Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Байкоочулар өз баасын бере баштады


4-октябрдагы шайлоодон бир көрүнүш
4-октябрдагы шайлоодон бир көрүнүш

4-октябрда өткөн шайлоого 600дөн ашык эл аралык, эки миңден ашуун жергиликтүү байкоочу көз салды.

Шайлоодон кийинки күнү байкоочулар добуш берүүнүн жүрүшүнө карата өз бааларын бере баштады.

Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салган Улуттук кеңеш убактылуу түзүлгөн шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар жана түшүнбөстүктөр көп катталганын айтып чыкты.

Улуттук кеңештин төрагасы Турсунбек Акундун бүгүн маалымат жыйында билдиришинче, Ош шаарынын четиндеги айылдардын биринен 240 тургунду ташып келип, убактылуу шайлоо участкасына каттаган факты учурда териштирилүүдө.

Кеңештин төрагасы шайлоо негизинен таза өткөнүн, айрым мыйзам бузуулар жыйынтыкка таасир бере албастыгын белгиледи.

4-октябрь күнкү шайлоого Улуттук кеңештин 150дөй байкоочусу көз салды.

Ал эми “Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекованын белгилешинче, добуш берүү күнү айрым аймактарда техникалар эртең мененки саат 10го чейин иштебей турду. Кээ бирлери иштен чыгып, эски, айнек урналарды колдонгон учурлар катталган. Муну ал операторлордун начар даярдыгы менен байланыштырды.

- Негизгиси бюллетендерди топ-топ кылып салуу фактысы катталган жок. Добуш берүү соңуна чыгар алдында карусель жасоо аракеттери болду, бирок жаңы технология ага бөгөт койду. Муну менен 4-октябрдагы шайлоо таза шайлоонун пайдубалын түптөдү.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салган “Демократия жана жарандык коом коалициясы” бул жолку шайлоодо добуш сатып алуулап көп болгонун билдирди. Коалиция жетекчиси Динара Ошурахунованын айтуусунда, добуш сатып алуулар мурдагы шайлоолорго караганда көп болду.

- Анын баарын далилдөө кыйын, муну тенденция катары айтып жатабыз. Бул жолу саясий партиялар окшош, бири-бирин кайталаганы менен программага көңүл бурушту.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 60% жакыны добуш бергенин кабарлады.

Жогорку Кеңештеги 120 орундуу депутаттык орун үчүн ат салышкан 14 партиянын ичинен жети пайыздык чектен ашып, алтоо парламентке өттү.

XS
SM
MD
LG