Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

Кыргызстандагы айрым маалымат агенттиктери жана интернет басылмалар президенттик шайлоонун үгүт ишинен четтетилип калганына нааразы.

Алар БШК чечимин өзгөртүүсүн сунуштап өлкө бийлигине кайрылышты. Ал эми БШК чечимди мыйзамга таянып кабыл алганын айтууда.

“Өгөй бала, өз бала”

БШК "ММК тууралуу" мыйзамга таянып, маалымат агенттиктерин быйылкы үгүт иштерин чагылдырчулардын катарынан чыгарган.

Буга ылайык, шайлоо өнөктүгүндө интернет басылмалар талапкерлердин шайлоо корунан акча алып, аларды жарнамалай албайт. Бирок шайлоо тууралуу маалыматтарды чагылдырууга акысы бар.

Данияр Каримов
Бул чечим маалымат агенттиктеринин каршылыгын жаратууда. Алардын айрымдары мындай чечим сөз эркиндигин жана жарандардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектөө деп баалашууда. “24.kg” маалымат агенттигинин журналисти Данияр Каримов:

- БШКнын бул кадамы жарандардын маалымат алуу укугун, кайсы бир деңгээлде сөз эркиндигин да чектөөдө. Ооба, БШКнын оюнча маалымат агенттиктери сыналгы, радио, же басма сыяктуу маалымдоо каражаты эмес. Бирок мындай кадам тоталдык цензурага карата биринчи кадам болушу мүмкүн. Ушул коркунучтуу болууда.

Журналист мындай кадамга жалпыга маалымдоо каражаттарына жасалчу басымдын башталышы деп баа берди.

"Дос элек коон үзгөндө, айрылдык бозо сүзгөндө"

Кыргызстандын маалымат агенттиктери бардык бийлик бутактарынын иш-чараларына чакырылат жана чагылдырышат. Буга чейинки шайлоолордо да үгүт иштерине кенен-чонон катышып келген.

Алтынай Жуманазарова
Буга байланыштуу К-news маалымат агенттигинин өкүлү Алтынай Жуманазарова "БШК эмне үчүн мыйзамдын ушул жобосун мурда көрмөксөнгө салып келди экен" деп суроо коет.

- Эгер жаңылбасам, бизде "ЖМК тууралуу" мыйзам 1993-жылдан бери өзгөртүлө элек. Ал медиа майданга азыр төп келбей турат. Анткени 93-жылы маалымат агенттиктери мынчалык өнүккөн эмес, Кыргызстанда жокко эсе деле болчу. Андан бери абдан көп нерсе өзгөрдү.

Агенттиктер мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаты катары каралган эмес. Бирок эмне үчүн БШК мурда ага көз жумуп келип эле бул жылы мыйзамга таянып жатат? Эмнеге мурда чара көргөн жок?

Ошентип маалымат агенттиктери өлкө бийликтерине жана БШК жетекчилигине кайрылып, аталган чечимди кайра карап чыгууну сунушташты.

Мындай дооматтарга 26-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов өзү жооп берди. Анда "БШК тууралуу" акыркы кабыл алынган мыйзамда үгүт иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары жүргүзөт деп так жазылгандыктан, бул жолу агенттиктер үгүт жүргүзүүдөн четте калганын айтат.

Ошондой эле агенттик өкүлдөрүнүн БШК сөз эркиндигин, маалымат алуу мүмкүндүгүн чектөөдө деген кинелерин четке какты. Абдраимовдун айтымында, маалымат агенттиктери шайлоо тууралуу кабарларды чагылдыра берсе болот.

- Маалымат агенттиктери каалашынча маалымат бере алышат. Буга эч ким тыюу салган жок. Бирок булар азыр үгүт иштерине катышып акча тапкысы келип жатат. Үгүт иштерине катышкан маалымдоо каражаттарынын өз жоопкерчилиги болушу керек.

Биринчиден, жалпыга маалымдоо каражатына мыйзам түрүндө кирген эмес. Экинчиден, буларда үгүт иштерин бузуп үгүт жүргүзсө да эч кандай жоопкерчилиги жок.


Кыскасы, Боршайком өз чечимин өзгөртпөй турган болду.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзам 1993-жылы кабыл алынып, андан бери бир да жолу өзгөртүүгө дуушар болгон эмес. Анча убакыт ичинде Кыргызстанда интернеттин ролу да, таасири да эбегейсиз өскөнүн эксперттер айтып жүрүшөт.

Эгер Жогорку Кеңеш маалымат агенттиктерин ЖМК деп мыйзамга өзгөртүү киргизсе, анда Боршайком аларды үгүт өнөктүгүнө кошууга даяр экендигин БШК төрагасы Абдраимов кошумчалады.

Тыюу салынбагандын баарына уруксатпы?

Азыркы жагдайда маалымат агенттиктери талапкерди жарнамалаганы үчүн анын шайлоо корунан акча алалбайт. Ала турган болсо административдик жазага тартылып, айып пул төлөйт.

Оксана Филюк
Ошол эле учурда агенттик талапкерден башка жолдор аркылуу каражат ала турган болсо ага эч ким көзөмөл кылбайт. Муну айрым агенттик өкүлдөрү жакшы жагдай катары карап жатышат. “Вести.кж” маалымат сайтынын журналисти Оксана Филюктун ою мындай:

- Азыр бизди жалпыга маалымдоо каражаты катары таанышкан жок. Демек биз "Жалпыга маалымдоо каражаты тууралуу" мыйзамга баш ийбейбиз.

Экинчиден, бизге үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу сала алышпайт. Үгүт иши деп эмнени айтат да, эмнени айтпайт? Бул каерде жазылган? Чынында мен бул жерде бизге жаман жерин көрбөй турам.


Кыргызстанда жалпысынан 11 маалымат агенттиги бар. Ал эми интернет колдонуучулардын саны 1 миллиондун тегерегинде экени айтылып келет. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар да жергиликтүү сайттардан маалымат алып турушат.
XS
SM
MD
LG