Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

30-октярдагы шайлоого көз салган жергиликтүү бейөкмөт уюмдар бул шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу ачык-айкын өтүп, туташ мыйзам бузуулар болгон жок деген тыянакка келишти.

Алар катталган мыйзам бузуулар шайлоо тыянактарына олуттуу таасир бербейт деп эсептешти. Ошол эле мезгилде бул шайлоону Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас шайлоо деп баалагандар да чыгууда.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясы шайлоонун жүрүшүндө өлкөдөгү шайлоо бекеттеринин 43 пайызында ар кандай мүнөздөгү мыйзам бузууларды каттады. Бирок алардын 1 гана пайызы бул мыйзам бузууларды өтө одоно катары санап, шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасирин тийгизбейт деп эсептеди.

Коалиция жетекчиси Динара Ошурахунова мындай тыянак шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коюуга негиз болбойт деп билдирди:

- Жалпысынан караганда бул шайлоо процесси ачык өттү. Парламенттик шайлоо менен салыштырганда добушту сатып алуу аз, дээрлик көп болгон жок. Маалыматтар байкоочулардан түшүп, алар шайлоо ачык өттү деген баа беришти. Бардык протоколдорду көрдүк, алдык. Ошол боюнча бардык проколдорду сайттагы расмий протоколдор менен салыштырган учурда окшош чыгып жатат. Ошондуктан шайлоо жыйынтыгына ишенбөөгө эч кандай негиз жок.

Коалициянын байкоочулары шайлоо жүрүшүндөгү негизги кемчиликтер катары шайлоочулардын тизмесин тактоодогу жана маркерлөөдөгү БШКнын ишиндеги мүчүлүштүктөрүн көрсөтүшүүдө. Алардын маалыматына караганда, өлкөдөгү шайлоо бекеттеринин 65 пайызында шайлоочулар өз ысымдарын таба албаган факттар орун алган.

Байкоочулардын баамында, шайлоодогу эң ири мыйзам бузуу урнага бюллетен салуу аракети болгон.

- Өлкө боюнча 12 добушканада кошумча бюллетендерди урнага салуу боюнча аракеттер болду. Эң чоң мыйзам бузуу ушул болду. Ал боюнча биз акттарды түздүк жана муну БШК караштырышы керек. Эгер булар шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизсе, ал жыйынтыктардын баары жоюлушу керек.

Шайлоого көз салган “Таза шайлоо” ассоциациясы да мындай жүйө менен макул. Алардын ишендиришинче, шайлоодогу башкы мыйзам бузуу катары шайлоочулардын тизмесин түзүүдөгү алешемдиктерди атоого болот. Уюмдун өкүлү Назгүл Оскеленованын айтымында, мындагы эң башкы жоопкерчиликти БШК алышы керек.

- Шайлоо күнкү эң негизги мыйзам бузуу болуп шайлоочулардын тизмеге түшпөй калганы болду. Бул көрүнүш өлкөнүн бардык аймактарына мүнөздүү болууда. БШК шайлоочулар өздөрү түшпөй калган деген негизди беришүүдө. Бирок мындай сөздөр менен алардын жоопкерчилигин алардан алып салууга болбойт.

Байкоочуларды коркуткандар болду

Бул жолку шайлоодо да административдик күч колдонуу менен студенттерди коштоп барып добуш бердирүү окуялары катталганын жергиликтүү байкоочулар билдиришүүдө.

Муну менен катар шайлоонун өтүшүнө көз салган байкоочуларды коркутуу-үркүтүүлөр да арбын болгон. Мындай улам айрым добушканалардан байкоочуларды алып кетүүгө мажбур болушкан.

Бул боюнча “Ойлоном, тандайм, келечегим бар” маалыматтык кампаниясынын уюштуруучуларынын бири Урмат Казакбаев буларга токтолду:

- Бул шайлоодо былтыркы парламенттик шайлоого караганда административдик кысым көбүрөөк болду. Биздин байкоочуларга коркутуу-үркүтүү, кысым көрсөтүү кыйла көп болду. Мисалы, биздин байкоочуну коркутууга байланышкан окуя Шопоков шаарчасында болду.

Жергиликтүү байкоочулар шайлоонун жыйынтыгына доомат аз коюп турганда, коомдук-саясий чөйрөдө саясий өнөктүктү ыплас шайлоо катары баалагандар да бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошеванын билдиришинче, шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун саны абдан эле арбын:

- Эл мага телефон чалып, "биздин укугубуз тебеленди, мындай одоно тебелөө болгон эмес, 20-октябрга чейин барганда тизмеде бар элек, андан соң жок болуп чыктык" деп айтып жатышат. Экинчиден, 200дөн бюллетендерди таштап жатты, жер-жерлерде, айрыкча айыл жергесинде.

30-октябрда өткөн президенттик шайлоого учурда ар тараптуу баа берүү уланып жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG