарады.

XS
SM
MD
LG