Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Ош: ММК БШКга капа


Башат ТВ
Башат ТВ

Ошто бир канча телеканалдар шаар депутаттарын шайлоону чагылдырууга укук албай калганын билдирүүдө.

Алар өнөктүк учурунда жарнамадан түшө турган олуттуу кирешеден кур калганына нааразы. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди өз убагында, толук бербегени үчүн телеканалдар каттоодон өтпөй калганын айтууда.

Ош ТВ телеканалынын директору Сюита Соурбаева аймактагы телеканалдардын себепсиз каттоого алынбай жатканын айтты:

- Шайлоо боюнча токтом чыккандан кийин эле ар бир компания прайс-листтерин гезит беттеринен чыгарыш керек деген талап болгон. Биз чыгарып, бардык документтерди толтурганбыз. Шаардык шайлоо комиссиясынын тизмесинде бар экенбиз. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы бизди эмне үчүн каттабай жатат түшүнүксүз. Кандай негизде өтпөй калдык, эмне болду - эч нерсе белгисиз.

Бул маселе боюнча Ош ТВ, Башат ТВ, 7-канал жана "Керемет" каналдарынын жетекчилери президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошкон. "Бирок андан азыркыга чейин жооп жок" деди Соурбаева:

- Бир эле Ош ТВ эмес, бардык эле телеканалдар өзүн-өзү камсыз кылуу менен жашайт. Жарнамадан сырткары ушундай шайлоо өнөктүк учурларында өзүбүзгө жетиштүү каражат топтоп алабыз. Ансыз кызматкерлердин айлыгын төлөө биз үчүн оор. Башка жагынан алганда үгүт иштери, партиялардын программалары тууралуу жеткиликтүү маалыматтарды шайлоочулар каяктан алышат? Аптасына бир чыккан гезиттер эмнени берип үлгүрөт, жолдо турган банерлер эмнеге жарайт?

Буга чейин маалым болгондой, шаардык кеңешти шайлоо былтыр октябрь айына белгиленгенде ушул эле телеканалдардын баары каттоодон толугу менен өткөн болчу. Бирок шайлоо жылып кетип, кайра дагы документтер талап кылынган. "Башат" телеканалынын коммерциялык директору Александр Ким:

- Негизи биз экинчи жолу талап кылган документтерин деле өз убагында тапшырдык. БШК болгону эфир убактысы жана жарнамалардын баалары тууралуу прайс-листти кеч маалымдап калдыңар деп шылтоо кылып жатат. Азыр бир эле телеканалдар эмес, аймактагы радиолор, газеталардын бардыгы аккредитациядан өтпөй калган. Бир гана "Ош шамы" гезити катталыптыр деп жатышат.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы аймактагы маалымдоо каражаттары мыйзам талап кылган документтерди өз убагында бербей койгону үчүн катталбай калганын ачыктоодо. БШКнын маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү боюнча мыйзамдын негизинде былтыр декабрда президент Алмазбек Атамбаев буйрук чыгарган. Ошого ылайык, жергиликтүү маалымат каражаттары обо убактылары жана таркалуу аянты тууралуу маалыматтарды бизге бериш керек болчу. Бирок андай болбой калды. Ошол себептүү Борбордук шайлоо комиссиясы аларды каттоого албоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Деген менен жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү муну саясий чечим менен байланыштырууда. Сюита Соурбаева:

- Бардык эле телеканалдардын жетекчилери бул иште кандайдыр бир саясий сүртүм барбы деген ойдо болуп жатабыз. Анткени буга чейинки парламенттик шайлоодо, президенттик шайлоодо мындай көйгөй болгон эмес. Анан келип эле жергиликтүү депутаттарды шайлоо аймактагы 18 ММК каттоодон өтпөй калды дегени чынында күмөн жаратат. Эл арасында деле кайсы бир партияларга карата басым болуп жатат го деген ой пайда болуп жатат.

Шаардык кеңешти шайлоо 4-мартка белгиленген. Партиялык тизме менен өтчү өнөктүктө 8 партия ат салышууда. Үгүт иштери мындан бир апта мурунураак башталган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG